Добр "Башаламан"
Жанр:Рэп (Хип-хоп)
00:03:08
48,41 Мб
Жүктөлгөн: 07-12-2009


Сөзү:Добрдуку
Обону:Сапар Эркебаевдики

Алыман келер-келбес, кеч эми баарына,
Досуңа бекем туруп сөзүңдү кармадыңбы?
Кааладыңбы досуңа узун өмүрүн жашоодо?
Баарына үлгү болуп аттадың ортого.
Эмнегедир чек ара арабыздагы маселе,
Бөлүнүп жатабыз көчөбүз менен көчө чак келбей.
Карабызбы, агыбызбы баарыбыз бирдейбиз,
Белгисиз пайдасы кимибиз жеңип жеңбейбиз.
Кырылып жүрүп акыры өзүңдүн эле жакыныңдан,
Ажырагандан кийин түшүнүү керек зарылбы?
Ынтымагыбыз жоголуп, келечегибиз кор болуп,
Жүрө беребизби ортобуздан чек ара торолуп.
Биримдик кайсы күнү пайда болуп чыгар экен?
Баары ынтымакта чоң пайда кыла алар бекен?
Пайдасы тиер-тийбес жаштардын колуна,
Көптөрү сынып түшө албай жүрөк жолуна.
Тилеген максатыбызга жеткибиз келип жүрөт,
Максатыбыз эмне экени белгисиз сүрөт.
Адашып жолубуздан, кара жаман оюбуздан,
Бирибиз бирибизди көрө албайбыз ортобузда.



Агымдагы өмүрүң теридей сыйрылып,
Тегерегиңди курчап тургандардан айрылып.
Жадакалса досторуң курмандыкка кабылат,
Досуңа досуң өмүрүн да аябайт.
Кара жол караңгы эч нерсени ылгабайт,
Түшүп алдыңбы жолуна андан эч ким чыга албайт.
Карышкырсың кадимки узак эмес өмүргө,
Көрө элек жатып жашоону айлансын түлкүгө.
Чек ара болүнүүдөн башталып жатпайбы бары?
Бөлүнүп алып көчөгө ызы-чуунун чыр-чатагы.
Кабылдыңбы ушуга анан өйдөнү көздөй,
Көчөнүн балдары менен мамилесин үзбөй.
Салмагы бар баланы сыйлап турушат бүт баары,
Жолу жок менен багы жок баланын эле арманы.
Балдары көчөнүн, көшөгөсүз чек аранын,
Көчөнүн мыйзамы бул - көчөнүн мыйзамы.
  • Currently 5.00/5
(3 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (22)

07.12.2009. 11:02
 lira
Emnegedir Dobrdun yrlary konulgo jakpayt.
Bir ukkandan kiyin ekinchi ukkun kelbeyt...
07.12.2009. 14:31
 ryzhak
Мага жагат! Бирок ыры, клибине болсо кичине эмгек кошуп койсо болмок! Аттин!
07.12.2009. 14:46
 Kolyan
Башаламан-2 чыкты беле?
07.12.2009. 23:31
 temirlan
hhhmmm maga dele kop jakpadu......jonle suilop kuiptur.......=(((rappka dele okwowpoptur=((

08.12.2009. 01:58
 chingiz
Dobr Alga!
Kazaktyn klibin alganynarga 4on Rahmat aitam Urmattu Super Info!!!
08.12.2009. 09:13
 karyshkyr
klipke alingan korunus, kinobu je klippi. kinobolso atin jazip koyunuzdarci jakshi nerse oksovatat.
08.12.2009. 19:05
 Айдарбеков
Нукура кыргыз бала Добр, ийгилик сага..
08.12.2009. 21:08
 Prince
Эмне "Башаламан 2" да чыкканбы? Же Добр окшоштуруп койгонбу?
08.12.2009. 23:39
 azam
Башаламан-2 чын эле чыктыбы?
08.12.2009. 23:45
 Ulugbek
Элдер негизи эле тушушбойм. Ырчылар мааниси жок ырларды ырдайт дей беребиз. Мына Добрдун ырларын тушушунуп угуп коргулочу ( клипине коп карай бербей), мааниси бар ырлар... Добр азаматсын!
11.12.2009. 00:03
 dobrajelatel
Мааниси жакшы экен. Тарбиялык мааниси бар.
15.12.2009. 16:34
 BEKTUR AZHO
ДОБР АЗАМАТСЫН АЛ ЭМИ БАШАЛАМАН 2 ФИЛЬМИ ОНГ БАК ФИЛЬМИН ЭС АЛДЫРАТ КО...
19.12.2009. 23:25
 KYRGYZ KULunu
Добр кыргыз тилин которо бер алга!!!
27.12.2009. 09:08
 zarar
молодец добр алга!!!азаматсын сенин мага жалан кана кызгызча ырдайм деп алдына шарт койуп алганын жакты !
28.12.2009. 17:42
 kasper
Добрдын ырынын созу обонуна анча коошпойт экен
04.01.2010. 17:30
 Русланчик
Добр алга!!! KG REP FOREVER!!! А БАШАЛАМАН_2 чыккан, жакында премьерасы болот!!!14.01.2010 фильм просто СУПЕР!!!
04.01.2010. 19:17
 Demon
tarbiyalik jagi zor eken ... koburook ukkula...
05.01.2010. 16:07
 inessa
молодец
15.08.2010. 13:01
 hangukkg
molodchik Dobr . uvajayu
15.09.2010. 03:18
 rubina
мен бул системаны жакшы билем,кочоо менен кочоо болунгонду,Добр молодец я хоть девушка,уважаю,ушундай реп-ырлар коп чыкса.
20.05.2011. 00:58
 Aipesh
добр сен шашылбай ырдасан мейлиби
27.11.2011. 16:10
 gunsNroses
добр тарынба бирок кино 3-y сорттук млин эптеп септеп тартканда элдияр кобра силерда тарынбагыла добр и ты туда же ушол
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: