Аскат Мусабеков "Аруузатым"
Жанр:Эстрада
00:04:26
67,26 Мб
Жүктөлгөн: 19-05-2011


Сөзү:Э.Иманалиевдики
Обону:Э.Иманалиевдики

Аруузатым, ай чырагым, аппагым,
Сени көрүп мен тазара баштадым.
Карегиңде жүргөн экен катылып,
Качанкы бир мен жоготкон асманым.

Кайырма:

Карайлаган көңүлүмө нур толуп,
Кайра баштан төгүлөйүн ыр болуп.
Кайран жаштык өткөнчө,
Кайрылбастан кеткенче.
Карындашым, кагылайын, мага бир жолук.

Бир уу жылан сойлоп өтүп сүйүүмөн,
Бир заматта ойрон болгон дүнүйөм.
Өзүң менен айыкчудай сезилип,
Өзүм билбейм неге мынча сүйүнөм.

Кайырма:

Тагдыр, мени каалагандай калчадың,
Акың калса алып бүтчү, чарчадым.
Жаштык узап кетелекте бир жолу,
Жашоо берчи жашылындай арчанын.

Кайырма:

Карайлаган көңүлүмө нур толуп,
Кайра баштан төгүлөйүн ыр болуп.
Арман болуп дүнүйөм,
Айрылганча сүйүүдөн.
Аруузатым, айланайын, мага бир жолук.
  • Currently 4.74/5
(70 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (88)

19.05.2011. 18:03
 МээримКа
аябай жакшы ырчы:)
19.05.2011. 20:09
 Shakur
maga uwul akter ayabay jagat molodec!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
19.05.2011. 20:17
 Uti1504
сууупер эн сонун клип. Бир жерин тушунбодум кинонун саунтреги эмспи ыя!
20.05.2011. 01:31
 SanjarKG
бул актерун бутундой орусча суйлойт го кыргыз инсандарга тан калам кичине эле момунтип калса эле орусча суйлоп чыгабыз а эмнеге американы багындырган актер актрисалар башка тилде суйлопкалбайт орустар англисче суйлобойт тообо ошого аябай танмында
20.05.2011. 01:36
 Tokmok
super, aiyagynda kyz iyilabaitgo :)
20.05.2011. 10:29
 deva
Мирлан аябай жакшы ойноптур Негизи бул озу абдан сонун Чыныгы акын жазганы оркойуп эле корунуп турат Мааниси терен Мага жакты. Кеп жок! Азаматсын, Аскатик!
20.05.2011. 13:52
 Varvara
клипи абан кызыктуу кен...4 минутада кино коргондой ле болдум гоо...ырга эми соз жооокк...
20.05.2011. 15:30
 azulya
Мааниси жакшы клип болуптур. Аягында кызга жолукканы жакшы болбодубу :) Ыр болсо супер! Аскат ийгилик сага!
20.05.2011. 16:11
 jaina
Биринчиден,ыры, музыкасы уккулуктуу, жагымдуу. Клибинде Бегимай меен Мирлан да жакшы роль жаратып беришкен."5" менден!
20.05.2011. 20:01
 Asitay
Клип жакшы тартылыптыр. Аягында кызга чын жолуктубу, же козуно ошондой элестеп кеттиби?
21.05.2011. 11:40
 joldoweva09
daa Mirlan baike vy super))
21.05.2011. 16:22
 japarova
бул клипти мен суйуу баарын женет дегендей тушундум))!жакшы ыр экен,клип да жакшы!рахмат сизге Аскат байке..ушундай жакшынакай ырыныз учун!
23.05.2011. 22:51
 kyrgyzka
Men byl yrdy Aibek Karimov yrdait dep jyrypmyn, yndory okshosh eken. Sonyn yr.
24.05.2011. 10:04
 ulimur
+5
25.05.2011. 15:55
 Aipesh
Мен ырын угуп мага аябай жаккан,клиби дагы сонун болуптур.Кино коргондой эле болдум
25.05.2011. 17:55
 merikeit
супер..и супер...пупер..
27.05.2011. 16:59
 gulzatlovi
емне деген кино кинонун аталышын жазып койгулачы pliizz
30.05.2011. 16:12
 yiku
Абдан сонун болуптур. Мага жакты. 55555 баа коем. Аскат Мусабеков озу дагы, ыры дагы жакчу. Азыр плюс актер, актриса да жакты.
31.05.2011. 07:21
 gulzatlovi
хорошая..добрая и сказочная история.ну что еще нужно для создания прекрасного настроения!!!смотрю с громадным интересом уже много раз. спасибо всем кто придумал и воплотил замечательную идею в такой волшебный клип .. спасибо друзья!!!!
31.05.2011. 12:29
 geiwa
oooooooooooi sonun akter//// magan jagaaaaaaaaaaaaat.
02.06.2011. 01:11
 gogo
Талантынарга таазим!!!
02.06.2011. 04:27
 erketay
Жакшы ыр, обон, ырчы жана татыктуу клип!!! Ийгилик, мындан да жакшы чыгармаларды жарата бергиле!!!
04.06.2011. 15:15
 Aiju
Созуно обону жарашкан эн сонун чыгарма. Авторуна таазим.Ошондой эле мыкты аткаруу. Бирок, клип гана бир аз тушунуксузурок болуп калган. Негизинен эн мыкты деп баа берем.
05.06.2011. 05:36
 damusya
Сонун ырдаган,ийгилик,ушунундан жазба,дагы жагымдуу ырларынды кутобуз!!!
14.06.2011. 15:07
 dialog
Негизи Аскат байке абдан таланттуу,кечээ Чолпон-Атага концерт коюшту,жандуу ун менен да ырдашты,эн сонун болду,бар болунуз!!!
17.06.2011. 00:04
 klara
Соз жок, бир гана эмоциялар,-дегендей))) Эн сонун!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: