Добр, Назира Токонова "Жашоо бир келет"
Жанр:Рэп (Хип-хоп)
00:04:14
45,43 Мб
Жүктөлгөн: 25-09-2013


Сөзү:Добрдуку
Обону:Добрдуку

Жаштык кезге жан тартып, жүрөгүмдөн карып,
Көлөкөмдөн көрөм кээде күнөөмдүн баарын.
Көкөлөттүң көккө, бөпөлөтө багып,
Кыйшайганда түзөп, уу жыландай чагып.
Алга кадам таштагансып жаңы,
Ар бир адам терең ойлонуусу зарыл.
Таштаарында багыт, аркалаган бакыт,
Тап берсең кайра, кутурган иттей кабып.
Өмүр өтөт, кайрылып келбейт дагы,
Таяк, жөлөк сага боло алышпайт баары.
Жараланган жүрөк таппай келет түнөк,
Ар бир адам жутса өлбөс суусун, мүрөк.
Кайылмын баарына, кайдигер арыма,
Коркомун калыштан Кудайдын каарына.
Жүрөгүмө кек сактабайм, өкүнбөймүн,
Кудайыма шүгүр, берген үчүн өмүр.

Кайырма:
Жашоо бир келет, жаңылбай жашоо керек,
Жарык дүнүйө Кудайдан берген белек.
Жашоо бир келет, бул жашоо сыноо, элек,
Жарык дүнүйө Кудайдан берген белек.

Жашоо гана бир келет, ар бир күнүң белек,
Жашоого сен эмес, жашоо сага керек.
Тиле өмүр, ден соолук, аны Кудай берет,
Келечегиң болсо, эртеңки күн келет.
Алгач ирет Кудайдан тиле ыйман,
Азыр бул заманда кыйын болуу адам.
Жаса кадам, алдыга ташта максат,
Бекер отурбастан, аракет кыл, башта.
Жашоо такыр бөлөк, андан күтпө көмөк,
Жаратканым гана сага болот жөлөк.
Күйүмдүүлөр ата-энең, бир үй-бүлөң,
Алардан ал бата, сый-урматка бөлө.
Жүрөгүңдөн, күмөн санаба өзүңдөн,
Өткөнгө өкүнбө, ал дагы күн өтөр.
Алгач адам бол жөнөкөй, анан
Көкүрөктө калган эгер болсо ыйман.

Кайырма:

Өмүр деген - узун дайра,
Артты көздөй ал акпайт кайра.
Жаштыгың ал ошол дайра сымал,
Канчалык өкүнбө кайрылбайт ал.
Убакыт бул - учкан куштай,
Учурунда карма колго уучтай.
Тагдырга таарынба, ал кээде сынайт,
Ак ийилет, бирок такыр сынбайт.
Багыттайт жүрөгүң туура жолго,
Эң башкысы, сен аны жоготпо.
Адашпа жолуңдан, ыйманыңдан,
Сак боло жүр андан айрылуудан.
Бул өмүрүңдө эч бирөөгө,
Эч качан эч сын тага көрбө.
Жаңылбаган эч бир адам
Болгон эмес, жаса алга кадам!

Кайырма:
  • Currently 4.68/5
(56 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (81)

25.09.2013. 23:05
 mamatmusakuzuraziya
молодец Добр!
25.09.2013. 23:17
 omurbek9393
Жакшы бул Аят 3 чон экрандарга чыга элекпи?
25.09.2013. 23:40
 azman
4-октябрдан баштап баардык кинотеатрларда чыгат..
26.09.2013. 00:26
 tolik
Назира аябай озгоруп кеткен экенсин. Азаматсын жылдыздардын ичинен сени гана жакындан тааныйт экем. Андыктан сен менен сыймыктанам.
26.09.2013. 00:31
 Kamalbek
молодец Добр азыркы учурдагы окуяларды чагылдырыптыр клипте
26.09.2013. 07:56
 bektashova_ayzada
Мыкты ыр болуптур, азаматсынар!
26.09.2013. 08:48
 vanPersi
азаматсынар!
26.09.2013. 10:30
 koroleva_zimy
Клиптен курулуш болуп жаткан жердеги түртүшө кеткен жерин көрүп КЫРГЫЗга атырылып жатканы үчүн тигини сабагым келди!(( Баланын бутун кокустатып, үйүнө карегин жалдыратып кирип келген жерин көргөндө ыйладым, чыдабадым!
26.09.2013. 10:34
 koroleva_zimy
Кыргызым ай, кыйналдык го?! Аман болгулачы, ынтымактуу анан ден-соолукта болгулачы! Бул күндөр да өтөр. Бир боорум ушинтип иштеген экен да Москвада! Асылым агам менин...
26.09.2013. 10:37
 koroleva_zimy
Саундтрек тура. Учурдун көйгөйүн чагылдырган кино го демек! Жаратуучуларга алкыш!
26.09.2013. 10:41
 adilet_3234
Азаматсын Добр
26.09.2013. 12:40
 sezim04
Соонун ыр экен,Москвага баргандар турмушка бышып келишет го...
26.09.2013. 13:12
 gooool
Назира аябай жагымдуу кыз дейсинер!!!...мага аябай жагат,онорун оркундой берсин!!!
26.09.2013. 13:20
 Poliglot
Абдан жакты! Саунтрек киного кызыгууну арттырат экен. Эми коргонго куштар болуп отурам. Добр азаматсын, ал эми кинону тарткандарга соз жок. Эмне деген эмгек, эмне деген уйкусуз тундор кеткенин билип турам. Оркунуно осо берсин!
26.09.2013. 14:04
 aika_sv
Даа ар кандай жашоо Москвада.
26.09.2013. 17:43
 mery.89
Саунтрек сонун чыгыптыр.
26.09.2013. 18:54
 kadyrova007
добр байке куттуруп койду го я.азаматсыз эн сонун чыгыптыр мааниси да жакшы экен!
26.09.2013. 21:44
 SuLuWkA
Эн соонун ыр клипда мыкты Москвага барбай эле ал жактагы жашоону коруп алса болот экен. Азаматсынар ийгилик.
27.09.2013. 02:37
 esenin
жакшы ыр экен!!!
27.09.2013. 22:14
 asil-08
коро албай койдум го чета
28.09.2013. 12:23
 zman53
Алыста жашап жана иштеп жаткан кыз-жигиттерди Кудайым колдосун.Куйумдуулор ата-энен,Бир уй-булон, Алардан ал бата,сый-урматка боло.
28.09.2013. 12:37
 jizbiz
Даже коргум деле келген жок бул клипти, белгилуу эле да - баягы эле эптеп септеп жургон биздин Рашкадагы гастерлер жонундо...
бутпогон эле тема окшойт. Ал жерде андан коро жакшы ийгиликтерге жетишкиле ыйлактап отура бербей, анан эч ким кыргыздарга соз айта албайт. А бийликти, кудайды, жашоону куноолой берсенер - эч нерсе озгорбойт...+
28.09.2013. 17:22
 rusalka.kgz
Добр азаматсын аябай маанилуу ыр болуптур. Ал эми Назиранын уну мага аябай жагат.бир озгочо да
28.09.2013. 21:44
 patriottkg1
назира абдан сулу кыз го ким ал
29.09.2013. 13:29
 nasesha28
Коруп жатып буулугуп,кадимкидей ыйладым.Качан онолот кыргызымдын жашоосу?коз карандысыз мамлекет деген аты эле болбосо,дагы деле орустарга коз каранды болуп иштеп журобуз.
29.09.2013. 14:04
 s.aizireshka
Ырды угуп жатып бир жагынан ыйлагын келет не уже ли жашообуз ушундай даражага жетип калганын коруп аябай маанилуу Ыр . Кыргызстан ушинтип Эле катып калбаса керек. Бизгеда жакшы кундорду жазгандыр жаратканым.
30.09.2013. 16:57
 kinaza
жакшы болуптур ыр, ал эми саунтрек коп жаккан жок. Аят деген кино жакчу эмес
30.09.2013. 23:48
 DASTAN91
жакшы ыр!! мр3 син кандай тапса болот
01.10.2013 09:38
admin_media
DASTAN91,
Саламатсызбы!
http://www.super.kg/media/audio/98459/
14.10.2013 15:12
DASTAN91
admin_media, чоон рахмат!!!
17.04.2014 18:17
Maks.007
admin_media, киносун качан коро алабыз жуктоп койсонуздар сиздерден абдан ыраазы болот элем
01.10.2013. 02:14
 Zhan.Choyubekov
жакшы чыгыптыр мага жакты
01.10.2013. 09:29
 akulya17
Эн соонун 5+!!!!!!!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: