Гүлжигит Сатыбеков "Лейлектик кызга"
Жанр:Эстрада
00:04:36
77,99 Мб
Жүктөлгөн: 06-07-2012


Сөзү:Г.Сатыбековдуку
Обону:Г.Сатыбековдуку

БАТКЕНДИКТЕР ГҮЛЖИГИТКЕ НААРАЗЫ
Исфана, Исфана,
Араладым, издегеним сен гана,
Кара көзүм жолугамбы мен сага?
Жолугуп, жолугуп,
Жалгыз эмес, жеңең келди кошулуп,
А сен болсо сүйлөбөйсүң созулуп.

Кайырма:
Не кыласың Лейлекте?
Алып кетем Бишкекке!
Жүгөрүнү “мака” дейт,
Байке дебей “ава” дейт.
Сөздөрүңө байланамда карындашым, вай-ваай.
Сиз да мага жагас дейт,
Окуйсузбу намаз дейт.
Ананайын, ананайын, ананайын, ай-ай-ай.

Кой, жеңе! Кой, жеңе,
Кудалаштык, жакында сен той дебе,
Кайынсиңдиң шаштырбачы, бол дебе.
Буулугуп, буулугуп,
Коштошо албай колуң турду сунулуп,
Көз жашыңды көрсөтпөдүң бурулуп.

Кайырма:
Ыйманыңа береке,
Алып кетем Бишкекке!
Жүгөрүнү “мака” дейт,
Байке дебей “ава” дейт.
Сөздөрүңө байланамда карындашым, вай-ваай.
Сиз да мага жагас дейт,
Окуйсузбу намаз дейт.
Ананайын, ананайын, ананайын, ай-ай-ай.
  • Currently 4.28/5
(85 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (211)

10.07.2012. 17:57
 erik_sakiev
Клип мага анчейин деле жаккан жок тушунуксуз болуп калыптыр
11.07.2012 19:49
dosbol
erik_sakiev, saga bashyn dele jakpasa kerek,,,,,, al jakta emne bar ekeni tushunuksuzda,,,,,,, tamasha......
22.01.2013 17:52
jaina
dosbol, темадан четтеп, адамдын намысына доо келтирүүчү сөздөрдү айтпаңыз! Эскертүү!
11.07.2012. 18:34
 Kerben
Ээ Брат клипта ырда супер соз жок.Эми озбуздун Кербендин кыздарына качан ыр жазасын...!?
12.07.2012. 03:06
 jildizbek1208
соз жок соонун экен
12.07.2012. 10:10
 alooke
Жакшы болуптур. Жонокой болсо да зерикпей корчу клип экен. Жаны кадрлар, баягы кымбат унаа, кооз койнок, особняк деген тажатма кадрлардын жоктугу жакты. Ийгилик, унун очпосун ылайым.
12.07.2012 18:09
Aika001
alooke, oyuna koshulam
12.07.2012. 19:01
 abuuu
Ай маладес, Лейлектен жудуйам катта рахмат
12.07.2012. 22:59
 SNBek
Мен Сулуктудон болом клип Исфана менен Тогузбулактын ортосунда тартылыптыр.А так аяш ава маладес )))))
13.07.2012. 02:10
 karavai
аябай талашып алгансынарго.. Гулжигит озу жакшы ырдайт баардык ырлары маанилуу уккулуктуу ошол себептен талашып жаткан болушунар керек талашпагыла Гулжигит эл ырчысы..
13.07.2012. 11:05
 Sabatar
аябааай соонун клип болуптур,кыз татынакай экен...негизи эле Лейлектин кыздары татынакай болушат,озгочо клип!!!
13.07.2012. 16:55
 kg_girl1991
Болуптур да, аяш аваларга табылбай эле калган турбайбы. Мактап эле жатып калышыптыр. Шылдындаганы менен иштери да жок. Ырдын текстин маани берип окубайсынарбы. Лично мага жаккан жок.
13.07.2012 19:01
jazim
kg_girl1991, ии тим эле ичин кууйуп коро албаган ушул сени десе....
22.07.2012 16:18
baha_kg
Гулжигит супер!!!Модератор AGAT түзөттү 23.07.2012 12:22
13.07.2012. 19:12
 jildizbek1208
Ар нерсе деп сын такпагыла.Ошо бир ыр жаратып коргулочу баштап.Аяш ава деп болунбогуло антип баарыбыз бир тууганбыз кыргыздар.Гулжигит алга эн соонун ыр клипда соонун.Ошо коро албаган адамдардын Аллах журогуно ыйман берсин!!!
13.07.2012. 19:28
 zoro21
красавчиииикккк братан..Баткендик кыздар сулууу экен....сонун...соз 100%жок...
13.07.2012. 21:30
 Nurgazy777
эркекче ыр экен аласын Гужу
13.07.2012. 21:56
 mikinookat
kee bir jeri osh-nookat joluna okshoit ko leilekmes
13.07.2012. 22:14
 benslife
super
14.07.2012. 20:15
 KOrei
Bala da kyz da ozunun roldorun jakwy atkarywyptyr, birin4i kozgo korungonu kyzdyn kiimi bolot eken. kiimi tuura tandalgan birok ki4ine bawka4asyn alywsa jakwy bolmok eken, yimanduu kyzdyn rolun beriptir jakwy. yr da klip da jakwy, chynygy kyrgyz jaktyrgan kok chop, talaa, jalgyz jol menen baskan jeri da jakwy eken
15.07.2012. 17:16
 JUROK
Мага да абдан жакты.Чыгармачылык ийгилик!
15.07.2012. 19:02
 REAL7
Аранжировкасы супер.Азамат...Баракелде
15.07.2012. 23:34
 Rohan_Umar
Азаматсыз Гулжигит! Соонун клип болуптур! Чыгармачылык ийгилик сизге!
16.07.2012. 10:19
 SireN_G
Сонун!
16.07.2012. 16:13
 Nuriik
kachan taza kyrgyz tili menen jazgandy uironosunor? ansiz dele ar kim ar-kaisy tildi koshup suilop jatyp, nary-bery jakka kyrgyz tili choiulup bytmoi boldu.
16.07.2012. 22:17
 LoLoPePe
Мага жакты соонун!
17.07.2012. 01:24
 jibeka_foreve.live
абдан соонун экен мага жакты сизге ийгилик Гулжигит аке
17.07.2012. 01:27
 jibeka_foreve.live
Жугоруну-мака дейт. Байке дебей аке дейт ушул жери оло соонун болуптур мага жаман жакты бул клипке да ырына да соз жок
17.07.2012. 10:45
 kanybay
Гулжигит молодец, жакшы ыр экен, чыгармачылыгыңа ийгилик каалаймын!
17.07.2012. 10:46
 Asecha
Уну, ырдоо стили жагат, Гулжигит байкенин. :)
17.07.2012. 14:49
 Ely
oi ti ele ukmuigo
17.07.2012. 16:18
 azapraza
Super boluptur, menda isfanadan alam kyz alam...
18.07.2012. 13:38
 urmatm
Гулжигиттин Тико ырын каерден тапса болот айтып койгулачы
20.07.2012 17:33
AGAT
urmatm, төмөндөгү шилетеме аркылуу отүп уга аласыз:
http://www.super.kg/media/?type=audio&id=69339
18.07.2012. 15:26
 aijosha
Жакшы ыр болуптурго)) Исфананы сагынып кеттим.))
18.07.2012. 16:53
 kanybay
Сонун ыр экен! кайра кайра угуп атам. Клиптеги жакшынакай
жылдыздуу кыз каяктан экен?
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: