АЯН тобу "Жаралуу жүрөк"
Жанр:Эстрада
00:03:42
55,38 Мб
Жүктөлгөн: 09-09-2011


Сөзү:Н.Маматованыкы
Обону:Ж.Сопуевдики

Сыгылып, арман кылып, кыялданам,
Сүйүүдөн жолум болбой кайгыланам.
Үмүттүн бир учкуну сенде беле,
Ырларымда өзүңдү медер тутам.

Черткилеп жүрөк кылын обон салып,
Сырымды ырларымда чагылдырам.
Көзүмдөгү нурлардын жылуулугун,
Туптунук махабатым тартуу кылам.

Кайырма:

Сага деген ак сүйүүмдү, жаным, сезсеңчи,
Жан эркем, түбөлүккө сен колуңду берчи.
Жараланган жүрөккө дем берсеңчи,
Сага деген ак тилекти, жаным, сезсеңчи.
Жан эркем, түбөлүккө сен колуңду берчи,
Алоолонгон сезимге жеткирсеңчи.

А балким, сыноосудур тагдырымдын,
Ичимден арман кылып жаш кылгырдым.
Жолума тузак коюп, кишен салып,
Торуна чалыныпмын махабаттын.

Сүйүүмдү түбөлүккө даңктай берем,
Өзүңө ырларымдан арнап келем.
Көргөн кезде алыстан карааныңды,
Карегимди ала албай карай берем.

Кайырма:
  • Currently 3.46/5
(13 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (38)

09.09.2011. 20:40
 Aelina
unu jok eken, maga jakkan jok. klip dagi jakkan jok.
09.09.2011. 20:46
 Aidanek
уууфф...калп эле чыгып алып кыйкыра берип тойгозуштуда..ылайды алып туруп бетине сурткону фуууу немеге окшошуп калыптыр...
13.09.2011 04:49
Buma
Aidanek, oshondoy jeri da bar beken? men daje ayagyna cheyin uga albay koydum tajap. Molodes, toleranttuu adam ekensin, chdap aygyna cheyin korgon!
22.09.2011 16:55
netslov
Aidanek, ))) я чуть ли со смеху не умер, ужас какие вы жестокие а все таки, надо же! Бетке чаап конгонсун го э Айданек
А что касается клипа и песни никому вреда от них нет, не ваши деньги потрачены, все так и начинали. Ушул буттан кармап артка тарткандан башке эч нерсе колдон келбейт...
09.09.2011. 23:08
 Eliza
каныкейди туурап алышыптыр го я
10.09.2011. 01:33
 Ledi5
fuuuu chto eto takoe
10.09.2011. 08:42
 dan88
колхозники какие-та)))
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: