КЫЗ - БУРАК тобу "Кош бол"
Жанр:Поп
00:03:32
55,15 Мб
Жүктөлгөн: 12-03-2012


Сөзү:Кундуз Качкынбаева
Обону:Аман Бердибаев

Сүйүү ырын сага ырдай,
Жүрөмүн сени кыйбай.
Жүрөгүм сыздап жашын тыйбай,
Жалгыздык мени кыйнайт.

Бакытым деп сени мен тандап,
Жүрөгүм сага ардак.
Жүрө албадым колуң кармап,
Башканы кеттиң жандап.

Кайырма:
Кош болгун түбөлүк,
Кайрылбай кайда сен кеттиң?
Күтөмүн дайыма,
Өзүңдү самап жүрөмүн.


Келчи эми деп жалынбаймын,
Кеттиң сен, кайрылбадың.
Сезим кыйнап жалындаймын,
Сезбедиң кайгырганым.

Издебегин эми мени,
Сүйүүнүн бүттү чеги.
Унутамын мен да сени,
Убайым тартпа эми.

Кайырма:
  • Currently 4.10/5
(20 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (88)

18.03.2012. 13:22
 anara89
маанизис ыр, озуна келгенди эле оттоп коюшуптур ушуну ыр деп ким айтат анан сайкал кичине арыктасан болор сени коруп мен уялып кетип жатам
20.08.2012 18:14
Bishkek
anara89, ha ha koshulam. yrdyn manici emne jon ele coiloi ele berishiptirgo.caikal ozu kancha jashta klipte uluu korunot let 30-35
18.03.2012. 17:36
 egemberdievagulbara
тушунбодум, тимеле сойлой беришкенго баары еле
18.03.2012. 23:40
 aika-hbk
klipte Saikaldan bawka e4kim dele korunboitgo....))
19.03.2012. 12:55
 aman-88
тиги кызыл койнокчон кыз ким я?))) озунчо эле нежная го. сары койнок кийген кыз жакты! а мейличи ИЙГИЛИК силерге!
07.06.2012 14:31
sparkle
aman-88, кызыл койнокчон Азалия. Мага тааакыр жаккан жок клип. Сайкал озу да жакпайт!!!
21.03.2012. 19:11
 Aygerim_14
Биздин кыргыз кыздар эн сулуу..)Азаматсынар кыздар)
21.03.2012. 21:41
 Аида
Маанилуу ыр чыкса заматта эле ооздон -оозго,телефондон телефонго отуп элдин суймончулугуно ээ болот ал эми бул ыр болсо билбейм ким тушунду ким тушунбоду лично мен кыздардын сырткы келбети менен кыймылына эле карап олтурдум.Мага арнап жооп жазбай эле койгула,ар ким оз оюн жазууга укуктуу.Мен буларды коро албагыдай алардын атаандаштары деле эмесмин.
29.03.2012 12:29
elizz
туура айтасын,кошулам пикирине.
22.03.2012. 07:44
 Jamalym
Жакшы эле экен.Аида Макамбаеванын уну жакшы.
03.04.2012. 14:57
 toktonazarova
коро албастык деген созду унуткулачы ай таза балээ болду го созсуз мактап жазыш керекпи оз ойубузду айтабызда,жакшы ыр болсо Аида айткандай озу эле билинет телефондон телефонго отот,конкурстардан орун алат.Жылдын ыры боло элек,жылдын клиби боло элек,жылдын тобу боло элек анан дагы коро албастык деп коет.Жооп жазып тытып жебей эле койгула эл тараза.Мына ушул..
11.05.2012. 18:07
 chika
ммм кыргыз шоу бизнесинде татыктуу заманбап клиптер менен көрөрмандарды кубантып келе жаткан бирден-бир топ Кыз-Бурак экенин унутпасак..
21.05.2012. 06:28
 Mairambek1990
Вот эти девушки наши мусульманки?(Господи во дворе 21 век,а ты так одета» «««Субхан Аллах скоро судный день,а ты так раздета.
21.05.2012. 06:31
 Mairambek1990
Сайкалга мини юбка жарашса дагы кийбей эле коюш керек эле,но жарашкан эмес конечно.
07.06.2012. 14:33
 sparkle
Айзирегин турмушка чыкты деп жатпады беле. Кайын журту менен отуруп кантип корот экен клибин
03.08.2012. 00:04
 elnaz
Эмнедеген клип такыр жакан жок сайкал айабай толуп кетиптир жаман корунот экен +0
03.08.2012. 01:04
 jonokoijigit
менин алтындай ежекелерим алга
05.08.2012. 04:19
 BarsbekKG
baikush yrdasaa ele bolot eken dep eptep bulda kyiryp jatat da emne kylsyn
14.08.2012. 20:24
 IlyasMasirov
супер клип, сексуалдуу Сайкалдын буттары :)
клипке +5, красочный, но надоедливый)) молодцы
22.08.2012. 17:49
 ORIONSTAR
Клиптин стилине Сайкалдын гана образы жарашыптыр. Калган кыздардын кийими ырдын стилине коошпойт экен. Өзгөчө күлгүн көйнөкчөн кыз бул клипке адашып эле түшүп калгандай.
22.08.2012. 17:50
 Lovely
Ыры дагы, клиби дагы эч жаккан жок. Калп эле жулкулдап бийлей бергенден көрө сюжеттүү клип тартышса болмок экен.
11.09.2012. 12:16
 Gulzat-88
ундору окшошуп кетет.как-будто 2эле адам калган кыздар учунда ырдап берип калганы ошол ундун устунон оозун кыбырап тургандай. Особенно мажурум тал Оштун символу деген ырында.Айзирек бсо клипте жону жок жулунгансыйт бийлегенде,чачынын тусу да жарашпайт.Ал эми Сайкал бсо Серебро группадагы кыздын имиджин туурап алгандай. Баары бир мурдагы кыздар жакшынакай болушчу,ундору,бийлегени,кыскасы баардык жери.
26.09.2012. 17:31
 user1
Кыз Бурактын стили жок. Эротикалык кинолордогу актрисаоалрдай боенуп, кийинип алышат. Ойсоктогондору да ошолордукундай. Кыргыз кыздары былтыйтып сандарынарды корсотпой узун эле кийгилечи. Жарашпайт силерге. Кыска кийген европалык ак соок кыздарга гана жарашат.
26.09.2012. 17:33
 user1
Булар эмне стриптиз корсотуп атышабы?
26.09.2012. 17:39
 user1
Кызга кырк уйдон тыюу деп бекер айтпаптыр кыргыздар. Бош койсо кыздар жыланач болуп чыгышат жакында. Буларды тыйган адам барбы? Ата = энеси коробу бул клиптеги кыздарын? Уят эмеспи кыйшандагандан.
26.09.2012. 17:55
 univer
Элдин жазган оюн окуп,озумдун да оюмду жазып коеюн.Кыскасы артык болобуз деп тыртык болуп алышат.Кыздардан тузулгон топ болгондон кийин назиктик да болуш к.к.Максимум бетке чаптап,минимум денени жаппай.
01.10.2012. 13:05
 bulanbekova
Сыноого эч кимдин акысы жок,кыздар чыгармачыл алар сахнада.
user1 мене univer силер аял алганда хиджап кийинтип отургузуп койаласынарбы ?дегиле кыргыздын бирин бири артка тартмай адаты качан калмак эле. кайран соз.
27.10.2012. 16:21
 ChonAlay07
начар кичине ыйманды эске алышпайбы кочо кыздарына окшобой, силердин тиги кокурогунор менен кочугунордун кимге кереги бар элге жакшы чыгарма жагымдуу ыр керек.
22.11.2012. 01:21
 star3
Kachan sapattuu klip chygaryshat sanyn ele koboito berbei.
29.12.2012. 23:14
 aziato4ka
одни стриптизерши !! кыз бурак мурунку сотавын жоготту
23.01.2013. 14:44
 NADUW
Сайкал меня просто бесят
27.02.2014. 14:39
 jumagul..993
даагыле туурап жатышат да
05.07.2014. 17:35
 LISICHKA
Гулшайыр эжекебиз кайда журот бул кыздардын кейпин карап койбой.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: