Айчүрөк Иманалиева, Алина Жетигенова, Асель Турдалиева "Алга, Кыргызстан!"
Жанр:Эстрада
00:04:16
53,02 Мб
Жүктөлгөн: 21-08-2013


Сөзү:А.Акбаровдуку
Обону:А.Иманалиеваныкы

Байланышкан видео

3 ырчынын достугун бекемдеген клип
Намыс болуп, кош канаты
Оболоп учуп талбаган,
Жеңиштерге бирге жетип,
Ынтымак жолдон тайбаган.
Жигиттериң шумкар сымал,
Бийиктик менен дос болуп,
Даңазалуу бабалардай
Көтөргүн элдин байрагын.

Кайырма:
Кыргызстан, алга, алга!
Өркүндөй бергин алгала!
Кыргызстан, алга, алга!
Бүт дүйнө уксун жардана!

Нурдан бүткөн айым-кыздар,
Жан дилин аруу баалаган.
Нарк каадалуу байбичелер,
Ырыс кут үйдү кармаган.
Үмүт болуп жоодурайт гүл,
Көз жоосун алат айланам.
Кыргызстан бакыт үйү
Түбөлүк гүлдөп жайнаган.

Кайырма:

Теңир колдоп кыргыз жерин,
Жамандык кайгы баспасын.
Кыргыз көчүн улуу жолго
Даанышман Чыңгыз баштасын.
Урпактарга мурас болсун
Ажайып Манас дастаны.
Касиеттүү кыргыз жерим
Чалкыган бийик асманым.

Кайырма:
  • Currently 4.04/5
(26 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (104)

21.08.2013. 19:35
 damir007
Сооонун клип болуптур, олло жакты мага!
22.08.2013 02:58
Baichechekei2011
damir007, maga dagy klip jakty! Osgocho bisdin sonun jaratylysh! Kyrgyzstan alga alga!
21.08.2013. 19:55
 ХАНЗАДА
Сонун клип болуптур. Азаматсынар! Ушундай ыр-клиптер патриоттулукту которуп турат.
21.08.2013. 19:55
 kara-koz
Азаматсынар патриот эжекелер!!!Соонун соз жок!
21.08.2013. 20:12
 Debi
Мыкты! Болгон бир айыбы ооз комуз черткен жерлеринде кыйналып жаткандай болуп корунуп калышыптыр. Болбосо, эн мыкты болмок!
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: