Добр "Кыргыз"
Жанр:Рэп (Хип-хоп)
00:03:46
23,05 Мб
Жүктөлгөн: 27-05-2009


Сөзү:Добрдуку
Обону:Добрдуку

Өзгөчө нерсенин баары, өлкөнүн өрчүгөн жагы,
Өзгөчө нерсенин баары өлкөбүздүн мен жараны.
Келечегимдин элеси мен үчүн өзгөчө нерсе,
Кыргызым өзгөрүп кетсе, кетсе өзгөрбөсүн терске.

Жашоонун баркын билем кудай аны мага берген,
Деле сонун тилим бар жеке кыгыз тилим менен.
Желбиреген желегимдин жеке менчик гимни бар,
Дүйнөлүк картадан табас мага чакан жерим бар.
Жагабы жакпайбы сага улутум болсо кыргыз,
Алакандай тууганым бар, улуу кыргыз мына биз.
Таразанын оң жак бетин көбүрөөк байлык басат,
Анын баарын чубап көрсөң эки көзүң кычышат.
Келиңиз өтүңүз төргө уялбаңыз суранам,
Конокту тосуу милдетим алыңыз беш бармактан.
Суусасаңыз бозо, жарма, кымызды сизге сунам,
Сый урматта мейман тосуу атадан бизге калган.

Ушул жерде төрөлдүм, ак бешикке бөлөндүм,
Ата Журт жерим менин, кереги жок бөлөктүн.
Ушул жерде төрөлдүм, ак бешикке бөлөндүм,
Кыргызстан жерим менин, кереги жок бөлөктүн.

Кайырма :
Чу , Чу , Чу , Чу ,

Көлөкөдө жашынбайбыз , көкөлөп мактанбайбыз,
Өзгөчө бир башкачабыз , өсүп келе жаткандарбыз.
Азырынча көчө элекпиз жайлоо тоонун бетиндебиз,
Жакында чоң той беребиз , эгемендүү мамлекетбиз.
Эки тоонун этегинде Ысык-Көлгө келдиң беле
Адыр , адыр жайлообузда күлүк атка миндин беле
Сугу ашкан башкалардын Сулайман тообуз жатат
Жымындаган жылдыздарга чокусу жетип барат
Жүрөгү аттуу Бишкегим , Кыргызстандын борбору
Жүгүнөмүн жети жолу , жети жагынан тосуп
Таласты көздөй аттасаң, Манас күмбөзүн табасың
Нарынды көздөй жактасаң, Ташрабаттан адашасың
Жалал-Абад жакты көздөсөң Сары-Челектен өтөсүң
Кыскасы өз көзүң менен көрөрүң менен өчөсүң.

Кайырма :
Чу , Чу , Чу ,Чу

Эскертем, эске салайын, нукура кыргыз баламын,
Колдошун билем ар дайым арбагы Манас атамдын.
Басканым аскадай тоонун чокусунда чоңойгомун,
Манасчы чечен боломун комузду мендей ойногун.
Тепкеним элден өзгөчө күлүк атыма бөлсөчү,
Кыргыз менен ат чабышып, улак тартышып көрсөңчү.
Көчмөнүм аттуу кыргызмын кыялым бөрү баатырмын,
Акыл карачач энемдей акылдуунун катарымын.
Эч кимде жок бар калпагым же тебетейим жагабы?
Жамынып турган чепкеним териден жасалган нагы.
Алтыным бар, күмүшүм бар, кыргызым байдын баласы,
Кыргызстан аттуу үйүм бар асылың жерден табасың.
Ал эми көңүл буралы өрүлгөн чачтуу кыздарга,
Айымдай өзгөчө сулуу кылымдан кылымга нары.
Кыргызымдын жигиттери кыз ала качуу дегенде,
Кырк чоросун ат чаптырып кызынын жашы жеткенде.

Ушул жерде төрөлдүм, ак бешикке бөлөндүм,
Ата Журт жерим менин, кереги жок бөлөктүн.
Ушул жерде төрөлдүм, ак бешикке бөлөндүм,
Кыргызстан жерим менин, кереги жок бөлөктүн.

Кайырма :
Чу , Чу , Чу , Чу ,
  • Currently 4.45/5
(11 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (31)

27.05.2009. 14:49
 mik
Идеясы жакшы экен, элдикине окшошпойт. Азыркы ырчылардай болбой бири бирин туурап. Бирок музыкасы катуурак болуп калытпыр создору анча угулбай калыптыр.
27.05.2009. 19:22
 Азият
Жакшы. Чынында которуп, уурдап алып ырдап жаткандардан коро олсо олугу артык
28.05.2009. 00:01
 Кыргызкритик
Азамат! Кыргыздын рухий байлыктарын унутпаган жигит! Башка рэпперлерге караганда Тат улан экоо жакшы рэпперлер экен. Бирок, ушул ырга лезгинканын музыкасын колдонгону жаккан жок.
29.05.2009. 01:56
 Tokmok
oooommmmiiii lgooo........
29.05.2009. 13:28
 sher
Dobr obonun da ozun jaratsan jakshi bolmok je bolboso Taksinin bashkacha varianti bolup kaliptir
30.05.2009. 12:09
 Aibike
билбейм мага жаккан жок
02.06.2009. 12:22
 Roha
Азамат
02.06.2009. 18:00
 Roha
Добр негизи эле азамат жигит канчалаган хиттери чыкты мисалы ; Жашоо керемет , Кыргыз , Маяк , Ата Эненин баркы , Салам , акыркы эле клиби че стоит " Тагдыр " деген Добр мен сенин ырларынды аябай жактырам , озунду сыйлайм ушундай маанилуу ырларды коп , коп чыгар , мага окшогон куйормандарын коп аны мен билем . Сага ийгилик куйорманын Роха.
02.06.2009. 18:00
 Roha
Добр негизи эле азамат жигит канчалаган хиттери чыкты мисалы ; Жашоо керемет , Кыргыз , Маяк , Ата Эненин баркы , Салам , акыркы эле клиби че стоит " Тагдыр " деген Добр мен сенин ырларынды аябай жактырам , озунду сыйлайм ушундай маанилуу ырларды коп , коп чыгар , мага окшогон куйормандарын коп аны мен билем . Сага ийгилик куйорманын Роха
03.06.2009. 11:48
 лунка
жакшы.жок сонун.супер эле деп койоюнчу.
04.06.2009. 00:53
 simon
Jakshy janylanuu izdenyy birok muzykasyn bashka yrdan alganby?
06.06.2009. 12:29
 ryzhak
Кыргыз деп күйгөндөрдү сыйлайм да (вообще элечи), эй! Дагы кичине акча кошкондо мындан жакшы клип болмок, ыры ачып кеткен. Ал эми 3:30 мүнөттөгү вентилятор менен креслону түшүнбөй калдым?! Үйүнөн эле тарткан го, сыягы...
08.06.2009. 16:21
 Meri
Krasava Dobr Patriot bilesinbi dado mtn da koem 5+
11.06.2009. 13:59
 Сыйкырчы
жакты Добр бирок минусунду кыргызчарак кылсан болмок калганына алга
23.06.2009. 20:21
 Кокаин Марихуанович
азамат!ыры да клиби да - 5!обону кичинекееей туберкулез 3.бирок анча мынча ооз комузду кошумуш болуптур(2.10)бирок критикага карабай баарыбир сонун.
23.06.2009. 20:34
 Кокаин Марихуанович
ову жок эле аттары секирте беришиптир,анча-мынча улак тартыш кылып койсо жакшы болмок.жанысын,жакшыраагын кутобуз,ийгилик,маладес..
16.07.2009. 16:36
 KiD
Азамат патриоттук сезимди ойготкон ыр жана клип!
лезгинка музыка эле окшошпой калыптыр! Добр ремикс кылып чыгарбайсынбы комуз чоорлордон кошуп? Создору абдан жакшы келтирилиптир! мазмуну дагы уйкаштыгы дагы!
13.05.2010. 05:31
 Arstan
Норма ырда угале беретурган экен
21.07.2010. 11:34
 melay
Молодец, чыныгы Эркексин.
31.10.2010. 13:50
 albars
клиптин башындагы Манас айтып отурган дегенератты алып эле койчу досум. ал деген кыргызды еврейдин баласы деп атат, биздин элди ыдыратканы келген миссионер ал!!!
28.11.2010. 14:37
 coolcool
super
31.01.2011. 09:44
 Talgat88
Blin krasavchik Dobr ,
14.03.2011. 20:30
 coomart
azamatsınn brat
02.07.2011. 13:52
 jansezim26
крассавчик бро.!100%патриот!наша гордость!
14.07.2011. 22:57
 emil
Азаматсын +10Сага
21.08.2011. 00:27
 smbek
azamatsyn DOBR!!!
21.10.2011. 00:13
 Tarkan
ыр мындай экен клиб тигиндей экен дебейм мен. кыргыз деп ырдаганына ыраазымын. Силер Кыргызстанда жашап кыргыздын, Кыргызстандын барккын билбей жатасынарда.
04.11.2011. 18:25
 Bakit
Dobr molodes. ir4i katari maga ayabay jagasin. koro albay ar kaysini jazgandarga konul burba tek gana alga. kirgizdin sendei balasin az.
05.11.2011. 03:09
 Chromstyle
молодец супер
10.06.2012. 04:54
 Adi_137
Super
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: