Айымжан "Ак бата"
Жанр:Поп
00:03:16
45,09 Мб
Жүктөлгөн: 19-08-2015


Сөзү:Жолдошбек Мамажановдуку
Обону:Жолдошбек Мамажановдуку

Айрымдарга жагар, мүмкүн, жакпаса,
А мен үчүн ыйык нерсе ак бата.
Кылымдарды келе жаткан карытып,
Неге болбойт жакшы салтты сактаса?

Карап турсаң ак сакалдуу адамды,
Суу куйганда алкап сенин балаңды.
"Өмүрлүү бол, таалайлуу бол, садага,
Эл уулу бол!" деген сөзү жаманбы?

Же ымыркай көз жарганда жаңыдан,
Ата-энеси бата тилейт баарынан.
Неси жаман, келген элдер деп турса:
"Өмүрлүү бол, жүзгө жаша, карыган".

Бакыт тилеп, таалай тилеп, бак тилеп,
"Эл уулу бол!" деген кандай жакшы кеп!
Бул тилектер - адалдыкка чакыруу,
Тилеп жаткан адамдарга ак тилек.

Бул тилектер - дилдердеги тазалык,
Ошондуктан карылардан бата алып.
Кандай сонун болор эле деп ойлоймун,
Кала билсек элдин уулу, кыргыз уулу аталып!
  • Currently 3.74/5
(53 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (36)

19.08.2015. 18:26
 beben
Азамат унун табияттын кооздугундай сулуу .
19.08.2015. 18:43
 karona
Унун сонун, азамат, Айым! Кыргызча суйлогонду уйронуп алсан андан да жакшы болот!
20.08.2015 01:19
Eseke2013
karona, мен да кошулам кыргызча уйронсо жакшы болмок
27.10.2015 01:06
KG_barsbek
karona, Бул кыз деле кыргызча билет, бирок эне-тилди баркташ керек деген тарбиядан куру калышкан. Өз тилинен ардангандар да ушундай абалда тарбияланган. Көп тилди билген эң жакшы, канчалык көп тил билсең, даражаңар да бийик болушу мүмкүн жана ар бир тил да өзүндө бир дүйнө! Анын кемесине түшүп алуу сүзүү да өзгөчө бакыт.
19.08.2015. 18:44
 Moorjanka
Чыныгы талант онорун оркундосун Айыма!Бали унуно
19.08.2015. 19:17
 Elusha88
Айыма Азаматсын.Унун бир керемет.Онорун оркундой берсин.мр 3син кайра кайра угуп журомун.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: