Гүлжигит Сатыбеков "Көз жаш"
Жанр:Поп
00:05:02
77,02 Мб
Жүктөлгөн: 14-05-2010


Сөзү:Г.Сатибековдуку
Обону:Г.Сатибековдуку

Кат жаздым жан адамга окутпадым,
Болду эми жүрөгүмдү оорутпагын.
Сүйүүдөн көңүл калды, сенден дагы,
Кайрадан күлүмсүрөп жолукпагын.

Кайырма:
Сага да, махабатка таарынамын,
Бактылуу күндөрүмдү сагынамын.
Буулугуп ыйлай бердим өткөндү эстеп,
Бир тамчы көз жашыма арзыбадың.

Мен сага алданыпмын, алданыпмын,
Бал ширин сөздөрүңө арбалыпмын.
Ыйык деп махабатты, сени дагы,
Ишенип бир өзүңө байланыпмын.

Кайырма:
Сага да, махабатка таарынамын,
Бактылуу күндөрүмдү сагынамын.
Буулугуп ыйлай бердим өткөндү эстеп,
Бир тамчы көз жашыма арзыбадың.

Көңүлсүз күндөр өттү, күндөр өттү,
Жүрөктө сага деген сезим өчтү.
Кирпикке жашыра албай тамчыларым,
Каректер жамгыр сымал жашын төктү.
  • Currently 4.64/5
(11 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (73)

17.05.2010. 08:25
 Erkem
ымм жакшы ры аябай бул ыр менен мен почти жарым жылдан бери ооруп журомда,а клибин бугун кордум жакшы клип болуптур,тигиге окшогон балдарды бууп бууп кыйнап олтурсо...
17.05.2010. 11:14
 merish
кыздар ошондуктан абайлаш керек
17.05.2010. 15:24
 akylzirek
Биринчиден ырдын созун дагы, обонун дагы автор озу жазгандыгына маани бериш керек.Себеби азыр обону мыкты болсо, созу атылып кеткен ырлар аябай коп чыгууда.А бул ырдын созу менен обону бири-бирине абдан дал келет.
Экинчиден клиптин тарбиялык мааниси ото жогору.Мындай алып караганда акча учун керек болсо бирин-бири атып аткан бул заманда, мындай таза, аруу, сулуу кыздардын тагдырын талкалоо эмне болуп калыптыр.Карышкырга козуну салып бергендей кеп да.Байлык же мансап табыш учун азыр адамда
17.05.2010. 15:31
 akylzirek
(уландысы)адамдар турдуу маска тагынышат.Бир жагынан кыздарга оздорун токтоо алып журуп,алданып калбай суйууго ойлуу мамиле жасоо керектиги тууралуу сабак берген.
Учунчудон Коз жаш ырында да клибинде да чыныгы кыздын сезими берилген.Жигит болуп туруп мындай нерсени жасоо мактоого арзырлык корунуш.
Жыйынтыгында Гулжигит бугунку кырдаалда кулактын эмес, журоктун ырчысы десем жанылбайм.Бар бол замандашым, алгалай бер!Ырларын кылым ырдалып, кылым жашасын!
19.05.2010. 10:30
 айко
Бул ыр менин темам да! Канча болсо дагы угуп отура берем ойлонуп откон кеткенди эстеп.
19.05.2010. 10:44
 xman
Да... Клип жакшы болуптр и ырлары дагы мазмундуу. Алга
19.05.2010. 15:57
 Happiness
Jakwy tartylyptyr klip....
19.05.2010. 16:40
 Барби
сонун клип болуптур. соз жок
19.05.2010. 22:37
 gulia
да аябай жакшы клип экен
20.05.2010. 13:00
 Айзиля
Ишенген кожом сен болсон... деген ушу тура!
20.05.2010. 23:57
 aipi
жакшы клип ыры да мааниси менен экен мага абдан жакты азаматсын
22.05.2010. 18:27
 MIRULYA
жакшы ыр экен, клиптин манызы жакшы экен, бирок, стилисти жок окшойт, кызды манстрелла кылып коюптур, а так озу татынакай кыз экен...
25.05.2010. 20:39
 Эмо
Сонун экен ыр да,клип да!
26.05.2010. 12:42
 azabraza
!!!как же подло!!!а так норрррррмальный ыр, клип дагы,,,Модератор info түзөттү 26.05.2010 18:17
27.05.2010. 09:56
 MaRmeLaDka
Сонун болуптур.Ушунчалык таасирлендим.Кишини коргондо жиним келип кетти.Чоң кишилер ушинтип жанды кашайтат да.Турмуштан алынгандай.Азамат.
30.05.2010. 13:45
 Жаныш Депп
соз жок клипке +20
01.06.2010. 11:03
 кенжебек
Ыр дагы клип дагы супер супер жана супер
03.06.2010. 16:10
 Tony Ka
Jak6y klip eken, maga jakty.
03.06.2010. 19:56
 Bolo
Абдан жакшы. Коштошуу сыяктуу эле мукамдуу, кайгылуу ыр. Мааниси жакшы экен
04.06.2010. 16:53
 milli
en sonun yr, unu da jakshy Guljigit baykebizdin. Kochuruugo mumkunchuluk bolso jakshy bolot ele.
06.06.2010. 09:56
 Lili
Дагы бир себеп,адамдарга ишеничим азайганына.
06.06.2010. 20:11
 OKEI
yrga5.klip5 un5+
08.06.2010. 01:35
 erma
jakshy yr eken eskini estetken))
08.06.2010. 19:45
 azdek
Ыры ото сонун бирок клип башкачараак болуп калган.Эмне учун катты кыз жазды,бала ыйлады.Болмодогу эпизоддор жаккан жок.Гулжигиттин олтурганы тушунуксуз.Модератор ХАНЗАДА түзөттү 07.02.2011 06:12
20.04.2013 23:30
noeli
azdek, комнатада отурганы бираз орунсуз кошулам сага.
.
08.06.2010. 21:44
 MELIS
жакшы чыгыптыр! чондорго инсап берсин да
10.06.2010. 15:46
 cool Nka
норм
14.06.2010. 17:46
 ryzhak
ыр жакшы экен чын эле, клип деле жакшы тартылган!!! Вот только сюжет нереален! Жашоодо ушундай болобу?! Ушунча убакыт чогуу журуп суйуп деле калсан керек. Мындай болсо дагы аны корсотпош керек да. Логикага туура келбеген сюжет. А так нормально!
15.06.2010. 14:17
 honestbek
Атан кору АКЧАааааа,
Сатып ийгиче озундун бактынды таап алгандырсын...
15.06.2010. 14:18
 honestbek
Озу балдар жаман алдайбыз да акыры кызды сууга отургузуп кете беребиз же калппы?
23.06.2010. 12:08
 venchik
Сюжет жакшы тартылыптыр.Бирок клип профессионально иштелип чыкпай калган, эгер мунун үстүнөн профилер иштесе сонун ачылмак да ыр.
14.06.2014 07:40
ulan.zhoroev
venchik, капа болбогунго . сага айтарым биронунун кемчилдигин издегиче озундун кемчилдигинди бил бирок сени тааныбайм . менин жеке ойум дагы бир жолу кечирим сурайм сенден. бирок ыр да килип да аяабаай сонун чыкан. менин созумо капа болбо карындаш
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: