Айчүрөк Иманалиева "Алымкан"
Жанр:Эстрада
00:04:24
73,76 Мб
Жүктөлгөн: 09-11-2010


Сөзү:Т. Сатылгановдуку
Обону:Б. Эгинчиевдики

Атка салган дилдейсиң,
Ачылган кызыл гүлдөйсүң.
Бир күн оору, бир күн соо,
Алымкан, азабың тартсам билбейсиң.

Бетегелүү майданым,
Пейили жакшы жайдарым.
Көлөкөлүү майданым,
Алымкан, көңүлү жакшы жайдарым.

Кашкардын тоосу кайрылыш,
Кайрылып учат улуу куш.
Кайрылып мага келет деп,
Алымкан, карыпка салбай кыйын иш.

Букардын тоосу бурулуш,
Бурулуп учат улуу куш.
Бурулуп мага келет,
Алымкан, муңдууга салбай кыйын иш.

Саркештеп сайган жоолугуң,
Сарсанаа кылат жоругуң.
Көркөмдөп сайган жоолугуң,
Алымкан, көп санаа кылат жоругуң.

Токтогул черткен "Жаш кыял",
Тыңдасаң боло, Алымкан.
Ак шайы жоолук колго алып,
Булгасаң боло, Алымкан.
Аз күнчөлүк өмүрдө,
Жыргасаң боло, Алымкан.
  • Currently 0.00/5
(0 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (25)

09.11.2010. 12:43
 honey
Азыркы клиптер, кобунчо кыргызча илгерки тартылган кинолордон алып тартылганы суйундурот. Жакшы тартылган жана Айчурок эже жакшы аткарган.
09.11.2010. 16:24
 happykyz
+10
09.11.2010. 16:39
 saraltyn
кызык! клиптин башындагы үнтрек (соунд трек) өтө шаңдуу эмес, этер байкасаңар. бирок Айчүрөк эже ырдаганда өтө эле шаңдуу болуп кетиптир го йа...

менден -7
11.11.2010. 03:14
 RitaM
Maga aiabai jakty!Sizge iygilik kaalaim!!!
11.11.2010. 04:03
 aminali
Artister biri birin tuurai bergeni bolboit da tuurabi dostor,eski kinonu alip turup jani4a boengonunu takir tuura emes ko,jonokoi ele tartilsa sonun bolmok,boenboso dele suluu bul eje.
11.11.2010. 21:28
 alisam
Айчурок эже жаны ырдап чыкканда уну аябай кучтуу эле. Мындайча айтканда озунун табигый уну аябай жакшы болчу. Кийин унун кысып алып, кооздоп ырдап жиниме тийчуу. Коздорундо укмуштуудай кылып ойноктотуп, кайсарлана берчуу эле. Азыр анын баары Анжеликага жугуптур. Ал эми Ал
13.11.2010. 04:06
 Aelina
Bakirip, okurup emne dep irdap koygon maga takir jakkan jok, klip jaman emes.
13.11.2010. 16:26
 stiv
ушул эже такыр жакпайт аллергия
13.11.2010. 16:30
 stiv
кепканы кантип чечтиришти экен,кой бул клипке кепка кийгенге бобойт деп аран кондурушсо керек.Ыр аябай сонун ыр да
14.11.2010. 03:21
 Karamel
элечегинин усту алынбаган кадрларда бети бултушка болуп анан тиги элечегинин асты тиши ооруганда повязка байлап алгансып корунуп калат экен.)))) а так жакшы ле ырдаган. кыргыз кийими аябай жакты.
17.11.2010. 11:58
 Мэри
Айчурок эже элдик ырларды жакшы аткарат. "Алымканды" да жогорку денгээлде ырдаптыр.
26.11.2010. 00:23
 damirova
ai4yrok eje yda4i vam!!!
26.11.2010. 01:41
 chingiz
4yn ele tiwi oorup betin tanyp algandai bolup kalyptyr:)a yr a9bay jakwy yr,birok Aichurok e4 jakpait da....
15.12.2010. 11:36
 MaRmeLaDka
Эмне деген клип? Айчурок эже качантан бери келатат. Ошого жараша мыкты клип тартса болмок.
16.12.2010. 23:31
 Agusha
ыр жаай анан шок болуп кетсе чочуп кеттим
29.12.2010. 17:43
 shana
Айчурок эже бул ырды мыкты ырдаган! Клип дагы ойдогудай болуптур! Эжеге кааларым ийгилик, талыкпаган эмгегинин узурун коруп, бактылуу айымдардан болуусун тилейм. Уй-булону да, ишин да бирдей кылып алып кеткен ар кимдин колунан келе бербейт. Айчурок эжени башкалардан мыкты адамагерчилик сапаттары жана дагы таланты, талыкпаган эмгеги айырмалап турат.
30.12.2010. 03:13
 jamalenok
ото эле макияжды чаптап алыптыр! кыргыздын нукура алымканына окшошпоптур!
17.01.2011. 15:43
 Ulanbek kg
Айчурек эже молодец кобуроок кыргыздын алтын фондундагы кинолордон кошуп клип тарттырганы абдан жакшы болуптур.Ийгилик сизге... Азаматсыз...
23.02.2011. 05:57
 nurjazi
aichurok eje jany chykkanda jakshy yrdayt ele,kyimyl araketteri dele ozuno jarashat ele.azyr bolso ayabay ozunun suluulugun,unun,jana avtoritetin dele jogottu.bul klipte jogoruda aytyp ketkendei ele makiyajdy tuura emes tandaptyr,1 tonna chaptap salyptyr.yr ozu jakshy.
11.03.2011. 16:49
 pomme-z
Алымкандын сулуулугу жаратылыштан,ал эми Айчурок эжебиз канча кыйналса да окшошпойт
21.03.2011. 05:39
 Fernando
5
05.06.2011. 21:29
 onyx
+10 ... Уважуха за то что она Таласская.!!! Талас-барбы???
07.08.2011. 22:47
 zontik
ушул эжекем озун 17 жаш сезе бергени жакпайт да пай пай
18.07.2012. 02:01
 Bishkek_87
Ким-эмне десе деле,бул Айчурок эжебизди абдан сыйлайм.Чын эле тээ канчанчы жылдан бери Жакшы ырдап,сапаттуу клиптерди тартып келет.Бирок возраст деген баары бир озунукун алып коёт экен,анан тиягы начар биягы начар деген болбойт.Обширно караш керек,она же старается,и как ни как она НАША ПЕВИЦА,Наша КЫРГЫЗСКАЯ певица...Так что достор,уважайтетишкерек...
07.01.2014. 22:56
 baitumar
Эмне тырышып жатасынар. Жаш, жаш эмес дегендей. публичный уйдо отурасынарбы, уялбайсынырбы,18- 20 жаш коргунор келсе мындай жерлер да бар. Айчурок Иманалиева болсо ыйык сахна, бийик искусствонун устундо иштейт. Кыргыздар уят эле, уят.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: