00:03:25
20,36 Мб
Жүктөлгөн: 29-07-2010
Сөзү:Элдики
Обону:Элдики
Кайда жүрсө карааның?
Кайдан сени табамын?
Чындыгында өзүмдү,
Бактысыз деп санаймын.
Кайырма:
Жүрөктүн каны,
Жанымды кыйнайт.
Кайда кеттиң сен?
Кайда жүрдүң сен?
Асыл ардагым,
Менин ардагым.
Мен отурам жаныңда,
Көз жашымды тыя албай.
Махабаттын отуна,
Күйүп-жанып чыдабай.
Кайырма:
Уктай албай түнкүсүн,
Сарсанаага батамын,
Сенсиз таңды атырам,
Тартып сүйүү азабын.