Айчүрөк Иманалиева, Алина Жетигенова, Асель Турдалиева "Алга, Кыргызстан!"
Жанр:Эстрада
00:04:16
53,02 Мб
Жүктөлгөн: 21-08-2013


Сөзү:А.Акбаровдуку
Обону:А.Иманалиеваныкы

Намыс болуп, кош канаты
Оболоп учуп талбаган,
Жеңиштерге бирге жетип,
Ынтымак жолдон тайбаган.
Жигиттериң шумкар сымал,
Бийиктик менен дос болуп,
Даңазалуу бабалардай
Көтөргүн элдин байрагын.

Кайырма:
Кыргызстан, алга, алга!
Өркүндөй бергин алгала!
Кыргызстан, алга, алга!
Бүт дүйнө уксун жардана!

Нурдан бүткөн айым-кыздар,
Жан дилин аруу баалаган.
Нарк каадалуу байбичелер,
Ырыс кут үйдү кармаган.
Үмүт болуп жоодурайт гүл,
Көз жоосун алат айланам.
Кыргызстан бакыт үйү
Түбөлүк гүлдөп жайнаган.

Кайырма:

Теңир колдоп кыргыз жерин,
Жамандык кайгы баспасын.
Кыргыз көчүн улуу жолго
Даанышман Чыңгыз баштасын.
Урпактарга мурас болсун
Ажайып Манас дастаны.
Касиеттүү кыргыз жерим
Чалкыган бийик асманым.

Кайырма:
  • Currently 4.04/5
(26 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (104)

21.08.2013. 20:28
 teitka
параходдун аты елена болуп калыптыр!кыргызстан кылып кызыл менен жазышпаптыр да!
22.08.2013 11:46
AFRODITA-89
teitka, башка тарабынан тартса балким корунбой калат беле же эки тарабы тен Елена бекен...
21.08.2013. 20:47
 asel.kg1995
Елена эле клипти сатып койюптур. а так клип аябай МЫКТЫ!!!)
21.08.2013. 20:55
 azia9393
сооонун 555 кыргыз жерлери да жакшы берилиптир эжелерге рахмат!!!
21.08.2013. 21:05
 nurbek_posol
Admin_Media, менин жазганыма да жооп берип койчу http://www.super.kg/article/?article=23733
22.08.2013 08:59
admin_media
nurbek_posol,
Ырды алып, анан шилтеме берип коюуну туура көргөнбүз.
22.08.2013 12:30
nurbek_posol
admin_media, Рахмат силерге! Клиби деле болсо керек КТРКда
21.08.2013. 21:12
 Agusha
Айчурок эжебиз эмнеге эле шокулонун бир туру тебетей беле ошондой кийе берет илгерки байдын эрке кыздарына окшоп калат)бирок клипке соз жок баары соонун
21.08.2013. 22:36
 gooool
Эн сонун,жакшы тартышыптыр азматсыздар эжелер,бир жери!бул менин жеке оюум,кемедеги Елена деген жазуунун оордуна убактылуу болсо да КЫРГЫЗСТАН деп жаздырып койсонор сонун болуп жатып калмак!!!
21.08.2013 23:15
Lyuza
gooool, Менин да ошону ойлондум эле коруп жаттып.....
21.08.2013. 23:09
 yalegenda
баракелде ишинерге ийгилик
21.08.2013. 23:16
 meerimka86
Елена дмоорчу болсо керек да,ошого ошол кемени реклама кылып жатышат
21.08.2013. 23:25
 Joni.kg
азаматсынар...
21.08.2013. 23:30
 KG_URPAGI
Балли! балли! баракелде эжекелер! Менин да жан дуйномо бир туугандыктын жылуулугун, кереметтуу кооз жаратылыштын сулуулугун, акылды ойго салган аруулук менен мекенге болгон чексиз патриоттуулукту тартууладыныздар! Аз убакытка болсо да денемде канаттар пайда болгонсуп, асманда коколоп учкансыган сезимдер жашоомду мунотторго жакшы жактарга буруп жатты. Ата-Журтум Кыргызстанды чексиз-чексиз суйуп жаттым. Анын осуп-онугушу учун бардык мумкунчулукторумду жумшоого озумо убада берип жаттым!
22.08.2013 11:44
AFRODITA-89
KG_URPAGI, кошулам сага, менде да клипти коруп буткончо башкача сезимдер болуп турду. Кыргызстаным деп козумо жаш да айланды. Ушунчлык сагындым оз жеримди.
22.08.2013. 02:01
 maugli
ukmuw boluptur!!))
22.08.2013. 02:32
 Nuraiym.marasilova
Сонун клип болуптур! КЫРГЫЗСТАНыбыз эми чындап эле оркундоп кетсин!!!
22.08.2013. 02:38
 spanchik
Sonun klip tartyshyptyr!!! Biz siler menen syimyktanabyz!!! Molodcy!!!
22.08.2013. 03:45
 IRA
Алина эженин да прическасы жарашыптыр айрыкча кырктаргандан кийинкиси. супер!!!!!!!!11
22.08.2013. 04:17
 nuishka
менде корсотпой жататкоо(((
22.08.2013. 07:13
 upol92
Эх сооооонун болуптурго.
Кыргызстанымды сагынып кеттим.
Саны бар сапаты жок ырчыларга караганда.
Озунуздор ушинтип чыгып турсаныздар.
Таза ун, чыныгы талант.
Ийгилиииииииик !!!!
22.08.2013. 09:03
 admin_media
Beka_89_kg,
Саламатсызбы!
Кандай катачылыктар болуп жатат? Эмне деп жазып чыгып жатат? Купуяма кененирээк кат жазып койсоңуз. Рахмат!
22.08.2013. 09:12
 Shaki
Сонун ыр,клип супер!
22.08.2013. 09:14
 Kai
мололец Эрнис ништяк болуптур!
22.08.2013. 09:24
 amerikano
Звучная песня, хороший клип, вот только теплоход под названием "Елена" для произведения "Алга, КЫРГЫЗСТАН" портит общее впечатление...
22.08.2013. 09:29
 deva
Клипке семиз "5"! Азаматсыздар, эжекелер!
22.08.2013. 09:32
 Нуркыз Курманбек кызы
ЭЭЭЭЭЭЭЭЭЭЭЭЭЭЭх Айчурок эже толкундангандай эле бар экен мыкты эээээээн мыкты
22.08.2013. 09:35
 Нуркыз Курманбек кызы
Елена деген теплоходко жабышкандарчы Колго анда кыргызстандан чыгарылган Жыпара деген теплоход алпарып койгула анан суйлогуло даяр эмгекти курулай созго калтырып бул жерде билерман болбой
22.08.2013. 09:59
 gitaristka_2013
Бир жеринде Асель эже менен Алина эженин уну дал келбей калыптыр. Калганы жакшы.
22.08.2013. 10:00
 adalsvards
Эң мыкты мекенчил духундагы ыр жана клип! Картинаны толук кабыл алуу үчүн эмнегедир Динара Акулованы да кошо көргүм келди...
22.08.2013 12:51
nurbek_posol
adalsvards, Ооба, Динара эженин жоктугу билинип турат"
23.08.2013 04:12
semakg
adalsvards, Динара эженин Айчурок эжен менен урушу Суперде бир жылы сериал болуп журдуго ))))))))
22.08.2013. 10:29
 elvira1980
Эн жакшы клип!Елена дегенди эми оздору байкабай калса керек да.бизде кичине бир нерсени деле коро калышат же оздору андай клипти тарта албагандан кийин унчукпай эле отурушса болмок.Ишиниздергеийгилик досчулугунуздар бекем болсун!
22.08.2013. 10:43
 Асылжан
Клипти көрүп көз ачылат. Эң мыкты клип. Жерибиздин кооздугун, ыйыктыгын даңазалаган клип болуптур. Азаматсыздар, эжелер!!!
23.08.2013 17:10
acer11
Асылжан, клип жакшы тартылган бул клип оператор,монтаждаган Эрниске ЧОН рахмат дегиле ырдын маанисине карата жакшы клип даярдалган а ырчылар ырдап эле койгон. Клипмейкерге ыразычылык билдиргиле.
22.08.2013. 11:39
 AFRODITA-89
Эн сонун клип болуптур азаматсынар, сыймыктансак жарашат. Негизи клипке коп каражат кетсе керек сонун, кооз жерлер тартылыптыр бирок ошончолу денгээлде элге жагып, популярдуулукка жетет деп ойлойм. Мага баары жакты жерлер, аттар, жаратылаш, верталет, солдаттар, формалары, бийчилер баары укмуш сонун чыккан. Кыргызымдын кооз жерин айра кайра коргун келет. Балдарга формаларын кийгизип, ат чаптырган жери билинбей калыптыр. Азаматсынар, мындай ой пикирди каякка катып журдунор эле мурда эле чыгарбай.:
22.08.2013. 12:44
 zman53
Жоош аттарды кайдан табышкан,я? Аселге укмуштуудай жарашат экен. "Кукурузник" жаккан жок.Бугунку кундун талабына туура келбей калыптыр.Кант авиабазасынан Миг сурасанар болмок экен. А так клип нормальный.
23.08.2013 04:14
semakg
zman53, Туура айтасын "Кукурузник" 60-жылдарды элестеткендей болуп калыптыр вертолет коюп коюшса деле болмок
22.08.2013. 13:05
 Aitowka2013
Эн сонун клип болуптур! Жашасын Кыргызстан! Жерибизди данктап ыпрдаган ырчыларыбызды дайыма ийгиликтер коштоп журсун! Талантынарга таазим!
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: