Гүлжигит Сатыбеков "Лейлектик кызга"
Жанр:Эстрада
00:04:36
77,99 Мб
Жүктөлгөн: 06-07-2012


Сөзү:Г.Сатыбековдуку
Обону:Г.Сатыбековдуку

БАТКЕНДИКТЕР ГҮЛЖИГИТКЕ НААРАЗЫ
Исфана, Исфана,
Араладым, издегеним сен гана,
Кара көзүм жолугамбы мен сага?
Жолугуп, жолугуп,
Жалгыз эмес, жеңең келди кошулуп,
А сен болсо сүйлөбөйсүң созулуп.

Кайырма:
Не кыласың Лейлекте?
Алып кетем Бишкекке!
Жүгөрүнү “мака” дейт,
Байке дебей “ава” дейт.
Сөздөрүңө байланамда карындашым, вай-ваай.
Сиз да мага жагас дейт,
Окуйсузбу намаз дейт.
Ананайын, ананайын, ананайын, ай-ай-ай.

Кой, жеңе! Кой, жеңе,
Кудалаштык, жакында сен той дебе,
Кайынсиңдиң шаштырбачы, бол дебе.
Буулугуп, буулугуп,
Коштошо албай колуң турду сунулуп,
Көз жашыңды көрсөтпөдүң бурулуп.

Кайырма:
Ыйманыңа береке,
Алып кетем Бишкекке!
Жүгөрүнү “мака” дейт,
Байке дебей “ава” дейт.
Сөздөрүңө байланамда карындашым, вай-ваай.
Сиз да мага жагас дейт,
Окуйсузбу намаз дейт.
Ананайын, ананайын, ананайын, ай-ай-ай.
  • Currently 4.28/5
(85 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (211)

06.07.2012. 10:42
 sparkle
Ошко сапардан кийин Лейлекке отуп кеткенго. Клиптеги кыздын чачы соонун экен
06.07.2012. 10:45
 Askartoo
Гулжигит ырыныздын баарын эле оштуктарга арнай бербей,Кыргызстандын башка жерлерине деле арнап ырдап койсонуз кыргыздын патриот жигити болот элениз...
06.07.2012 14:11
hayat
Лейлек - Ош эмес, билип алыныз. Анан "Ош, мош..." деп жазбай эле койун.
06.07.2012 17:10
kyrgyzbaev1980
hayat, кыргызча эле суйлочу койун пойун дебей эле койгун деп жазбайсынбы
07.07.2012 12:57
Knt
kyrgyzbaev1980, eeee kyrgyz!!!grammatikany okudun bele ozu?
05.07.2013 11:16
ayd
Knt, хехе
10.07.2012 12:23
monchok
Askartoo, Оштуктарга деп болунгондор жаман жадаттынарго. Ош болобу Лейлек болобу баарибир Кыргызстан.
12.08.2012 21:32
satybekov80
Askartoo, буйруса ал чыгармалар да жарыкка чыгат.
06.07.2012. 11:23
 jaina
"Окуйсузбу намаз?" деп кызыкканына караганда кыз окуйт бекен? Анда неге жетелешип жүрөт эркек менен?!
07.07.2012 12:58
Knt
jaina, trolololololloooollooo!!!!
01.10.2012 10:59
baibolot71
jaina, Жиндисинби сен кандай суйлойсун, кыздын Бишкеке келгиси келип жатат да.
06.07.2012. 11:25
 nurbek_posol
Ыр дагы сонун, клип дагы сонун болуптур ! Ийгилик !
06.07.2012. 11:41
 akumut
Гулжигит азаматсын, клибинди кыздын сулуулугу ачыптыр! Сага ийгилик! Бишкектен Ошко отуп кетпестен эми Жалалабатка да кайрыл!
06.07.2012. 11:44
 Janym_ata_enem
Негизи жалпысынан караганда ыр уккулуктуу болуптур. Анан "не кыласын лейлекте, алып кткм Бишкекке" дейт. Эмне лейлекте бирдеме кыла турган эч нерсе жокпу? Анданда эн кызыгы лейлекте никени апалар окуйт сыяктуу. айтайын дегеним, апасына алпарып батасын алып, жолугун салып, уйунон алып чыгып келе берди. Андан да кызыгы, Бишкекке келип-келбей жатып башынан жолугун алып салды. Бул клиптен бир кадр мага озгочо жакты. 3:53.3:54чу кыз-жигиттин жашыл чопто жатканы.
07.07.2012 12:20
KURSHAB
Janym_ata_enem, cага эмне кино беле баарын подробна тарткыдай, же болбосом соссуз бир нерсесин чукуп табып туруш керекпи? мындай экенго андай экенго деп тим эле... жакпаса корбой кой клипти, кутуласын.........
07.07.2012 12:59
Knt
KURSHAB, v to4ku!
11.08.2012 15:26
nurbekbakirov
Janym_ata_enem,Аны гулжититтин озуно барып айтта Лейлектиктерге соз тийгизбей
06.07.2012. 11:46
 RossiKG
ошентип Исфана,Бишкек,Ош,Баткен,Жалал-Абад,Нарын,Талас,Ыссык-Кол же башка Кыргызстанымдын жери болобу- Достукта-Бирдикте Жашайлы Кыргыз Элим! Билими кучтуу бирди женет Биримдиги кучтуу минди женет!
07.07.2012 15:56
paaatriot
RossiKG, Сизге окшогон патриоттор коп болуп КЫРГЫЗЫМ болунгонду токтотсо аттин!!!
06.07.2012. 12:40
 jazim
Аиии сонун, сонун, сонун дагы сонун......
06.07.2012. 13:29
 aselhan
клиптеги кыз кайсы кыз эле



06.07.2012. 14:37
 nazgul8076
Ооо мынча сонун клип болгон ыя. Менин алтындай кошуна эжем. клиптин кызыгына чыгарып берген турбайбы. Азаматсыз Анара эже. Талантыныз оркундой берсин. Гулжигиттин ар бир ыры уккулуктуу, баарын жакыш коруп угам.Азаматсыз, ушунунуздан жазбай, элинизге жагымдуу ырларды тартуулап журо бериниз.Сизге чыгармачылык ийгилик каалайм.
06.07.2012. 14:40
 nazgul8076
Килиптеги женеси точно Лейлектен болот, аны точно билем... :)
06.07.2012. 15:40
 Alisher
Ийгилик соонун болуптур конулду ачкан
06.07.2012. 16:44
 nokia96
жугоруну мака деп байке дебей ака ушул жери оло жакты Гулжигит байке азматсыз талантыныз оркундой берсин.
07.07.2012 13:01
Knt
nokia96, aka emes ava,Leilek,anan Batkendin keebir aiyldary aka emes ava ele deit
06.07.2012. 16:55
 akylai1992
эн сонун чыгыптыр,азаматсыз,дагы сонун ырлард жаратып журо бериниз,ийгилик сизге!
06.07.2012. 17:22
 asil.ai
эн сонун,талантынызга таазим!!!
06.07.2012. 18:23
 kgz181092
Соз жок
06.07.2012. 19:29
 Anara303
jakty :)
06.07.2012. 20:03
 Nuru88
Ээххх жашыл шибердуу узаак жолдор,кандай гана керемет жерлер.Жогоруда Janym_ata_enem айткандай мага да кыз-жигиттин жашыл чопто жатканы жакты.Азаматсыз Гулжигит байке,чыгармачылыгыныз мындан да оркундой берсин.Ийгиликтер гана каалайм.
06.07.2012. 21:18
 aimas
ehhh, sonun klip boluptur. ozum leylekten emesmin, birok baryp korup kelem bir kunu. yr degen ushunday pozitiv tartuulap tursa, kaira kaira ukkung kelet. iygilik Guljigit baike.
07.07.2012 13:03
Knt
aimas, Leilektin sonun jailooloru bar:),jalpysynan alganda Batken jerinde sonun kooz jerler bar,kelgile,konok bolup ketkile))!!!
06.07.2012. 23:28
 kerim
Гулжигит Азаматсын Адамга Аябай Жагымдуу ырларды чыгарасын Иштерине ийгилик.
06.07.2012. 23:59
 golden_boy_KG
супер
07.07.2012. 00:24
 damka
ии сонун соз жок силер аны муну суйлой бербегиле достор
07.07.2012. 02:10
 agent007kg
Азаматсыз!Лейлектик кыздар барсынарбы?
06.08.2012 13:35
Giza
agent007kg,ooaaa barbiz:)))
07.07.2012. 02:27
 fanatka19
мен озум нарындан болом.бирок бул ырды лейлектин кыздарына арналыптыр деп таарынбай эле,мага чыгаргандай эле жыргап угуп атам.азаматсын Гулжигит алга!
07.07.2012. 07:18
 roy
кызы сулуу экен ииии
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: