Аскат Мусабеков "Сенин, менин издерим"
Жанр:Фольклор
00:03:43
47,6 Мб
Жүктөлгөн: 07-11-2013


Сөзү:Дербишкан Ажиевдики
Обону:Дербишкан Ажиевдики

Көгүш кымкап жер жамынып көктөмдө,
Көктөм булут мөлтүр жашын төккөндө.
Мен атайлап бир кайрылдым кечээрээк
Биз жашынмак ойноп жүрчү өстөнгө.

Эске албай элеп жамгыр төккөнүн,
Жар боорунан жаркын гүлдөр издедим.
Алар да жок, бирок эсте калыптыр,
Чуркап өткөн сенин, менин издерим.

Көрчү-көрчү, кыял, чиркин, шашканын,
Көзгө элестейт беш көкүлдүү жаш чагым.
Балалык кез эске түшүп ушунча,
Байкабапмын жүрөгүмдүн сыздаарын,
Билбептирмин жүрөгүмдүн сыздаарын.
  • Currently 4.00/5
(31 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (35)

07.11.2013. 16:15
 Rinatik94
Сууууууууууууууууууууууууупер.
07.11.2013. 16:36
 nazimka
Мындай алма бакты кайдан тапты экен.Тим эле жасап койгондой го.
07.11.2013. 21:18
 dani_93
жакшы тартылыптыр!
08.11.2013. 03:12
 Edik_nura
super
08.11.2013. 10:39
 Akma
Сонун болуптур, Аскат сага чын ден соолук, узун омур, бакыт, ийгилик каалайм!
08.11.2013. 13:08
 aguni
Оууу "Сенин, менин издерим" Алмалуу деген айыл Токмокто беле?
15.11.2013 21:03
beka79
Бул Алмалуу Токмоктогу эмес, Ысык-Ата районундагы АЛМАЛУУ!!!
08.11.2013. 18:20
 TolonturCN
"Алмалуу" деген көрнөктөн баштап жол тартылган кадыр тим эле голливоддун тасмаларындагы кадырдай көрүнүп кетти.
09.11.2013. 00:39
 chikabom
Ыр клип деп ушуну айтса жарашат!Азаматсын!!!
09.11.2013. 14:31
 cavet
алма жегим келипкети жакшы ыр +5
09.11.2013. 15:49
 gooool
Мага абдан жакты!!!
09.11.2013. 21:39
 adiko-1
Алмалар жасап койгондой го. Соонун
10.11.2013. 01:25
 eli_kg
Мага аябай жакты соонун ыр экен.
10.11.2013. 01:29
 sakibaev
азаматсын сенин ырларын сапатуу ырлар менда сенин ырларынды талантынды баалайм
10.11.2013. 13:25
 sami2478
мандалина орстардын ырына окшотуп койгон
11.11.2013. 00:32
 AZAP_2009
Соз жок :) ойдогудай болуптур. Аскат байкеге ийгилик
11.11.2013. 01:26
 Alaaninkulu
Jakshi jakti maga
11.11.2013. 15:30
 aika_sv
Укмуштуудай сонун жерде тартылыптыр, алмадан узуп жеп коюп ошондой жерде журсон ээ кандай керемет.
13.11.2013. 02:05
 Aelina
Ooo bizdin ayildn tartilgan klip turbaibi, soonun boluptur, Almalyy bakchasy dagy sonun ytartiliptir, mektebibiz. Ehh.
13.11.2013. 12:50
 saltane
Аскат азаматсын жакшы ырдаптырсын, Дербишкандын жакшынакай ырынын багын ачыптырсын ыраазымын сизге.
16.11.2013. 13:47
 Janyla
Оххх...алма жегим келип кетти)))
17.11.2013. 22:08
 Erke777
Азаматсын,талантына таазим!Клип соонун тартылыптыр.
02.12.2013. 17:59
 nurik838383
азаматсын Аскат сен ырдаган ырлар аябай салмактуу
11.12.2013. 12:49
 Asus84
эн жакшы эн сонун клип болуптур азаматсын Аскат
02.01.2014. 08:58
 kuba-boss
Ырга караганда бак жакты алма жегим гелип гетти клипти горуп отуруп )))
03.01.2014. 11:24
 general2030
Эн сонун моледец чыныгы талант!!!
08.01.2014. 09:08
 rasan
Эн сонун болуптур. рахмат.
09.01.2014. 11:08
 kymbatbek
Балалыкты эске салат го ! Тоолор, ат, айыл ! сагындым айылды !
19.01.2014. 11:00
 princ
урматтуу admin_media ырдын созун да берип когулачы сураныч
18.02.2014. 20:16
 pitbul.t91
клипке тартылган сонун кыз екенгоо
18.08.2014. 17:10
 goodman02
клиптеги бала Айбек Замирбек уулу эмесби
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: