КЫЗ - БУРАК тобу "Сен өчпөйсүң сезимден"
Жанр:Поп
00:04:41
59,29 Мб
Жүктөлгөн: 07-07-2015


Сөзү:К. Урманбетовдуку
Обону:Х. Азиреткуловдуку

Айланчыктап сени көргөн кезимден,
Ай-жылдызды карачумун көзүңдөн.
Ал ансайын ала качып карегиң,
Атаганат, ошондогу көз ирмем.

Кайырма:
Жылдар өтөт, жылдыз өчөт,
Жаштык өтөт, жалын өчөт.
Жалгыз гана сен өчпөйсүң сезимден.

Эгер, эркем, чыгарбасаң эсиңден,
Эреркегем эргүү алып өзүңдөн.
Элесимде элесиңе эркелеп,
Эми минтип эт жүрөгүм эзилген.

Кайырма:

Болочоктун бак-таалайы сезилген,
Бото көзүм, бой эргиткен сөзүңдөн.
Боздогонум билсе билер бир гана,
Ботосунан ажыраган боз инген.
  • Currently 4.50/5
(26 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (41)

08.07.2015. 01:27
 operaledi
Клип жакшы тартылган, ыр жакшы. Кыздардын баары Сайкалга окшоп калышыптыр. Анан боёк ашыкча. Бир азыраак боёнушса, бир аз естественныйраак болот эле. В целом всё норма
08.07.2015. 02:30
 nurelle
Ыр сонун.Мазмуну терен,обону уккулуктуу.Аткаруу чеберчиликтери да жакшы. Бир катасы,улгайган адамдар жаш кезегин эскерткенде,ошол учурду тартса болмок.Алар эмес,менин жаш кезимде да сотка,иномарка(тем более япошкалар) жок болчу...
22.07.2016 11:51
Balnyr
nurelle,Туп туура сындапсын кошулам режиссёрдун тажрыйбасы аздыгынан
08.07.2015. 09:13
 Bonia9189
Азаматсынар кыздар жакшы чыгарма и клип дагы сонун болуптур,койнокторунор аябай жакты.
08.07.2015. 09:44
 DikysAkys0519
Кыздарга чыгармачылык ийгилик. Клип абдан жакшы тартылган.
08.07.2015. 12:11
 erkisha
ыр супер... клип окшош башка клиптерге. Жигиттин өзүн жазаласа болмок кызын эмес кызында не күнөө
08.07.2015. 14:21
 Kumina
Аябай мыкты клип болуптур
08.07.2015. 21:23
 suiuktuujar
Эн сонун клип болуптур азаматсынар кыз бурак.
09.07.2015. 08:58
 KYRGYZJERI
Супер Инфо Сайкалдын Кудретов м.н ырдаган "Дарыя" ырынын аудиосун жуктоп койгулачы
09.07.2015 18:35
admin_media
KYRGYZJERI, саламатсызбы! Жакынкы күндөрү порталдан уга аласыз.
09.07.2015. 18:22
 Sexy_88
Иштесе болот экен го ээ. Акыркы учурда клиптер коёндой эле окшош болуп кетти. Азаматсынар, жакшы идеа менен тартылыптыр.
10.07.2015. 00:21
 aikol87
Эн сонун клип.Ырдыда сонун ырдашкан.Азаматсынар.Ийгилик кыз бурак.
10.07.2015. 10:49
 Etka
Класс-с!!!
10.07.2015. 13:02
 abdykadyrova
Сонун! Жакшы клип болуптур!
11.07.2015. 22:39
 fittoniya
Клип жакшы эле экен.Жаны ырларды ырдашса болмок,эски ырларга клип тарта беришпей.
15.07.2015. 13:07
 AFRODITA-89
ушул клипти теледен коруп кийин суперден таппай койгом супер инфо замандан арта калбай дароо киргизсенер жакшы болмок сонун клип экен бир тоого кетип эми коруп атам сиздерден! Негизи чыкканына бир кыйла болду эле! Кыз бурак эми кичине алдыга жыла баштады ушундай иштесенер курамынарды да жоготпой жакшы эле кыздар корунот баары!!!
16.07.2015. 18:15
 chonkurulush
Кыз Бурак десе азыр мен Сайкалды гана элестетем жанындагы кыздардын биринда тааныбайм аларда жок дегенде бирден хит ыр ырдашса жакшы болмок таанымал болуп. Кенже Айжамал Айпери Гулнара эжекелер азаматсынар ушул кыздар Кыз Буракты эн эле туу чокуга жеткирген кыздар
27.07.2015. 04:08
 Maksat81
Клип тартсанар талаага чыгып эле ырдап койгулачы. Ушу да клиппи кыска кино дейин десен жаш кездери 2015 - жылы болгондой туфта
28.07.2015. 20:52
 dastan_nookat
Xit klip bolo turgan eken !!!!
15.08.2015. 10:42
 right-hearted.GI
Клип таасирдуу экен...сонун...ийгилик!)
19.10.2015. 08:19
 dastan_nookat
Ушундай клипти жаман деп айтпаш керек!
29.10.2015. 01:26
 jazka8586
Эн сонун клип болуптур соз жок
04.12.2015. 04:16
 Manaskg.1
Вапше зынк алга Кыз бурактын кыздары. Мааниси Отто соонун ичимдеги ойуп коп бул клипке аябай сонун биринчи орун
11.12.2015. 13:19
 tynych88
килип сонун чыгыптыр океей кыз бурак
12.12.2015. 21:57
 jamal89
сайкал красавица
25.12.2015. 20:00
 zoichka
Сайкал жакшы кыз чындыгында
25.12.2015. 20:01
 zoichka
Супер клип болуптур
19.01.2016. 01:07
 dav312
Кыз бурак тобунун баардык ырлары уккулуктуу клиптери да ырына шайкеш келет бул ырга келсек чындап жакшы жазылган ыр клип да жакшы тартылган бирок кичине кемчиликтер бар ал кемчиликти ыр озу жаап уойот ошондукан бул супер хитке татыктуу
29.09.2016. 13:12
 kulchoro
Эн мыкты, жакты мага
22.12.2016. 14:33
 raykray
Кыз бурак соонун клиптерди тартат, корсон э аласын! Ундоруно соз жок!
16.02.2017. 22:27
 abc123
Сайкал абдан жакшы кыз жана таланттуу кыз. Бар бол. Аман бол. Ийгилик.
20.04.2018. 00:06
 diar_1113
Сонун клип болуптур ыр да аябай сонун экен
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: