КЫЗ - БУРАК тобу "Кош бол"
Жанр:Поп
00:03:32
55,15 Мб
Жүктөлгөн: 12-03-2012


Сөзү:Кундуз Качкынбаева
Обону:Аман Бердибаев

Сүйүү ырын сага ырдай,
Жүрөмүн сени кыйбай.
Жүрөгүм сыздап жашын тыйбай,
Жалгыздык мени кыйнайт.

Бакытым деп сени мен тандап,
Жүрөгүм сага ардак.
Жүрө албадым колуң кармап,
Башканы кеттиң жандап.

Кайырма:
Кош болгун түбөлүк,
Кайрылбай кайда сен кеттиң?
Күтөмүн дайыма,
Өзүңдү самап жүрөмүн.


Келчи эми деп жалынбаймын,
Кеттиң сен, кайрылбадың.
Сезим кыйнап жалындаймын,
Сезбедиң кайгырганым.

Издебегин эми мени,
Сүйүүнүн бүттү чеги.
Унутамын мен да сени,
Убайым тартпа эми.

Кайырма:
  • Currently 4.10/5
(20 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (88)

12.03.2012. 18:30
 merez_jurok
Клип европалык стандартка ылайыктуу болуп тартылган экен.Ал эми ырдын мааниси жок.Ыр бир гана Сайкалга арналгансыйт, кечкеле ошону коргозо беришет экен!
12.03.2012. 18:32
 karavai
тушунуксузго чиркин!
12.03.2012. 18:49
 Nurik_kg91
Жакшы боллуптур биз жакшы дебесек ким айтат экен жакшы деп биз кыргызга эч нерсе жакпаыт экенго чиркин оооой!!!!
12.03.2012. 19:20
 altyshka1992
bizde blondinkalar koboigon go
12.03.2012. 19:30
 milawka92
takie strawnenkie stali ili 9 ih davno ne videla...ranwe ewe takie krasivye i lu4we peli...(((
12.03.2012 20:47
Nona
milawka92, ty prava na 100 %
12.03.2012. 20:11
 aziz.
жакшы ыр екен негизи кызбурактын кыздары мыкты ырдайт голостору бирибириникине окшош
12.03.2012. 21:35
 LD9R
Клип жакшы тартылган! Ыры фуууууууууу
12.03.2012. 22:51
 alipbek2012
жакшы абдан жакшы алга зн сонун.
12.03.2012. 23:01
 Shurik
Жатып алып эле башкаларга сын тага бериш туура эместир,бирок бир аз ырдын созуно иштешип койсо болмок.Кыз-Бурак деген кечээки эле тоб эмеско.
12.03.2012. 23:37
 kg.kyz
вообше болбоптур ыр деп угуш керек го кайра кайра)))))))) мен даже бир жолу укканга болбоду жакпады таптакыр......
13.03.2012. 01:20
 ysymbek
Мааниси жокко бул ырдын.
13.03.2012. 01:25
 kojonovnurik
Ыры начар жакбады!но клипы жакшы еле болуптур.
13.03.2012. 01:55
 barpynynkyzy
эхх! кыздаар! суйгон адамына туболук кош деп айтууну клиптен ырдан уйронуш керек экен )))
14.03.2012 00:58
snnt
barpynynkyzy, Суйгон адамына айтпа и кудайым ал кунго туш кылбасын. бактылуу кундорду гана тартууласын.
13.03.2012. 02:35
 De.Kg
Stillderi ayabaay jakty, birok birogu yry maanisiz i jagimduuda mesken,,bul menin jeke oium,,Ündörinö albette söz jok!abdan jakshy
13.03.2012. 02:51
 baronessa
молодцы кыздар!! Жакшы иштеп аткан учурунар. клип жогорку денгеелде экен))))
13.03.2012. 05:41
 Djanel555
ушу кыз дегеле жакпай. Ырына 3 бермекмин клити эми 5 ке эптеп тартмакмын.
13.03.2012. 07:22
 islambayishov
klip kachstvasy jakshy , yr maanisi jokko .
13.03.2012. 08:54
 Aelina
Klip jakshy ele boluptur birok jany kyzdar ancha emes eken, murda Kyz-buraktyn kyzdary ar dayim suluu ele, emi emne bolgon.Saikal azamat.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: