Асель Кадырбекова "Роза гүлү"
Жанр:Поп
00:03:54
55,36 Мб
Жүктөлгөн: 25-05-2015


Сөзү:А.Жакшылыковдуку
Обону:Т.Асанакуновдуку

Гүлзар жайнап, таң сүргөндө ачылып,
Жыпар жыты гүлдүн чачылып.
Турган өңдүү мага азыр сезилип,
Махабаттын сыры тартылып.

Кайырма:
Роза гүлү, тартып мени өзүңө,
Айперидей көрүнөсүң көзүмө.
Сүйүп калдым, сүйүп калдым деп айтсам,
Роза гүлү, ишен айткан сөзүмө.

Улам сага сагынычым артылып,
Жан дилимден жакын тартылып.
Роза гүлү, кеткениңди түшүндүм,
Махабатты сенде калтырып.

Кайырма:
  • Currently 4.69/5
(36 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (91)

25.05.2015. 13:04
 ailam14
Сооонун клип болуптур 55555))) Томпойгон бала сонун экен.Азаматсын Асель ийгилик
25.05.2015. 13:33
 Orozbek
ушул ыр мага аябай жагат да озу, Асел жакшы ырдаптырсын
25.05.2015. 13:44
 Нуркыз Курманбек кызы
оооо класссно, браво браво
25.05.2015. 13:50
 marmilantka
Сонун клип болуптур Асел еже дагы да болсо жакшы ырлар менен клиптерди кутобуз. Ийгиликтерди каалайм.
25.05.2015. 14:20
 AFRODITA-89
ушул кыздын боенгону такыр жакпайт женил эле макияж кылса болотго ананда жашнакай койнокторду кийип анан неге желкесинен ачып алат тушунбойм дайым эле желкесинен ылдый тушут. Нурлан каякта болсо ошякта эле жургондой боло берет мага. сонун койнокту сонун кылып эле кийбейби
25.05.2015. 14:36
 AFRODITA-89
клип сонун чыгыптыр чынында кызыктуу экен Кызыл койногу жакты
25.05.2015. 14:56
 Amantur.
Клипке сөз жок! Азамат,Асел!
25.05.2015. 15:03
 kuba1
жакшы +5
25.05.2015. 15:29
 Eli75
Мазмундуу клип болуптур. Ырчы айым да жакшы ырдаган, баары оз ордунда тартылган сапаттуу клип.
26.05.2015 23:36
Decmond
Eli75,Эххх Асель татынакай кызда
25.05.2015. 15:34
 elirus
Клип сонун чыгыптыр. Томпок бала аябай жакты. Асель озу назик, табияттан сулуу кыз. Бирок ал сулуулугун балчайтып бойонуп жоготуп алат. Женил назик макияж менен аябай назик сулуу корунуп калат деп ойлойм.
26.05.2015 14:07
AFRODITA-89
elirus,ошону айта берип тажадым мен да ар дайым комментте жазам макияжы бузуп коет азырак боенсо сулуу болот деп бул кызда деги кулак салбайт экен эл адамы элге да конул буруш керекда, боенбосо кийимсиз жургондой болом дегени бар кийиминин устунон баштап тушуро баштады ал эми боегун азайтпады. Капа болбо Асель туурасын жаздымда
25.05.2015. 15:55
 SULUU-KYZ
jakshy
25.05.2015. 15:59
 SULUU-KYZ
soonun eken.jakty
25.05.2015. 16:08
 aika_sv
Клиптин сенарийи жакшы болуптур. Жакында эле ушул кызгалдактуу талаага барып келдим эле.
25.05.2015. 16:37
 Elika
Абдан сонун!
25.05.2015. 17:00
 kama_future_millioner
Клиптин идеасы жакшы экен сөз жок ийгилик
25.05.2015. 17:09
 dastan_nookat
Жылдын сонун клипби болушун каалайм!
25.05.2015. 18:09
 Erniet
Клиптин идеясы жакты Бирок чыныгы жашоодо да кыздар Семиз балдарды тандашабы же арык бою узундарды эле карайсынарбы кыздар айткылачы?
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: