Гүлжигит Сатыбеков "Лейлектик кызга"
Жанр:Эстрада
00:04:36
77,99 Мб
Жүктөлгөн: 06-07-2012


Сөзү:Г.Сатыбековдуку
Обону:Г.Сатыбековдуку

БАТКЕНДИКТЕР ГҮЛЖИГИТКЕ НААРАЗЫ
Исфана, Исфана,
Араладым, издегеним сен гана,
Кара көзүм жолугамбы мен сага?
Жолугуп, жолугуп,
Жалгыз эмес, жеңең келди кошулуп,
А сен болсо сүйлөбөйсүң созулуп.

Кайырма:
Не кыласың Лейлекте?
Алып кетем Бишкекке!
Жүгөрүнү “мака” дейт,
Байке дебей “ава” дейт.
Сөздөрүңө байланамда карындашым, вай-ваай.
Сиз да мага жагас дейт,
Окуйсузбу намаз дейт.
Ананайын, ананайын, ананайын, ай-ай-ай.

Кой, жеңе! Кой, жеңе,
Кудалаштык, жакында сен той дебе,
Кайынсиңдиң шаштырбачы, бол дебе.
Буулугуп, буулугуп,
Коштошо албай колуң турду сунулуп,
Көз жашыңды көрсөтпөдүң бурулуп.

Кайырма:
Ыйманыңа береке,
Алып кетем Бишкекке!
Жүгөрүнү “мака” дейт,
Байке дебей “ава” дейт.
Сөздөрүңө байланамда карындашым, вай-ваай.
Сиз да мага жагас дейт,
Окуйсузбу намаз дейт.
Ананайын, ананайын, ананайын, ай-ай-ай.
  • Currently 4.28/5
(85 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (211)

07.07.2012. 08:53
 тилек
Клипти кайра-кайра коруп клиптин башындагы кыз басып жургон тоо кайсы жерден тартылган опщум таппай койдум кандай болсода Лейлегимди сагындым.
07.07.2012. 09:50
 Syrduu_kyz
Иииий!! Кайра, кайра уккунду келтирет гооооо!! Аябай жакты. Озу да жыргап ырдаптыр.
07.07.2012 18:48
avazbek1986
Syrduu_kyz, ырдын жакшылыгын карасанчы эки кундон бери угуп жыргап калдым иште орус досторум да жатап алды мака деген созду копболду ушундай шайырду ыр укпадым эле.
08.07.2012 11:42
Syrduu_kyz
avazbek1986, :)) Ооба туура айтасыз. Гулжигит байке дагы эки ыр жазып жатканын айтты эле. Алар да ушул сыяктуу позитивдуу экен. Бири "Ошко сапар" ырынын 2-болугу дейт. Буюрса жакынкы кундордо кубоо болуп калабыз. Ал ырлар да орус досторунузга жагат деп умуттоном.
07.07.2012. 11:23
 nuradyl88
Гулжигиттин кулуп ырдаганын биринчи корушум.... ыры жакшы, уккулуктуу экен,......
Эми кезек кайсы областын кыздарында экен?
10.07.2012 16:30
andarak
nuradyl88, эми кезек андарактын кыздарыга келдиго лейлектин кыздары озгочодааа
10.07.2012 16:31
andarak
nuradyl88, эми кезек андарактын кыздарыга келдиго лейлектин кыздары озгочодааа
07.07.2012. 11:44
 Nurkaaaa
maga jakty.
07.07.2012. 13:06
 Knt
ehhh Batkenimdin kyzdary :)
07.07.2012. 16:13
 elnnura
тойлордо бийлей турган соонун ыр болуптур
07.07.2012. 16:17
 bosmos7
Рахмат. Абдан изденуу менен тартылыптыр. Ыр да тасма да заманбап болуптур. Алга Биримдуу Кыргыз!!!
07.07.2012. 16:32
 metsenat
Азаматсын Гулжигит ыр да клип да сонун болуптур.Буюрса тойлордо ХИТ болот го.Ийгилик чыгармачылык ийгилик!!!
07.07.2012. 17:10
 Aika001
soooooooooooooonunken,kayra kayra uksang da tajabaytkensin,ozu da jyrgap yrdaptyrgo ot dushi,azamatsyz Guljigit bayke!!!
07.07.2012. 17:17
 zvezdochca
kyzdyn 4a4y ajabai jakty ukmushtai uzu eken go
07.07.2012. 21:42
 bopos
"классссный"го э.сонун экен мага аябай жакты.ийгилик Гулжигит!
07.07.2012. 23:14
 joseph brain
Тилек бул Булак-Башынын бурулма жери. Мен озум Лейлектен болом.Сагындым Лейлегимди ...Исфана деген жазууну коргонумдо журогум зырт дей тушту,Лейлегимден айланайын!!!
08.07.2012. 05:41
 avazbek1986
мындай кетсе бир эки аптада интернети жаратко бул ыр озум эле кунуго эртеден кечке угам и кыргызсандыктар угуша элек экен
09.07.2012 16:49
Aika001
avazbek1986, kyrgyzstandyktar dagy erteden kechkele uguvatyshat, men tajabai kechke ugam,maanaidi kotoro turgan yrken...:)
08.07.2012. 12:23
 Aigul-aigul
Гулжигит ава чоон рахмат сизге!!! Сонун болуптур! ийгилик сизге!!!Туулган жериме барып келгендей болдум,
08.07.2012. 14:58
 armin85
бравоооо,аябай конулдуу которо турган клип болсуптур сонун экен!онорунор оркундой берсин!
08.07.2012. 21:59
 nur83
ыр да,клип да аябай жакты.
09.07.2012. 00:58
 zulaika
просто супер
09.07.2012. 11:31
 KGMuslim
Соонун чыгыптыр Гулжигит байке Рахмат.
Чыгармачылык ийгилик каалайм
09.07.2012. 14:53
 NUR_kg
Клип сонун чыгыптыр +100
09.07.2012. 23:41
 asemkiz
Аяк жагында Гулжигиттин койногунун боорун ачып майкасын корсотуп чыккан жери, анан ырдын текстиндеги окуйсузбу намазды деген жери жаккан жок калганы СОНУН!!!
10.07.2012 23:15
Schookum
asemkiz,
koschulam. Namaz okubasa albait beken. Yirotyp alat ele da. Anandagu kliptegi kuzga baschka oimoluu koinok tabuschsa bolmok eken, maga uktaaar aldunda kjip jatchuu koinokko okschodu.
09.07.2012. 23:42
 ysymbek
Ыр жакшы экен,ишине ийгилик Гулжигит.
10.07.2012. 01:06
 naklysA
Исфанамды олоо сагындым го рахмат гулжигит байкеге туулган жеримди коруп алдым клип сонунун болуптур ....
10.07.2012. 02:35
 karvinus
Жаратканым ушундай ырчылардан кообурок жаратсын алла ыразы болсун ийгилик Гулжигит.
10.07.2012. 10:24
 apa
Пикирлер жалан баткендикердики экен.Гулжигиттин уну жакшы бирок клиптери как всегде мыркынбайский.Азамат эмне дейбиз.Эми кезек кимде.
15.07.2012 21:27
REAL7
apa, Озун мыркынбайский уктунбу мен Баткендик эмесмин ошентсе да ыр сонун.Кемчилигин айтыш керек бирок маданияттуурак кылып да.Каяктагы озун тушунбогон соз менен жазасын.
10.07.2012. 11:43
 almasha
Сооонун болуптур, И.Раззаковдун мекенинде тартылгын турбайбы...
10.07.2012. 12:14
 Mondur
Дайыма муңга жакын ырларды ырдап жүрчү эле, күлүп ырдаганына өзүмчө эле кубанып алдым.
Өзгөчө Бишкекке унаа күтүп туруп, секирип кол булгалай ойногон жери жакты. Чынында бактылудай сезилет экен.
Эхх үнүнө тойбойм да анан.
10.07.2012. 13:50
 ismail
Эх коменттердин коптугу дагы бир ирет клиптин эн мыкты болгонун далилдеп жатат. Эн сонун ыр, эн сонун клип болуптур. Ийгилик !
10.07.2012. 14:09
 gulshan82
Гулжигит озу уккулуктуу жакшы ырларды чыгарат экен азаматсын Гулжигит алга!
10.07.2012. 16:41
 pluie
Клиптин сценарийи жакшы экен жана ошого жараша тартылыптыр...Клипте кыргыз кызынын ыймандуулугун даназалаган жери жакты, кок шибееееер....соонун жер соонун кадр экен ушул.Чыгармачылыгынызга ийгиликтерди каалап, дагы да жанылыктарды кутобуз!

Супер инфооооо ырдын текстин жазып коюнуздарчы сураныч!
10.07.2012. 17:12
 dosbol
Суперр, чоп устундо, анан кундун батканын карап олтурган жери аябай жакты, талас кыздарына да арнап ыр чыгарып койунуз!
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: