Жоодарбешим "Кечир, таарынтсам эгер"
Жанр:Поп
00:03:44
43,53 Мб
Жүктөлгөн: 24-10-2014


Ал мезгил кол жеткис бакыт бак,
Алмашкыс ай менен күндү берсе да.
Арман, ай, кай жакка кеттиң, периштем,
Мен сени таарынттып же алдым беле?

Кайырма:
Сен кечиргин таарынтсам эгер,
Түшүнбөй таарынба бекер,
Өчпөсүн биздин махабат.
Сен кечиргин мени, кечиргин,
Сүйүүмдү кайрып бергиниң,
Жашасын биздин махабат.

Сен үчүн өрт болду, жаным, жалындап,
Сездиңби, билбеймин, аны ардагым.
Күндөрүм күндөргө такыр окшошпой,
Арман, ай, жүрөгүм жаман эзилди.
  • Currently 4.88/5
(8 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (77)

25.10.2014. 00:27
 bekbolot1964
Иним азаматсын.Алдынкы ырчы деп эсептейм.Кино коргондой эле болдум.кыргызстанда деле башкача клип тартса болот тура.Уй булобуз менен сыйлайбыз.Анча мынча катачылык бар клипте айтпай эле койоюн.Жакшы соз жан эргитет осо бер иним.Клиптеги машина менен бандит байкелерин мыкты
25.10.2014. 00:32
 Elcinor
Олтуруп койдунгоо,олтуруп коюп кечирим сураганын жакшы экен.Голосун кайгулуу ырларга жакшы жарашат экен.Анан клипке актер балдарды тандасан болмок,ошол жагы окшошпой калптыр(баланы кыйнаган жери).
25.10.2014. 01:23
 Desmond
Ой придатель ))))
Соонун клип болуртур досум.
Ийгилик дагы жакшы клиптерди тарта бер!!!
25.10.2014. 01:29
 dinooou
Ээээээээээй клиптеги кызды ким тааныйт?
26.10.2014 00:03
Desmond
dinooou, баланы мен тааныйм, кызды сен тааныйсынбы?
25.10.2014. 02:19
 Elaman-kg
Жакшы деле окшобой калыптыр,ошентседа ийгилик сизге.
25.10.2014. 02:21
 Maero
Мен тааныйм! Шу Цида Кытайлык актриса! Тамаша окшошуп кетет экен бир коргондо. Мумкун чындап эле бул кызда актрисадыр!
25.10.2014. 03:30
 meerim94
качан бир ырчыны жакшы деп жазасынар ар дайып жакшы эмес начар дей береинер ! ырын маани берип клипти да корсонор анан билеиер ар бир ырчынын ырында озгочо сыр бар ошол сырларды бизге ыр турундоырдап жатышат! жоодарбешим сага ийгилик унунда сонун клипда супер ! чон чон ийгиликтерге жет
25.10.2014. 03:31
 joodar.kg
азаматсын,сонун клип!
25.10.2014. 04:43
 uylaak
Ширин жигитта ))) Голосуна соз жок АЗАМАТСЫЗ!!! Талант деп ушуну эсептейм .
25.10.2014. 04:57
 meninmekenim
Клип жакшы.чынында клиптеги кыз клиптин коркун ачып коюптур.Красавица.Аягында атып салганы журогумду орутту.Бирок жашоодо копкон адамдарга сабак болуптур.
25.10.2014. 07:46
 aiza.kyrgyzkyz
Молодец иним жакшы баары 555555555555
25.10.2014. 07:49
 meerim8793
Ха ха кызды бешенесине атты элего,анан элп бешенеси таптаза.
25.10.2014 10:32
elkat
meerim8793, жакшылап карасан кызды капталдан атты.Бешене жагында берки балдар отурат го.
25.10.2014 14:39
meerim8793
elkat, каягынан атсада кыз таптаза,кан жок. Андайда кан жайнап калыш керекда.
25.10.2014. 08:58
 Aipri
Тушунгон жокмун чынында клипке, азыр дагы бир жолу коруп анан жазам.
25.10.2014. 09:06
 Aipri
Тушунуксуз клип экен. Кызды эмнеге эле кордоп атты.
25.10.2014. 09:31
 fanatkg
клип мыкты, ырга 100% жарашкан...
25.10.2014. 09:52
 Patrik
Супер
25.10.2014. 11:16
 merez_jurok
Кыйратты
25.10.2014. 11:55
 Nurbek...
жакшы.Ийгилик сага.
25.10.2014. 12:49
 begusia
Таарынтпай эле,олтуруп койдуго:'(:'(:'(
27.10.2014 03:15
4everYoung
begusia, osho da
25.10.2014. 13:36
 Aiaium
клипке тушунбодум
25.10.2014. 15:27
 suiuktuujar
тушунукту эле мага жакты баракелде
27.10.2014 05:37
Mukan89
suiuktuujar, emnesine tuwundun ech maanisi jok go oisondop ele klip bolso boldu Dei berbei owonvho karajat jumshagandan kyiyn jakshy sapattuu klip tartsananr bolboibu,bizde pzu shou biznes jok da eeeeh kalp ele jyltyr jultur bolup jatasynar da uwu
25.10.2014. 15:55
 feruza86
Жодарбешимдин бандит балдардан айырмасы жок экен оло жарашып жатып калыптыр
25.10.2014 16:50
bekbolot1964
feruza86, жакшы аткарыптыр да) суйлошкон кызын байкабай атып алганы жаман болду.башында досторуна тааныштырып койсо андай болбойт болчу
25.10.2014. 17:15
 jasi
Негизинен жакшы тартылган бирок кемчиликтерин коп эле байкадым
Жанагы кыз менен биринчи Жоодарбешим озу суйлошуп отуруп, анан берки шериктери келген сон башына бир нерсени кийгизди элего, аткан сон ачып билген кылып коюптур го, анан чындар Мээрим айткандай кыз таптаза, бир гана оозунан кан кетиптир )
25.10.2014. 17:43
 Aksy-13
мен да биринчи тушунбодум экинчи коргондо анан тушундум сонун клип экен Жоодарбешимдин клиптеринде созсуз бирден кыз же бала олот окшойт ээ.
25.10.2014. 18:34
 Suluwka95kg
ушул талкуу кылып сындатып эле койсо болду баарынарды тооба кичине ошого кеткен эмгекти деле ойлосонор ошол нерсени да бизге тартуулаш учун болгон аракетин кылып жатат го баардык иштен бир жеринде кемчилик болот да ошону деле айта бербей ушакчы кемпирлерге окшоп
28.10.2014 01:14
nur4607
Suluwka95kg, owonu aitsan
25.10.2014. 20:42
 dastan_nookat
Эн сонун клип!!
25.10.2014. 21:25
 bema55
Эк, эмне деген клип? Ыры да, клипи да болбогон. Очкиси эле бир жарашсачы. А продюсери Каниетпи, ким... бул жакка ошол эле отуруп алып мактап коммент таштай берет. Жоодарбешимдин башка клип, ырларын корсонор жалан ушул жактагы эле никтер. Иши кылып товарды пихайтетиш керек.
26.10.2014 00:25
elkat
bema55, сиз Жоодарбешимдин номер биринчи колдогон адамысыз го) Сизди кудай колдосун.Талантты сыйлайбыз бир коментти ойго албай иним мыкты ырларды жаза бер.Мындай адамдардын далайын коросун
26.10.2014 10:05
feruza86
bema55, туптура кошулам
26.10.2014. 01:29
 Giza
Аябай сонун клип да, ыр да супер!
26.10.2014. 02:58
 maks.kg.11
Супер кочурбой жататго эмнеге?
26.10.2014. 04:21
 meerim94
Жоодарбешим Дайырга жазып берген ырынды озун ырдап корсон кандай болор экен ???????????????????????
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: