Айымжан, Жийдеш "Эки канат"
Жанр:Поп
00:04:03
57,87 Мб
Жүктөлгөн: 04-11-2016


Сөзү:Акбар Кубанычбековдуку
Обону:Андрей Догайдыкы

Канат күүлөп учтук биз уядан,
Кайда болсом дагы жараткандан,
Жакынымды сакта деп суранам.
Жанын сактай жүр,
Жүзүн каптап нур
Барсың асманымдын ачыгына,
Теңдеш бир боорумдун жарымына,
Билем сен жетесиң бакытыңа.
Сен бакытыңа,
Сен бакытыңа.

Кайырма:
Жолукканда күтүп, жанынан шаң тараган,
Сөз түгөнбөй күлүп, сүйлөшүп тажабаган.
Эже-сиңди болуп, ээрчишип биз жүрөлү,
Эң жылуу бул сезим жүрөктү аралаган.

Өчпөй бала кезде эсте калган,
Бакыт ирмемдерин кармай алгам.
Кандай бакыт бизге тең жаралган,
Сырдашканым сен,
Муң жазганым сен.
Жандап кыйын күндү унуттурган,
Далай жакшылыгың билип турам.
Дайым бул достукту бийик тутам,
Бийик тутам мен,
Билип турам мен.

Кайырма:

Сырларымдын эң көбүн,
Жалгыз бир сен билесиң ачып маанай.
Турмуш бизди бөлбөгүн,
Татып, ар дайым, дайым бакыт-таалай.
Бир туугандай
  • Currently 4.73/5
(15 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (38)

05.11.2016. 09:53
 Nur0701
Азаматсыңар. Жөп жөнөкөй кыздар.
05.11.2016. 11:38
 Nurdan1112
Жакшы
05.11.2016. 14:52
 Altysh_Boldush
Аянаны суйомго суйом
05.11.2016. 17:27
 kyrgyz_jigitsh
Кичинекй кыз клиптин коркун ачыптыр эн сонун
05.11.2016. 17:34
 Aima94
Текст жаккан жок. Мааниси жок. Клип сонун
05.11.2016. 20:18
 bosmos777
Азаматсынар! Жакшы ! Алга!
05.11.2016. 20:40
 Zvezda.KGKG
Айымжандын голосу бар бирок, мен ырдаганды койуп кыргызча уйрон дейт елем. Сен кыргызчаны билбей туруп кыргызча ырдаганынын эчкимге кереги жок
22.11.2016 17:55
Urmatbekovna7
Zvezda.KGKG, Айыма кыргызчаны билгенге Кызыгат и аракет кылат бирок голосу аябай соонун горжусь с тобой
05.11.2016. 22:15
 BebeU
Aiymjan ozu yrdasa ukmush yr bolmok eken,talanttuu kyz Aiylchieva.Iygilik kaalaim!
06.11.2016. 04:01
 karasuu
артына илип койуп ырдаганы кызыкго...
09.11.2016. 00:37
 Aruu_2010
Клип супер
09.11.2016. 10:43
 Il9s
клиптеги эжеси болуп аткарган кыздын аты ким?
09.11.2016. 22:23
 leilek_suluktu
жакшы аракети бар. бирок Жийдеш жагат.
10.11.2016. 18:00
 Ikramov
соз жок аябай жакшы
10.11.2016. 18:31
 anuvar0903
эн жакшы!
мен жакшыы коргон ырчы айымдар
10.11.2016. 23:57
 Zari2013
Азаматсынар кыздар, сонун клип болуптур. Озгочо,эч кимди туурабай,идеясы да мыкты! Клипти коруп жатып озумдун кыздарымдын мамилесине салыштырып койдум!
11.11.2016. 04:25
 nelli
Сонун. Маанилуу клип. Жакшы чыгыптыр.
11.11.2016. 17:29
 amina2016
Мага жакты жагымдуу кайра кайра уккун келет экен
12.11.2016. 02:20
 Mamatov
жакшы.
13.11.2016. 13:09
 Murat9091
Жакшы клип экен.
14.11.2016. 22:02
 Shirinim345
Мага жакты.
16.11.2016. 15:14
 dina_nina
Соонун ырдашкан, молодцы
22.11.2016. 17:51
 Urmatbekovna7
Админ текстин жазып койгулачы сураныч
22.11.2016. 18:07
 Ishenalieva
Мага ыр да, клип да,жакты
25.11.2016. 20:35
 kilim
Айыма молодец
01.12.2016. 19:05
 nursultan_
Жакшы клип и ыр экен
07.12.2016. 01:12
 aa93
Аябай сонун чыгыптыр. Азаматсынар!!!
22.12.2016. 16:06
 Kingsman
Абдан мыкты чыгармалардын бири! Менин жеке оюм боюнча 2005-жылдан берки чыккан чыгармалардын эн мыктыларынын биринчи ондукка киргизсе болот. ырдын мааниси,аткарылышы,клиптин тартылышы,негизги манызы абдан топ келген!!! Айымжан, Жийдешке экооно ьен алкыш мактоолор
19.02.2017. 12:58
 kuba1977
Сонун клип болуптур.
26.09.2017. 02:20
 diar_1113
Сонун ырдашыптыр клипда жакшы тартылыптыр
04.12.2017. 14:04
 maks93
Клипта ыр да жагат мага
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: