Жоодарбешим "Кайнене"
Жанр:Поп
00:03:43
46,9 Мб
Жүктөлгөн: 11-03-2016


Сөзү:Жоодарбешимдики
Обону:Жоодарбешимдики

Ата-энемди алдыңызга алып барайын,
Ата-баба салтын улап, сөйкө салайын.
Ашык болгон бир жигиттин багын байлабай,
Сынап көргүн, сындан өтсөм анан алайын.

Кайырма:
Гүлүм кайнене,
Менин күнүм кайнене,
Күлкүсүнөн нур төгүлгөн.
Айдай кайнене, айдай кайнене,
Ашыгымды алып келген алтын кайнене,
Ак батаңды аябастан бергин, кайнене.

Алда качан кызыңызды көндүрүп алгам, сүйдүрүп алгам,
Мен да ага ашык болуп арбалып калгам, байланып калгам.
Жан дүйнөмдөн орун алса, гүлдөй кызыңыз.
Анан кантип ыр ырдабай коём, кайнене?
  • Currently 4.39/5
(36 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (67)

14.03.2016. 13:04
 Zai0888
Бүгүнкү күндө кайнене десе эле,каардуу терс каарманды элестетип калдык. Чынында ал деле бирөөнүн энеси экени талашсыз эмеспи.Дал ушундай ырлар болуп турса, бир аз болсо да жакшы сезимдерди калтырып, жүрөк жылытат экен. Рахмаат Жоодарбешим Сизге кайненелердин беделин көтөрүп, баркын баалуу кылууга салым кошуп койгонуңузга. Энелер аман болсун, чыгармачылык ийгилик!!!
14.03.2016. 14:11
 Ailo
Азаматсыз)
14.03.2016. 15:22
 MaRmeLaDka
Кыз жакшы ойноптур. Жоодарбешимге айтып койгулачы, могу очкисин тагынбай эле койсунчу. Такыр жарашпайт экен(((.
14.03.2016. 16:16
 zoichka
Куйоо балдардын баары эле ушинтип турса)))
14.03.2016. 17:49
 BemochkaToktogula
Кайнени телефонума кочуруп эле, кайненеме угузуп калдым. Иним азаматсын. Чыгармачылык эргуу каалайм. Ун ар бир уйдо тынбай жана берсин.
14.03.2016. 17:56
 Jaku86
Жоодарбешим кундон-кунго красавчик болуп баратат го. Суйом го сизди. Кайненелер коруп бир жыргап эле калды.
14.03.2016. 17:59
 Salamatka96
Ун ыр клип деп Жоодарбешимди айтсак жарашчудай. Молочик мырзасын да. Кайненелер деп эми тойлордо бийлеп калдык.
14.03.2016. 19:59
 Izdeim_seni.
Так себе эле ырдайт
14.03.2016. 23:23
 mery.89
Уну жасалма кайрат нуртаздын унуно окшотом деп туурайт го менимче.
15.03.2016 09:04
Chika9000
mery.89, joodardykyndai un Kyrgyzstanda biro bolgonu kairat ekoonten unun suiom ХХХ ХХХ klip soonun negizi ele kainene jonundo yr jazyw bawka yrchylardyn bawynada kelgen emes joodar jaw bolsoda birinchi bolup jaratty azamatsyn saga koz tiibesinМодератор admin_media түзөттү 2016-03-15 09:47:18
15.03.2016 09:30
Jaku86
mery.89, tuurasada tuurabasada joodarbeshimdin unun el suiot el baalait ХХХ ХХХМодератор admin_media түзөттү 2016-03-15 09:47:33
15.03.2016. 09:06
 Chika9000
Soonun soonun koz tiibesin tyfu tyfuuu
15.03.2016. 09:13
 Jaku86
Kairattyn unun kimder suiboit.joodardyn kudai bergen unu tembyry okwow eken ХХХ ХХХ unu okwow bolso ne kylsyn joodar chynygy kyrgyz uulu any el suiot el baalait moskvadagy konserti bir kun emes bew kun boldu bul neni bildiret eldin suimonchuluguno ailangandygynyn belgisi azamat baikewa konsert soonun boldu bew kun dagy kutobuzМодератор admin_media түзөттү 2016-03-15 09:48:29
15.03.2016. 09:44
 admin_media
Chika9000, Jaku86,
Порталдын башка колдонуучусун кемсинтүүгө жол берилбейт! Жеке билдирүүлөр үчүн купуя кат бар! Берилген эскертүүлөргө көңүл бөлбөстөн, кайра-кайра эреже бузгандыгыңыздар үчүн 20 күндөн БАНга!
15.03.2016. 23:45
 Dinakg
Жоодарбешимдин клиптери бири бирине окшош.Озу бери жакта туруп алып кыйкырып ырдай берет,ары жакта клиптин каармандары журо берет.Анча жакпайт ушул ырчы бой которгонсуй берет.
16.03.2016. 05:59
 Adilet2014
Клип сонун болуптур конулду которгон.... Бирок сизге очки жарашбайт экен Жоодар байке
17.03.2016. 09:56
 aikol87
Клип соонун болуптур актёрлор жакшы ойноптур.ырда жакты азамат
17.03.2016. 12:07
 tavanova.sarah
Расса сонун бийлей турган ыр болуптур))))) Эми тойлордо "хатуба матубасы" жок эле бийлесе болгудай!Иши кылса жон угуп отура албайсын))
17.03.2016. 17:21
 Aipri
Жоодарбешим эч бир жасалмасы жок, чыныгы таланттуу ырчы. Бул товарын да отумдуу болуп, тойлордо бийлеп, кайнелерди бир кубантып коючу чыгарма болуптур. Эркексин да.
17.03.2016. 17:31
 Erkin86
Брат, Сизди ушул ырыныздан кийин катуу сылап калдым. Качан болбосун, кайнене десе эле каардуу энени элестетебиз. Бул ишиниз менен кайненелердин куйоо баласы учун мандайы жарык экенин далилдеп корсотупсуз. Урматтайм. Бар болунуз.
17.03.2016. 17:39
 Zano
Казакстандын Нуртасы болсо, Кыргызстан Жоодарбешими бар. Ырдын созун обонун тен озу жазганын колдойм. Ошол учурда, жасаган ар бир эмгеги журокко жетет го чиркин.
20.03.2016. 01:30
 aikol87
Ушу клипти кундо кором.жакшы циркте ойногон баланы тартыптыр.
20.03.2016. 09:53
 miss-998
Сонун!Мазмундуу клиптери коп ушул ырчынын.
31.03.2016. 00:53
 kanykei95
klip sonun boluptur maga jakty super puper
04.04.2016. 23:08
 Chika9000
Keremeet yr bar bol joodarbeshim
08.04.2016. 13:41
 Maxabat8778
Биздин Кайрат Нуртас десек болот. Азамат ишине ийгилик.
19.05.2016. 14:58
 Uekz_K
Азамат! Клиптин коркун кайненеси ачкан экен!
15.06.2016. 02:28
 SOLITARY
Соонун ыр клип ба болуптур..мага такыр кыргыздардын клиптери жакчу эмес эле..бирок юморду уккулуктуу ыр экен..ырчы позитивтуу экен
31.07.2016. 12:42
 meili
Сонун чыкканго клип,актерлорда катырыптыр, уну сонун.
18.10.2017. 11:01
 mechta2016
клип мага аябай жакты клиптеги бала жонундо маалымат билгендер болсо жазып койгулачы сураныч достор!
18.10.2017. 12:24
 Stal.muradilov
Сонун ыр молодец Жоодарбешим братан ...ийгилик дагы да.
30.04.2018. 05:41
 mym
Сонун
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: