КЫЗ - БУРАК тобу "Сен өчпөйсүң сезимден"
Жанр:Поп
00:04:41
59,29 Мб
Жүктөлгөн: 07-07-2015


Сөзү:К. Урманбетовдуку
Обону:Х. Азиреткуловдуку

Айланчыктап сени көргөн кезимден,
Ай-жылдызды карачумун көзүңдөн.
Ал ансайын ала качып карегиң,
Атаганат, ошондогу көз ирмем.

Кайырма:
Жылдар өтөт, жылдыз өчөт,
Жаштык өтөт, жалын өчөт.
Жалгыз гана сен өчпөйсүң сезимден.

Эгер, эркем, чыгарбасаң эсиңден,
Эреркегем эргүү алып өзүңдөн.
Элесимде элесиңе эркелеп,
Эми минтип эт жүрөгүм эзилген.

Кайырма:

Болочоктун бак-таалайы сезилген,
Бото көзүм, бой эргиткен сөзүңдөн.
Боздогонум билсе билер бир гана,
Ботосунан ажыраган боз инген.
  • Currently 4.50/5
(26 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (41)

07.07.2015. 12:18
 dastan_nookat
Мааниси терен клип экен !!!
07.07.2015. 12:35
 Arina_kg
Козумо жаш алдым! Мыкты клип экен!!
07.07.2015. 14:00
 karona
жакты жакшы чыгыптыр
07.07.2015. 14:38
 mirana9395
Мыкты клип болуптур.
07.07.2015. 15:19
 arash96
Ото сонун маанилуу клип экен мага жакты кыз бурак сиздерге ийгилик.
07.07.2015. 16:06
 kama_future_millioner
Азаматсынар Кыз Бурак!!!Абдан жакты.
07.07.2015. 17:57
 eldar87
сонун
07.07.2015. 19:32
 lika83
жакшы. бирок ценарий кенеш тобунун бир клибине окшоп калыптыр. кенеш тобунукунда бала баспай калат
07.07.2015. 23:45
 TohaS
Идеясы жакты! Дайыма ийгилик коштосун Кыз Бурак! Кенеш тобуна окшосо да, ырдын мазмуунуна карап тартылыптыр. Кыргыздарга деги бир эч нерсе жакпайт да!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: