КЫЗ - БУРАК тобу "Практикант агай"
Жанр:Поп
00:03:13
56,54 Мб
Жүктөлгөн: 23-05-2015


Сөзү:Г.Садыбакасованыкы
Обону:Г.Садыбакасованыкы


Күндөрдүн биринде чочуп, тайсалдап,
Биз окуган класска кирди практикант
Топ кыздар чурулдап, азил сөз чубап,
Кызартып агайды, ар нерсе сурайт.

Кайырма:
Эх, практикант агай чууну салдыңыз,
Кыздардын жүрөгүн ээлеп алдыңыз.
Эх, практикант агай чууну салдыңыз,
Кыздардын жүрөгүн ээлеп алдыңыз.

Төртпү же беш жашпы бизден улуураак,
Сүрдөнүп сөзүнөн улам адашат.
Ансайын шок кыздар сүйгөнүн сурап,
Агайдын шаштысын кетирген убак.

Кайырма:

Жагымдуу сөздөрү, назик күлкүсү,
Дүрбөтүп сезимге салды бүлүктү.
Кыздарды кызганып, балдар күйүктү,
Агайга тийишип араң жүрүштү.
  • Currently 4.27/5
(15 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (61)

24.05.2015. 17:44
 NADUW
Бул воды суйом го суйом, азаматтар
24.05.2015. 18:08
 avazkg
аябай соонкн клип болуптур.
24.05.2015. 21:23
 guljigit.casper
Жакшы клип болуптур,кыздар бешоо болуп калгангоо
24.05.2015. 22:57
 TohaS
Ооба мен жазылган комментарийлерге кошулам. Алмашкандары улана берсе кыз-бурак таанылбай калат! Клип сонун чыгыптыр
25.05.2015. 02:01
 tima_aiperi
Сайкал не кылып арыктадын диета кармадынбы
25.05.2015. 08:58
 Bat
Клип жакшы бирок кыздардын бат бат алмашканы аябай окунучтуу, чынында Сайкал озу жалгыз Кызбурак боло албайт,кыздарды элге таанытса жакшы болмок алмаштырбай.Озун эле корсотуп журо берет.Мурун Кызбурак дегенде Айжамлды деле Кенжени деле Гулнараны деле элестетчи элек.
25.05.2015. 08:59
 Bat
Азыр баркы тушуп кетти Кызбурактын тушкондо да аябай.
25.05.2015. 09:45
 ainuska00
Кыз бурак болбой эле "токто бурак" коюп алгыла тобунардын атын....Чогуу интервью беришкенде башка кыздар элего...договор менен 1 жылга алып койгула да кыздарды,кетем десе материальная компенсация толойсун деп
25.05.2015. 10:39
 meerim8793
Азалиянын турмушка чыкканын неге жазбайсыңар супер инфо?
25.05.2015 11:08
admin_media
meerim8793, саламатсызбы! Шилтеме: http://www.super.kg/kabar/news/108883/
25.05.2015. 10:45
 mailashka
Кыз-Бурак.... эмнеге кыздарынар баттан алмаша берет.... Бир нукка келип алып анан элдин алдына чыксанар жакшы юолмок.... жон эле баркынарды акчанарды кетире бербей.... Азыркы кыз-бурактын кыздарын элдер 100% тааныбайт...
Ошон учун кыздар главный элдин алдына чыккандан коро туруктуу кыздарды тандап алсанар... Гулшайыр эже айтып калчу эле келишимде мынча жашта турмушка чыгыш керек мынча жыл иштеш керек деп анан бул келишимди аткарышпаса башкача суйлошом деп айтчу эле...
25.05.2015. 11:48
 AFRODITA-89
клип сонун тартылыптыр эн эле корунуктуу сулуусу Сайкал экен андан башкасын билбейм, биринчи ырдаган кыз озбечкага окшошго, кара кофтачан кыз жок элего мурун жаны пайда болгонбу, озу Кыз-Бурактын курамы ай сайын алмашкандай болуп атат эми бироону корсон кийинкиде жок. Договорду катту тузуп тартапти да бекем кармаш керек болуп атат Гулшайыр эжедей кылып. Сайкал бош кармап кыздарды кетирип алат окшойт. Журогум деп бир кызды Сайкал айтып атты элего жакын курбум деп ал кыз кайда кетти? Тушунуксуз...AFRODITA-89 түзөттү 2015-05-25 11:49:50
25.05.2015. 11:53
 AFRODITA-89
Сизге деген клиптеги кыздардын бири да жокго Сайкалдан болок. Кара чач кыз Сайкалдын жакын курбусу эмнеге дароо эле кетип калды, ошол клиптеги бир кыз татынакай болчу жаны эле таанып баштаганда чыкпай алмашып калды деги Сайкалдан сурагылачы админ тиги кыздары кайдан келди? отконкулору кайда? кетти неге? кетти деп! Жаны эле сиздердин гезитиниздерден тааныштырды элего эми буларды деле тааныштырсын же булар да убактылуубу? Азалия, Аида Макамбаевалар сонун иштеди эле!
25.05.2015. 12:41
 Asel-91
Клип жакшы, ошентсе да клиптеги башкы ролду Сайкал ойноп калыптыр, калгандары арткы планда калган. Топ болгондон кийин баары бирдей көрсөтүлүшү керек эле. Сайкал топтун башында туруп жаткандан кийин аларды көмүскөдө калтырбашы керек. Сайкалды ошондой башкаруусу, адилетүүлүгү менен гана эл баалай алат.
25.05.2015. 13:13
 Adilet93
Эх бир убактагы кыз-бурак кандай эле достор аа азыркылар(((
25.05.2015. 16:05
 SULUU-KYZ
soonun
25.05.2015. 17:10
 Kanybek.G
мурдагы кыз бурак тобу мыкты чыккан популярду кыз бурак жок азыр
25.05.2015. 19:26
 upol92
Кыздар алмашып клипти ачпаптыр. Айтурган кана аябай татыктуу чырайлуу кыз болчу. Сизге деген клиптеги кыздарга жетпейт. Ийгилик. Дагы жаны нерселерди кутобуз?
25.05.2015. 19:41
 avazkg
ушул ырдын созун жазып коёсуздарбы
25.05.2015. 19:41
 burulu
maga jakty+5+5
26.05.2015. 00:11
 Kanata
сонун тартылган, кыздар дагы сулуу
26.05.2015. 00:26
 Jamelia
Ой кайран кенжеке ежем менен айжамал
26.05.2015. 00:28
 Jamelia
шордуулар
26.05.2015. 12:04
 Lenara
моладцы кыздар!
26.05.2015. 16:19
 Nazmirjaz
ой тообо кайдагы кыздар келип калган. бирок жакшы клип болуптур ийгилик силерге
28.05.2015. 18:47
 aikow12
Super.kg suranych Ruslan Mamatkulovdun Suibo Meni chygarmasyn juktop koiunuzdarchy
29.05.2015 15:50
admin_media
aikow12, саламатсызбы! Шилтеме: http://www.super.kg/media/useraudio/142365/
29.05.2015. 08:55
 LaDy-GaGa
Супер клип
29.05.2015. 23:06
 Kanata
Ай сулуу кыздар, ызы чуу салдынар. Ай сулуу мага жашып калдынар. Супер клип
31.05.2015. 18:08
 gooool
Сайкал сулушка...
26.08.2015. 20:10
 adina_love
Оой эн сонун
20.03.2016. 10:15
 miss-998
Супер инфо сураныч Кыз бурактын Ах байке ырын таап бериниздерчи
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: