Аскат Мусабеков "Аруузатым"
Жанр:Эстрада
00:04:26
67,26 Мб
Жүктөлгөн: 19-05-2011


Сөзү:Э.Иманалиевдики
Обону:Э.Иманалиевдики

Аруузатым, ай чырагым, аппагым,
Сени көрүп мен тазара баштадым.
Карегиңде жүргөн экен катылып,
Качанкы бир мен жоготкон асманым.

Кайырма:

Карайлаган көңүлүмө нур толуп,
Кайра баштан төгүлөйүн ыр болуп.
Кайран жаштык өткөнчө,
Кайрылбастан кеткенче.
Карындашым, кагылайын, мага бир жолук.

Бир уу жылан сойлоп өтүп сүйүүмөн,
Бир заматта ойрон болгон дүнүйөм.
Өзүң менен айыкчудай сезилип,
Өзүм билбейм неге мынча сүйүнөм.

Кайырма:

Тагдыр, мени каалагандай калчадың,
Акың калса алып бүтчү, чарчадым.
Жаштык узап кетелекте бир жолу,
Жашоо берчи жашылындай арчанын.

Кайырма:

Карайлаган көңүлүмө нур толуп,
Кайра баштан төгүлөйүн ыр болуп.
Арман болуп дүнүйөм,
Айрылганча сүйүүдөн.
Аруузатым, айланайын, мага бир жолук.
  • Currently 4.74/5
(70 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (88)

17.06.2011. 17:43
 jumatka
супер сонун ыр!!! Аскат байке талантынызга таазим!!!
20.06.2011. 09:34
 rodrigez
Азаматсын Аскат ...сенин чыгармачылыгына ийгилик каалайм ...ырларын абдан жакшы унун да мыкты ...клип жакшы кызыктуу болуптур ...Бар бол
20.06.2011. 09:49
 sanajet
Браво!!! Эн сонун ыр!!!
23.06.2011. 22:08
 aia-s
аскат эми унун коюлуптур молодец! фольклор менен ушундай уккулуктуу ыр жарата бер дагы
07.07.2011. 17:36
 udast2
Аскат Мусабеков.Ырын менен клибин окшошуптур. Рахмат. ушундай ырларды эс алдына тартуулай бер, биз ардайым колдойбуз. Клибиндеги кыз жакты.....
28.07.2011. 18:22
 KOROZ
тиги байкуш олойун деп аран баратса мунусу жылмайыыып карап отурганын карап кой
31.08.2011 18:13
elkaelka
KOROZ, woahahaha
30.07.2011. 02:10
 gulnaz-1708
супер!!!
01.08.2011. 10:55
 Rayna
Укмуштай сонун ыр,
11.08.2011. 23:14
 gulnaz-1708
ыр да клип да эн сонун!!!!
12.08.2011. 11:15
 alina.kubatbekova95
Ыр да клип да аябай сонун чыгыптыр,бирине-бирине топ келишип.
12.08.2011. 12:22
 aziza
ийииийиииийиииий соз жок да соз ИЙГИЛИК!!!
12.08.2011. 18:37
 SHAMAL
мына ушуну Ыр дейт!!!! калгандары плагиат какашкалар...
12.08.2011. 21:46
 umutay
Azamatsyz!men sizdin yrlarynyzdy kop ugam1Ar dayim teren maaniluu yrlardy yrdaysyz.Ununuzgo bereke!
15.08.2011. 10:58
 aziza
уга берип коро берип эч тажабайм. абдан маанилуу ыр авторуна таазим. Аткаруучу абдан жакшы аткарган. Аскат ийгилик сага талантына таазим.
15.08.2011. 15:50
 rus_m87
жакшы ыр. чыгармачылык ийгилик каалайм!
16.08.2011. 10:14
 Jeki
Журоктун ыры бул!Канча деген адамдар суйуп угат бул ырды. Аткарганы да жакты. Клип дагы жакшы тартылган. кыргыздын таланттары осо бергиле. Озубузду озубуз мактабасак оспойбуз кыргыздар, унутпагыла! Жакшыны жакшы дегиле!
17.08.2011. 12:51
 kasi_sun_10
эн сонун,ыры дагы клиби дагы5555555555555555555555
19.08.2011. 22:37
 nurgula
ыр жакты клип киного окшоп калыптыр
21.08.2011. 02:55
 kabunda
bul ir maga jakti
22.08.2011. 11:14
 Jiza
Бул жигит осот. эл уккан ырды ырдайт себеби..кыпкыргызча ырдайт..алга!
05.09.2011. 09:44
 nay
irdin maanisi da obonuda jakti
08.09.2011. 01:10
 Narynbek
Чыныгы турмуштан келип чыккан ыр.Аскат да сонун ырдаган.Азаматсын!Онорун оркундой берсин.
08.09.2011. 16:54
 izuka
Все классно, и музыка, и мотив, и клип, и вообще мне нравятся все его песни!
09.09.2011. 19:22
 feruza85
Эн соонун !!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
11.09.2011. 19:28
 Talant_89
Abdan jakshy yrdait da Naryndyktar, maanisi yryna, yry maanisine, klibine top kelgen jakshy yr bolgon. Tajabaisyn.
12.09.2011. 02:19
 aminali
Сонун ыр,тойлорго барып ырдаса болот.
16.09.2011. 16:51
 adelima
сонун,уккулуктуу ыр экен. чынында клипи бир тасманын жыйыны болуптур. азамат!
16.09.2011. 17:38
 NUR-KYZ
ырдын мааниси, клиптин сапаты ото жогуруу тартылыптыр ийгилик сизге 100 упаааааай....
27.09.2011. 12:06
 Azhymaliev
Ыр абдан жакшы жазылган,клипти кичине башкачараак кылса болмок,бирок жакшы башкаларга караганда!
13.10.2011. 01:46
 nurgulja
Аскат сага кааларым дайым ак жол.Кулакка жагымдуу унун эч качан очпосун.Сенин ырларынды укканда сезимим ушунчалык эргип,конулум кокко учат.Уккулуктуу ырларын менен бизди дайым кубантып,коп жаша.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: