Жанр:Поп
00:04:07
51,37 Мб
Жүктөлгөн: 20-09-2013
Сөзү:Г.Шакированыкы
Обону:Б.Капаровдуку
Төк, жамгыр, бирок мени шаштырбагын,
Кайдадыр делөөрүтүп азгырбагын.
Жууп кет көңүлдү эзген кусалыкты,
А бирок калсын жанда жакшы ырларым.
Кайырма:
Төк, жамгыр, төкчү, төкчү нөшөрлөчү,
А бирок калсын жанда жакшы ырларым.
Төк, жамгыр, максатымды сүрөп койчу,
Жашоого кошкум келет үлүшүмдү.
Жууп кет жакпай турган адаттарды,
А бирок жууй көрбө үмүтүмдү.
Кайырма:
Төк, жамгыр, көкөлөтүп маанайымды,
Сулуулап сылап койчу саамайымды.
Өрөпкүп мен бирөөнү күтүп жатам,
А бирок суута көрбө шаабайымды.
Кайырма: