Айымжан "Сүрөөн"
Жанр:Поп
00:04:37
63,66 Мб
Жүктөлгөн: 29-05-2016


Сөзү:Кыялбек Урманбетовдуку
Обону:Эрнест Жоошевдики

Канат берип кайкытып,
Алып учат алыс билимиң.
Жан дүйнөнү жаркытып,
Акылыңдын жандыр билигин.
Жалындасак канчалык,
Жалпы дүйнө тамшанып,
Калкыбыздын көрсүн бийигин!

Кайырма:
Жаралып нурдан,
Жарыгын сунган,
Жылдыздуу элим кыргызым.
Тиленем түтпөй,
Бийиктен түшпөй,
Көкөлөй берсин жылдызың.
Көкөлөй берсин уул-кызың,
Көкөлөй берсин кыргызым.

Жаштар берет жаңы күч,
Желбиретип жеңиш желегин.
Ала-Тоону алып уч,
Эл-жериңе тийсин керегиң.
Жүзүбүздөн кут жанып,
Дүйнө бүтүн суктанып,
Элибиздин билсин тереңин!

Кайырма:
Жаралып нурдан,
Жарыгын сунган,
Жылдыздуу элим кыргызым.
Тиленем түтпөй,
Бийиктен түшпөй,
Көкөлөй берсин жылдызың.
Көкөлөй берсин уул-кызың,
Көкөлөй берсин жылдызың.
  • Currently 4.61/5
(41 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (35)

30.05.2016. 01:22
 Bubuaisha
Азаматсын Айымжан. Маанайды котопуп чарчоону жаза турган ыр экен
30.05.2016. 01:36
 joysin777
патриоттук сезимди козгой турган ыр экен ушундай ырлар кобуроок болсо азаматсын Айыма
30.05.2016. 03:16
 Toha97
Красивая девушка но такие нас не смотрят))
30.05.2016. 09:58
 elli_88
Сооонун клип. Сонун ыр! Азаматсын Айыма биз сени менен сыймыктанабыз!!! чмоки чмоки))))
30.05.2016. 15:46
 lolo.1
Азаматсын Айымка
30.05.2016. 16:32
 Medina..
jakty
30.05.2016. 19:06
 Nurbolot_KG
Суйомго суйом сени Айымжан
30.05.2016. 19:36
 MEDER_KULETOV
Талантын ташкындай берсин баракелде
30.05.2016. 19:52
 Patriot..kg
Азаматсын
Суйомго суйом
30.05.2016. 19:58
 Begimai85
Интервью бергенде дайыма орусча суйлойт,ырды кантип ырдайт тушунбойсун,бул дегеним кыргызча билбесе кантип ырдайт ырдарды.
17.10.2016 13:57
Troodon
Begimai85, мисалы англисче ырдагандын баары эле англисче билеби, же французча?
30.05.2016. 20:36
 Matilda
Музыкасы начар экен,анан да Шакираны кичине болсо да туураптыр.
31.05.2016 09:24
elli_88
Matilda,Айыма мектепти бутуп жатат жапжаш туруп ушундай эмгектерди жаратып жатат журотго жашы бир топко барган ырчылар эптеп септеген ырга мааниси жок клип тартып. колдоп койгондун ордуна ХХХ ХХХМодератор admin_media түзөттү 2016-05-31 10:14:12
31.05.2016 10:14
admin_media
elli_88,
Жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар!
30.05.2016. 21:11
 Blume_gul
Shakirabai ele sopsonun turat, suroon yrlar negizinen okshosh bolot! Azamatsyn Aiymjan! Maanaidy kötörgön yr boluptur!
31.05.2016. 00:46
 Sajakat14
Азамат Айыма! Бышкан ашка сынчы көп боло берет. Жаш кыздын эмгегин мактап көтөрмөлөшүз керек! Шагын сындырбай!!!
31.05.2016. 03:28
 BarsBaatyr
Соонун клип.Айымжанга мындан нары да ийгиликтерди каалайм
31.05.2016. 17:25
 bosmos777
Жакпады !
01.06.2016. 11:11
 sladkaja
Чындыгын айтканда мындай: созу сонун, сурогон жерлери да окшошкон, бирок обону париоттук ырга туура келген эме, анан да аткарылышы кадимки лирика ырындай болуп калган. Айымжан, сен жашсын баары алдыда, талыкпай иштей бер!
01.06.2016. 16:04
 Samchuk
Сонун озгочо клип, ыры да сонун экен.
02.06.2016. 16:23
 Aytur
Сонун!!!
03.06.2016. 11:42
 F.Torres
Жаман эмес клип!
03.06.2016. 22:24
 Gulmirahon
Azamat! Ununo bereke.
05.06.2016. 10:42
 Nur0701
Азаматсын карындаш
05.06.2016. 15:43
 Inna_91
Айымжан негедир жакпайт.ырларыны вопше уккан эмесмин и уккумда келбейт.ыры чыкса след кнопканы басып жиберем.
07.06.2016. 00:21
 talantbektegin
Ыр клип жакшы.клиптеги топту чеберчилик менен ойногон кыз жакты
09.06.2016. 14:00
 Asyl19.09.90
Соооонун ийгилик Айыма
19.08.2016. 22:22
 nurmuhammed.abdibaitov
жакшы аткарыптыр ийгилик ))
13.09.2016. 22:04
 azamat7
Айма азаматсын ырларын жакшы
18.09.2016. 12:19
 aijanasan
Аябай жакшы клип экен азаматсын Айыма
29.09.2016. 15:43
 belka
Создору ото маанилуу,супер.
21.12.2016. 16:56
 AshatMJ89
Клип орто. Бирок ыр футболду сүрөө ырына анчалык коошпойт.
21.12.2016. 17:01
 bela77
Мага клип жакты. Курама команданын футболчулары айрыкча.Бирок мага тескерисинче ыр клипке туура келбегендей сезилип жатат. Ыры кучтуурок болсо клип да коркуно чыгат беле?
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: