КЫЗ - БУРАК тобу "Практикант агай"
Жанр:Поп
00:03:13
56,54 Мб
Жүктөлгөн: 23-05-2015


Сөзү:Г.Садыбакасованыкы
Обону:Г.Садыбакасованыкы


Күндөрдүн биринде чочуп, тайсалдап,
Биз окуган класска кирди практикант
Топ кыздар чурулдап, азил сөз чубап,
Кызартып агайды, ар нерсе сурайт.

Кайырма:
Эх, практикант агай чууну салдыңыз,
Кыздардын жүрөгүн ээлеп алдыңыз.
Эх, практикант агай чууну салдыңыз,
Кыздардын жүрөгүн ээлеп алдыңыз.

Төртпү же беш жашпы бизден улуураак,
Сүрдөнүп сөзүнөн улам адашат.
Ансайын шок кыздар сүйгөнүн сурап,
Агайдын шаштысын кетирген убак.

Кайырма:

Жагымдуу сөздөрү, назик күлкүсү,
Дүрбөтүп сезимге салды бүлүктү.
Кыздарды кызганып, балдар күйүктү,
Агайга тийишип араң жүрүштү.
  • Currently 4.27/5
(15 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (61)

23.05.2015. 16:33
 uulay
Бул ырды Айжан Алыкулова жакшы ырдаган эле убагында
23.05.2015. 16:38
 papanstan
Кыз бурактын кыздары дагы алмашканбы?
24.05.2015 10:27
zoro21
papanstan,алмашкан окшойт..үндөрүнө кеп жок. Практикант агай жынсы шым кийип алыптыр,и сакалын алып албай карыган практикант го)))))Практикант агай биринчиден тыкан,жаш,костюм шымды кырын чыгара утуктоп анан мектепке келет!!!!
23.05.2015. 16:42
 kulpun88_kg
cонун
23.05.2015. 16:58
 elirus
Кыздар улам эле алмаша берет экен да.
23.05.2015. 16:59
 Shikarnaya
Кыз бурак тобу оркундой бергиле. Ырдаган ар бир ырынар ырахатуу.
23.05.2015. 17:05
 OLLIGARH
Very good
23.05.2015. 18:07
 kama_future_millioner
жакшы тартылыптыр
23.05.2015. 18:39
 kanykei_ka
Позитивдуу,сонун тартылыптыр.Молодцы!так держать девочки!!!
23.05.2015. 18:56
 belka-zaika
Жакшы тартылыптыр жыргап журушотко секиришип сонун жерде
23.05.2015. 19:56
 Abdyrawit
Сонун... Көптөн бери күтүп жаткан болчум бул клипти
23.05.2015. 20:17
 meerim8793
Сонун мага жакты.
23.05.2015. 21:01
 Angel92
Сонун,ушундай темпте кете бергиле алга
23.05.2015. 21:18
 eliza810
Кудайга шугур коптон бери кутуп аттым эле клипти! Азаматтар соооонннннуууунн болуптур!
23.05.2015. 21:46
 saru
Жакшы клип болуптур.Кыздар бир аз скромныйраак болуп коюшса жарашып эле калмак
23.05.2015. 21:54
 ailam14
Жакшы)))
23.05.2015. 23:00
 suiuktuujar
Жакшы болуптур.
23.05.2015. 23:04
 Serenada
Жакшы чыгыптыр
24.05.2015. 00:20
 aida210896
Сайкал аябай сулуу
24.05.2015. 00:36
 Mariyana
Сайкал красавица, соонун чыгыптыр. Клип жакшы, аракет бар.
24.05.2015. 02:06
 ruslan95
Сиздерге ийгилик
24.05.2015. 02:59
 martaprelmay2015
Кызбурактын кыздары не максатта алмашып жатат тез тез эле тушунбодум,Эми коно тушконундо дагы состав алмашып кетет.Сизге деген ырдагы кызда кайда?Бул ырдагы кыздардын ундору дагы бири бирине анча топ келбейт экен.Сайкал Кызбурактын баркын кетирбей бир состав мн чыккын,мен эле визиттик карточкамын калгандары маанилуу эмес дегенсибей.
24.05.2015. 03:47
 Erniet
Гулшайыр эже эмне эле кыздарды оюнчуктай алмаштырасыз Анан уну ичкерээк келбети келишимдүү таланттуу кыздарды алып чыкпайсызбы Сайкал жалгыз кызбурак боло албайт Клип жакшы аракет бар бирок топтун кыздары туруктуу болбосо кайра мурдагыдай популярдуу болуш кыйын
24.05.2015. 05:38
 aimoon
kyzdarga iigilik. Kyzdardyn bat bat almawkany maga da jaga bergen jok.Bul nerse mn tartip murunkudai kattuu bolboi jatat bilsek bolot.
Klipke kelsek, kyzdar awykcha kerile beriwiptir
24.05.2015. 09:15
 Aipri
Сайкал молодец. Кыз-Бурактын кыздарынын ундоруу уккулуктуу, бир нече ырчыларга салыштырмалуу.
24.05.2015. 10:27
 aikol87
Сайкал красавица.клип сонун чыккан.окучулук кундорду бир эске салды.
24.05.2015. 10:48
 g.jumabekova
Сизге деген ырдагы клиптен бир да кыз жок го. Кечке состав алмаша берсе кантип популярдуу болот. Кыз бурактын денгээли тушту бул чындык. Клипке келсек жакшы тартылыптыр.
24.05.2015. 14:22
 bliznesy
Эх кыз бурактын кыздары сонун болуптур.
24.05.2015. 15:52
 azizka94
Сизге деген ырындагы кыздар жакчу да бул кыздар дагфдагы алмашыптыр го алар каякиа кызык,клип жакшы конул которо турган дагы ийгиликтерди каалайм
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: