Айчүрөк Иманалиева "Элегия"
Жанр:Поп
00:03:26
52,25 Мб
Жүктөлгөн: 28-01-2016


Сөзү:О.Султановдуку
Обону:Т.Казаковдуку

Эмненидир мен сага арноом керек,
Көз көрүшүү болбойт го кайрадан бир.
Ал күндөрдө кайрадан баргым келет,
Эмненидир мен сага арноом керек.

Кайырма:
Сен кайдасың бул күндө мен кайдамын,
Боз жоргодой таң ашчу жайдакталдым.
Биз жоголдук экинчи кайрылбайбыз,
Сен кайдасың бул күндө мен кайдамын?

Жакшы ыр жазып мен сага арноом керек,
Барбы алдыда кездөшүү эч ким билбейт.
Ошол түнгө түбөлүк калгым келет,
Жакшы ыр жазып мен сага арноом керек.

Кайырма:

Өзүмдү-өзүм мен эми алдоом керек,
Качандыр бир кездерде жолугам деп.
Ушул ырды жакшы деп арноом керек,
Өзүмдү-өзүм ошентип алдоом керек.

Кайырма:
  • Currently 5.00/5
(4 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (26)

28.01.2016. 18:23
 http
Жакшы клип, корунбой кетти бул эээжебиз. Ийгилик
28.01.2016. 18:27
 Asema89
Эжешка, мы вас всегда уважаем. Наша примадонна. Чыгармачылык эргуу каалайм.
28.01.2016. 20:13
 aizatka87d

ииий Айчурок эжебиз ошол бойдонго жапжаш жашы кырктан ашып калдыбы Ким билет

28.01.2016 22:09
rahat97
aizatka87d,элуу дон ашкан бирок отуздай корунот алга айчурок эже rahat97 түзөттү 2016-01-28 22:11:18
28.01.2016. 20:13
 mersedes2013
Клипке эч тушунбодум мен????
28.01.2016. 23:07
 zoichka
Тушунуксуз.башаламан клип???
29.01.2016 11:14
amanatym
zoichka,клип эмес жён эле видео болуп калыптыр.
29.01.2016. 01:30
 ASELENOK
Эски ырчы да кантсе да, марку держит
29.01.2016. 03:07
 bakaiBBBB
хреново
29.01.2016. 09:09
 deva
Клипке түшүнсөм өлөйүн...
29.01.2016. 09:49
 Bat
MP3 вариантын дагы жуктоп койгулачы
29.01.2016. 10:32
 belek16
бул аялдын аракеттчилдигин урматтайм. азамат!!!
29.01.2016. 13:09
 Salman1477
Экоо убагында суйушкон, бирок эки башка жашоону тандап кеткендердин жашоосун корсотуп атат
29.01.2016. 19:22
 nazis
Гулнур Сатылганова сонун ырдаган бул ырды.Бул вариант жаккан жок.
30.01.2016. 00:39
 tavsan
klipti tushunsom oloyun. Tigi bala oyunchuk algan tigi ayaldin surottun karap atpait bele anan ele bashka jak baryp kaldy. Anan tigi ayaldikina Aichurok apchem kelip kaldy. Jakkan jok. Aichurok apchemdin shokulo kiyhen jerinde ХХХ ХХХ ХХХМодератор admin_media түзөттү 2016-02-01 17:06:26
01.02.2016 17:06
admin_media
tavsan,
Эскертүү! Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!
31.01.2016. 04:13
 nurkaa
Айчурок эжеке молодец. Биз бала чакта суктанып сулуулугуна ырын угуп чонойдук. Азыр деле татынакай карагылачы, бул эжекенин колунда чонойгон Анжеликаны карагыла Ал да татынакай эженин эмгеги Деп ойлом
01.02.2016. 14:57
 Aizi92
Айчурок эженин кийингени жагат.Озунун жашына ылайыктуу, анан жарашыктуу кийимдерди кийет.Ыры да соонун...
01.02.2016. 19:42
 Izdeim_seni.
Такыр жакбайт. Турган турпатынан бери жасалма ушу ырчынын. Такыр эле натуральный эч нерсеси жок.
03.02.2016. 20:45
 romashkakg
Мурда бул ырды укпачым деле. Айчурок айым жеткире ырдаптыр. Азамат дегенден башка соз айталбайм. Браво кыргыз эстрадасын прмадоннасы!!!
03.02.2016. 20:46
 romashkakg
Менин билишимче Алина жана Динара эжелерден Айчурок Иманалиева беш алты жаш кичууго дейм.
03.02.2016. 21:54
 berekeshka
Жакшы клип болуптур. Ырга Айчурок, Айчурокко ыр бап жарашыптыр.
07.02.2016. 22:13
 Patriot007
Айчурок айым баардык ырларыныз уккулуктуу абдан жакшы ырдайсыз.Клиптин сапаты орто,мааниси тушунуксуз.. Сиздин денгелдеги ырчыларга сапатка иштесе жарашчуудай.Мыкты чыгармаларды кутобуз. Ийгилик сизге!
21.02.2016. 13:28
 Nur0701
Жакты мага бирок клип шахзода менен улугбектин рашк деген клибине окшош болуп калгандай
27.02.2016. 05:50
 azimhan
Жакшы клип болуптур.
19.12.2018. 20:52
 Nanei
Элегияны Гульнур Сатылганова катыра ырдайт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: