Айчүрөк Иманалиева, Алина Жетигенова, Асель Турдалиева "Алга, Кыргызстан!"
Жанр:Эстрада
00:04:16
53,02 Мб
Жүктөлгөн: 21-08-2013


Сөзү:А.Акбаровдуку
Обону:А.Иманалиеваныкы

Байланышкан видео

3 ырчынын достугун бекемдеген клип
Намыс болуп, кош канаты
Оболоп учуп талбаган,
Жеңиштерге бирге жетип,
Ынтымак жолдон тайбаган.
Жигиттериң шумкар сымал,
Бийиктик менен дос болуп,
Даңазалуу бабалардай
Көтөргүн элдин байрагын.

Кайырма:
Кыргызстан, алга, алга!
Өркүндөй бергин алгала!
Кыргызстан, алга, алга!
Бүт дүйнө уксун жардана!

Нурдан бүткөн айым-кыздар,
Жан дилин аруу баалаган.
Нарк каадалуу байбичелер,
Ырыс кут үйдү кармаган.
Үмүт болуп жоодурайт гүл,
Көз жоосун алат айланам.
Кыргызстан бакыт үйү
Түбөлүк гүлдөп жайнаган.

Кайырма:

Теңир колдоп кыргыз жерин,
Жамандык кайгы баспасын.
Кыргыз көчүн улуу жолго
Даанышман Чыңгыз баштасын.
Урпактарга мурас болсун
Ажайып Манас дастаны.
Касиеттүү кыргыз жерим
Чалкыган бийик асманым.

Кайырма:
  • Currently 4.04/5
(26 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (104)

22.08.2013. 13:49
 asyl81
Жакшы клип азаматсынар, бирок, чындыгында Елена таптакыр туура келбей калыптыр.
22.08.2013. 14:03
 ss90
кыргызымдын айымдары,атты минген жагынан эч кимге алдырбайбыз го))
22.08.2013. 14:49
 Aida91
Жакшы клип, жакшы ыр болуптур!!!!!!!!!!
Молодцы Биздин эжелерибиз, патриоттук сезимдерди ойготкон ыр болуптур!!!!!!!!!!!!!
22.08.2013. 14:56
 fanatka19
эн сонун.Эжелерибиз бар болсун.
22.08.2013. 15:31
 Narynbek
Эгемендүүлүк күнүнө сонун белек болуптур!Азаматсыңар эжекелер!Кандай гана керемет,кооз мекенибиз бар!Алга Кыргызстан!!!
22.08.2013. 15:33
 angelKG
Эн сонун клип болуптур.Азамат кыргыздын айымдыры!!!!
22.08.2013. 17:11
 kopush
Айчурок эжекеге чон рахмат ушундай ырды жаратканына!!! Супер!!! Учоосу абдан жарашып калат экен. Мен Айчурок, Алина эжекелеримдин ырлары менен чонойгом. Айчурок эч чарчабаныз. Дайым алга.Кыргызстан алга!!!
22.08.2013. 17:21
 kopush
Менин оюмча учоосунун жанында Динара кошулса размерлери жарашпай калмак. Уну деле бул ырга жарашмак эмес. Айчурок Алина Асель сонун клип болуптур. Учуп кетейин дедим коруп жатып. Суперчилер жылдын ыры деп эжекелерге берип койсонор кандай болот болду экен ыяя.
22.08.2013. 17:23
 kopush
Айчурок эжекеге кыргыз кийим ушунчалык жарашат. Бетинизден обом,обом,обом
22.08.2013. 17:25
 aziza.jusupova
Da sonun klip tartylyptyr.Kyrgyzstan alga!
22.08.2013. 18:09
 deya-deya
Жакшы клипп болуптур. Менимче, идея балким ырчы эжекелерибиздики болсо болгондур, а бирок мээнеттин 60 пайызы Эрнист Сыдыковдуку экендигин унутпасак. Туура жерлерди тандап, "грамотно" монтаж жасап, оператордун ишин мыкты тартып, элге жагымдуу болуш учун. Молодец, Эрнист! Мээнетин текке кетпди деп ойлойм, эми узурун коро бер!
22.08.2013. 18:56
 rayana86
suuuupeeer........
22.08.2013. 19:51
 ermek91
Айчурок эженин татирофкасы соонунгооо!!
22.08.2013. 21:31
 vanykyrgyz
Ыр уккулуктуу, созу да жакшы. Клип болсо супер болуптур. Ким тартса да азамат. Учоосунун бириккени мыкты болуптур. окшош киингендери да жакшы болуптур. Айчурок Асель Алина Алга Кыргызстан алга!!!
22.08.2013. 21:35
 NADUW
сонун клип! формалары дагы укмуш экен!
22.08.2013. 22:09
 DIMARAT
елена айябай попко
23.08.2013. 02:52
 tokmok1
мамлекеттин жетишкендиктери жонундо болсо жакшы болмок.
23.08.2013. 07:21
 rustam-jan
Айабай сонун клип болуптур Алга!!! КЫргызтан!!!
23.08.2013. 08:51
 Aisuluu7
Соонун клип болуптур! Аттын устундогу кийимдери соонун жарашыптыр. Азаматсыздар!
23.08.2013. 09:12
 zara
Еленаны Алина деп жаздырышса мынча популярдуулукка жетпейт эле :)... Эжекелер, бали, чыгынып жакшы клип тартышкан экен. Баса бул клипти жаӊы эле КТРКнын Заманасы биз биринчилерден болуп сунуштайбыз деп жар салып берди, а бул жерде жүктөлгөнүнө эки күн болуп калган экен.Ошооооо Замана :)
23.08.2013. 10:43
 Ananasky
Азаматсыздар эжекелер, талантыныздарга таазим .
23.08.2013. 13:45
 Agusa
Азаматтсыздар эн сонун клип болуптур! Кайра-кайра коруп тажабайсын!
23.08.2013. 14:35
 mig
Алина изящная аристократка, Асель непоседливая "хулиганка-пацанка", а Айчурок многоплановая колоритная айым)))
23.08.2013. 18:11
 Nurzada88
Ырдын мааниси зор экен, жаштарды патриоттуулука чакырган аябай сонун клип болуптур. Эгемендуулук кунуно карата арнаган белегиниздерге чоон рахмат. Алга Кыргызстан!
23.08.2013. 20:26
 MayaB
абдан жакшы клип болуптур азаматсынар
24.08.2013. 00:56
 belka.kg
Алга КЫРГЫЗСТАН!азаматсынар сонун клип болуптур,Кыргызстандын кооздугу коргозулптур мага абдан жакты.
24.08.2013. 06:25
 janymai
jakwy klip boluptur, bolgonu Alina ejekebiz podpevkada ele jurgondoy bolup kalyptyr. Ortogo dele kowup koiuwsa bolmok eken. Aichuroktun ele unu ugulat. A jalpysynan jakwy klip bolgon.
24.08.2013. 12:19
 rusana
Сонун клип болуптур гооо... Айчурок эженин татуировкасы ашыкча болуп кетиптир.... Ак жоолук ак койнок кийип ырдап жатып эле татуировка менен чыга калса...
24.08.2013. 17:57
 vanga_78
Азаматсынар!!! Мекенимден алыстамын, козго жаш тегеренет да.Жакшы!!! Ушунча тарткандан кийин парашют менен секирсенер болмок экен.
24.08.2013. 18:17
 Gulzhan
Ыр да клип да эн сонун соз жок! Эжелерге чыгармачылык ийгилик каалайм, мындай клиптерден кобуроок тартаарына тилектешмин
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: