Аскат Мусабеков "Бакыт дайрасы"
Жанр:Поп
00:04:15
65,26 Мб
Жүктөлгөн: 06-05-2011


Сөзү:Т.Актановдуку
Обону:К.Абыловдуку

Нарыным,
Күн-түнү күрпүлдөп толкуп-ташкан.
Агымың,
Күмүш жал күлүктөй күүлөп аккан.
Ат арытып,
Алтайдан эр Манас, ата-бабам.
Ыйык тутуп,
Мүрөктүн суусу деп сени тапкан.

Кайырма:

Шаң менен,
Шарпылдап агасың капчыгайдан.
Көрк талашып,
Турасың нур чачып көктөгү айдан.
Түбөлүк,
Кыргыздын канындай жүрүп турган.
Жарыгың өчпөс,
Шам экен ыйыгым, Нарын дайрам.

Күүлөнүп,
Күү чертип көбүрөт тунук шарың.
Ыргалат,
Булбулу сайраган кайың-талың.
Пейили кенен,
Ырыстуу эл менен өсүп жатат.
Бала шаарым,
Жээгиңде жаркырап көрктүү Нарын.

Кайырма:

Нарыным,
Чөл, талаа сен менен гүлгө айланат.
Агымың,
Нур чачат, сен менен күнгө айланып.
Сүйүүм күчөйт,
Өзүңө күн сайын сугум артып.
Ар бир ырым,
Баратат сени менен күүгө айланып.

Кайырма:

Нарыным,
Бак-таалай кут болуп ага берсин.
Агымың,
Күүлөнүп күч-кубат ала берсин.
Укумдан-тукумга соолубас өмүр берип.
Кылымдап агып,
Кылымга от болуп жана берсин.
  • Currently 4.69/5
(13 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (31)

06.05.2011. 10:36
 Шаиста Шатманова
Клип жаккан жок. Бирок ырчыга соз жок, мыкты ырдаптыр!
06.05.2011. 19:29
 ksb
Ыры да сонун,клипи да сонун,Аскат озу андан сонун.Азамат,талантын ташкындай берсин,унуно баракелде!
06.05.2011. 19:41
 gujunpo
Narynda chyn ele aeroport barby??? Kyz tatyna eken, birok suluurak bolup koinok kiyip alsa bolmok, kurtka kiybei. Askattyn unu jakshi!
06.05.2011. 20:31
 Asitay
Жылтырак костюм тоонун фонунда анчейин корунуп калыптыр.
06.05.2011. 21:14
 Eliza
клип анча эмес жакшы эле мактанып алыптыр бирок Аскаттын үнү өзгөчө
06.05.2011. 21:24
 SOLITARY
Бир дагы жолу Нарын жергесинде болгон эмесмин, ошондуктан жерлери аябай сонун корунду.Мумкун чынында деле ушундай сулуу жердир. Уну жакшы экен.Бирок кыз кичине "расслабление" болбой, тырышып калыптыр.
06.05.2011. 23:03
 Perfekt
Naryndy sagyndym.
07.05.2011. 00:49
 zarinai
Kandai keremet yr!!!!!!!!!Ugup alyp Naryndy kosdoi u4up ketip kalgym keldi!!!!!!!!!Narynym altyn bewigim!!!!!!!!Kapa bolgondo,kapamdy ten bolushchu Naryn dairasy!!!Keremet daira!!!!!!!Kindik kan tamgan jerim!!!!!!!!!!!
07.05.2011. 06:50
 jetigen
Нарын аэропорту азыр кандай абалда болду экен? Мурда Бишкек-Нарын-Бишкек болуп каттап турчуле...
08.05.2011. 01:17
 MIRDJAMELL
кайран текке кеткен убакыт
09.05.2011. 13:57
 Kesh
Narynda Aeroport barby degen suroo, yipa Oshtuktar da kyrgyzcha suiloibu degenge ele barabar.
14.06.2014 07:49
Murok
Kesh, ха ха боорду эздинго
09.05.2011. 20:03
 Kiza
Уважаю Аскат байке!!! СУПЕР! Голос КЫРГЫЗСТАНА!
10.05.2011. 13:24
 Хан
Азаматсын Аскат ырдын багын ачыпсын
10.05.2011. 14:02
 Marselxx
+100500
10.05.2011. 22:47
 cosmopolit
Нарында аэропорт бар...жана жаратылыш абдан коооз...керемет...сооонун жайлоолор бар...эли абдан меймандос..конокко барсан койун которо чаап, этин жегизип,эсинди оодарып туруп кетиришет...
11.05.2011. 23:38
 mchyngyz
Super!
12.05.2011. 00:19
 ABU
Абдан сагындым! Нарыным - алтын бешигим!
унуно соз жок, мыкты ырдаптыр - баракелде.
12.05.2011. 13:58
 azulya
Аскаттын уну керемет! Азамат!!!
17.05.2011. 20:11
 Kirgizjigit
gujunpo:Narynda chyn ele aeroport barby??? Oz elinde, oz jerlerinde emne bar emne jok ekenin bilbegendigin eje araket kylbagandygyna jol bolsun.
10.06.2011. 02:15
 Nuray
Уну абдан жакшы экен, бирок клип экоо бир-бирине коп тиешеси жок болуп калыптыр. Тиги супсак сулуудан башка эле жылдыздуу кыз тапсанар болмок, кызды соз жок кошкунар келсе, подиумга ылайык кызды албай...
...Аскат мырза, абдан жакшы жасаныптырсыз, жаратылышка жарашпай калыптыр. Кыскасы, кыз экоонор бул клипте "озунчо эле" ))

А унунуз фолклордук, жакшы ун экен, ийгилик сизге!
29.06.2011. 16:20
 Perfekt
Naryndy,At-Bashyny ajbai sagyndym.
11.09.2011. 19:15
 Talant_89
Oo baike kyiynsyn da negizi, jakshy yrdaptyrsyz, At-Bashylyktar, anyn ichinde Ak-moiunduktar kyiynbyz da!!! Naryndy abdan sagyndym!!!
11.09.2011. 19:24
 Talant_89
Kyrgyzymdyn jerindei da jer, elindei da el jokgo ech jerde. Botoncho Naryndyktardyn peiili abdan ele chon da. Aiabai meiman-dos kelet!!!
13.09.2011. 14:04
 Bacitgul
Клипти коро албай атам!!!
13.09.2011. 14:05
 Bacitgul
Аскат Мусабековдун унун тамшануу менен угам.
30.09.2011. 18:23
 aia-s
нарында эмнеге аэропорт? кичине кезде таята тайэнемдер менен уччубуз да... аскат молодец
03.11.2011. 16:20
 erbolkaliya
Кыз ашыкчалык кылыптыр.Аскатка данк!
24.01.2012. 10:48
 babylove90
Нарындан баштап Токтогулга чейин барып тартылган экен,расход коп кетсе керек,жакшы болуптур.мааниси жок сюжеттерге караганда
25.04.2013. 20:35
 Nurik.90
жакшы экен голосу зорго я
11.08.2013. 18:46
 dj9694
молодец ырын сонун болуптур ийгилик сага
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: