Айнура Салахидинова "Сен жокто"
Жанр:Эстрада
00:03:34
55,34 Мб
Жүктөлгөн: 30-01-2012


Сөзү:Турар Кожомбердиевдики
Обону:Эгемберди Талиповдуку

Күн эмнеге, эмнеге,
Батпай койду сен жокто?
Таң эмнеге, эмнеге да,
Атпай койду сен жокто?
Көмүскө жандай суз болуп,
Көңүлүм чөктү сен жокто.
Көзүмдүн жашын көрсөтпөй,
Кылгырып төктүм сен жокто.
Сен жокто ай, сен жокто.

Куштар неге, эмнеге,
Сайраган жок сен жокто?
Гүлдөр неге, эмнеге да,
Жайнаган жок сен жокто?
Булактын мөлтүр агымы,
Акпады токтоп сен жокто.
Сайраган булбул үнү да,
Жакпады жанга сен жокто.
Сен жокто ай, сен жокто...

Жашоо мага түшүнсөң,
Кермек болду сен жокто.
Жалгызчылык жадатып ай,
Эзмек болду сен жокто.
Эстеген сайын эзилип,
Муңкануу жаным сен жокто.
Үмүтүм тоодой сезилип,
Кыйналуу жаным сен жокто.
Сен жокто ай, сен жокто.
  • Currently 4.50/5
(26 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (43)

30.01.2012. 12:36
 bopos
мага жакты,жакшы клип болуптур.Айнура озу жакшынакай кыз(таарынба э)бир аз "фигурасына"карап койсо мындан да жакшынакай болуп каласын.ушундайын деле жакшы бирок сен элдин адамысын.ийгилик сага.
30.01.2012. 12:38
 bopos
ал эми мойтойгон кыз сонун экен.азамат!
30.01.2012. 13:35
 pep
вааауууу эн сонун! озгочо кичинекей кыз аябай таттуу кыз экен. супер!!!!!
30.01.2012. 13:54
 ebe
da tatenakai kyz kliptin korkyn a4yptyr. 5+++
30.01.2012. 14:38
 maks88
клип мага жаккан жок.бирок чындыгында кичинекей кыз тартып турат экен озгочо
30.01.2012 14:59
lhl
туура айтасын maks88, киинекей кыз аябай тартат экенго. мага жакты
30.01.2012 15:32
lhl
кичинекей кыз мынча ширин э ой ой ой
30.01.2012. 14:59
 4aidai
Айнурага чон рахмат, дагы бир адамдын купулуна толгон чыгарма жаратыптыр. Ырдын обону, создору жакты, Айнура жеткире ырдаптыр. Клипке тартылган бала дагы, кичинекей кыз дагы татынакай, жагымдуу адамдар экен. Айнура озу да супсулуу болуп кетиптир. Ийгилик каалайм
30.01.2012. 15:07
 4aidai
мага озгочо Айнуранын аппак кийинип, ак кардын фонунда ырдаган жери жакты, сонун ойлоп тааптыр, негизи эле жаратылышта, парктарда тартылганды жакшы корот окшойт
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: