Бек Борбиев "Сен дедим"
Жанр:Эстрада
00:04:01
23,77 Мб
Жүктөлгөн: 16-02-2009


Сөзү:Бек Борбиевдики
Обону:Бек Борбиевдики

Кабагыңда, ажарыңда айдын сыны бар беле?
Жамалыңда, жанарыңда жаздын сыры бар беле?
Кыялдарда, санааларда мен толкуймун кайыктай,
Сен жөнүндөгү сан ойлордон мен калдым окшойт айыкпай.

Кайырма:
Сен дедим, мен сен дедим,
Сен болбосоң ким дедим?
Сезимдерге гүлдөй оролгон,
Сени гана тең дедим.

Көңүлүңдө, жүрөгүңдө гүлдүн сыры бар беле?
Күлгөнүңдө, жүргөнүңдө күндүн сыны бар беле?
Сага арналган махабаттын жээгин бассам утурлай,
Сен жөнүндөгү сезимдерден мен калдым окшойт кутулбай.

Кайырма:
  • Currently 4.40/5
(5 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (47)

16.02.2009. 15:51
 moi lev
Молодцы, Агаманын кыздары! Улам бир клипте Бектин башын айлантып жатасынар. Так держать!
16.02.2009. 16:50
 ROZI
Прикольный тартылыптыр. Бек байке чыгармачылыкка киришкен экен. Эми сонун-сонун ырлардын кубосу болот экенбиз да.
16.02.2009. 18:36
 нимфа
Ишинизге ийгилик!!!БАРАКЕЛДЕ БЕК алдыга,алдыга!!!
17.02.2009. 09:41
 Nike
Бек баарыбир Арабаевде окуган кызды тандап алды го, ой БАРАКЕЛДЕЕ!!!
17.02.2009. 15:35
 mik
Бек байке келинчегинен тажап калган го, улам кийинки клиптеринде кыздарды коп тартып калыптыр :-). Ийгилик жакшы тартылыптыр.
17.02.2009. 15:48
 nurikjn
ozbek kyzdy kowpoile koiboibu?
17.02.2009. 18:10
 bakulj
Кулгон аябай сонун жарашат экен Бек байкеге! "Агаманын" кыздары азаматтар!
17.02.2009. 20:53
 azazello
сонун экен. Керек десе Бек озу кулуп жиберди...
18.02.2009. 09:38
 Samus
Клип болсо эн жакшы болуптур. Кыздар да жакшы бийлептир. Негизинен клиптериниз бара-бара оригиналдуу болуп жатат. Мага жакты. :)
18.02.2009. 10:31
 Айдай
Ой шумдугур кургур болуптур го!! Молодец
18.02.2009. 11:50
 beautifulно
Бек байке акыркы кундору жашарып,ырлары да жашарып, клиптеги кыздары жашарып баратат!!!Браво!!
18.02.2009. 17:33
 bakytmirza
Баары - ыры да, клип да класс болуптур
19.02.2009. 05:04
 jetigen
баары тең Арабаевте окушабы?
19.02.2009. 12:14
 sapsary
Бек негизи начар ыр жарата албаган талант. Бирок, мага клибине кыймылдай албаган, туптуз индус кыздарды кошуп койгон жери жаккан жок
19.02.2009. 12:15
 sapsary
Бектин учурда эркек катары толуп турган кези экен. Эх байке сизге жолукпаган ат которгус арман менде
20.02.2009. 12:22
 Nike
jetigen
баары тең Арабаевте окушабы?

ООБА!
20.02.2009. 14:50
 Aigerisha
Жакпайт мага, ушул ырчы, особенно муруту ;)
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: