Добр, Назира Токонова "Жашоо бир келет"
Жанр:Рэп (Хип-хоп)
00:04:14
45,43 Мб
Жүктөлгөн: 25-09-2013


Сөзү:Добрдуку
Обону:Добрдуку

Жаштык кезге жан тартып, жүрөгүмдөн карып,
Көлөкөмдөн көрөм кээде күнөөмдүн баарын.
Көкөлөттүң көккө, бөпөлөтө багып,
Кыйшайганда түзөп, уу жыландай чагып.
Алга кадам таштагансып жаңы,
Ар бир адам терең ойлонуусу зарыл.
Таштаарында багыт, аркалаган бакыт,
Тап берсең кайра, кутурган иттей кабып.
Өмүр өтөт, кайрылып келбейт дагы,
Таяк, жөлөк сага боло алышпайт баары.
Жараланган жүрөк таппай келет түнөк,
Ар бир адам жутса өлбөс суусун, мүрөк.
Кайылмын баарына, кайдигер арыма,
Коркомун калыштан Кудайдын каарына.
Жүрөгүмө кек сактабайм, өкүнбөймүн,
Кудайыма шүгүр, берген үчүн өмүр.

Кайырма:
Жашоо бир келет, жаңылбай жашоо керек,
Жарык дүнүйө Кудайдан берген белек.
Жашоо бир келет, бул жашоо сыноо, элек,
Жарык дүнүйө Кудайдан берген белек.

Жашоо гана бир келет, ар бир күнүң белек,
Жашоого сен эмес, жашоо сага керек.
Тиле өмүр, ден соолук, аны Кудай берет,
Келечегиң болсо, эртеңки күн келет.
Алгач ирет Кудайдан тиле ыйман,
Азыр бул заманда кыйын болуу адам.
Жаса кадам, алдыга ташта максат,
Бекер отурбастан, аракет кыл, башта.
Жашоо такыр бөлөк, андан күтпө көмөк,
Жаратканым гана сага болот жөлөк.
Күйүмдүүлөр ата-энең, бир үй-бүлөң,
Алардан ал бата, сый-урматка бөлө.
Жүрөгүңдөн, күмөн санаба өзүңдөн,
Өткөнгө өкүнбө, ал дагы күн өтөр.
Алгач адам бол жөнөкөй, анан
Көкүрөктө калган эгер болсо ыйман.

Кайырма:

Өмүр деген - узун дайра,
Артты көздөй ал акпайт кайра.
Жаштыгың ал ошол дайра сымал,
Канчалык өкүнбө кайрылбайт ал.
Убакыт бул - учкан куштай,
Учурунда карма колго уучтай.
Тагдырга таарынба, ал кээде сынайт,
Ак ийилет, бирок такыр сынбайт.
Багыттайт жүрөгүң туура жолго,
Эң башкысы, сен аны жоготпо.
Адашпа жолуңдан, ыйманыңдан,
Сак боло жүр андан айрылуудан.
Бул өмүрүңдө эч бирөөгө,
Эч качан эч сын тага көрбө.
Жаңылбаган эч бир адам
Болгон эмес, жаса алга кадам!

Кайырма:
  • Currently 4.68/5
(56 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (81)

25.09.2013. 10:58
 Aidaiko
Uwul yrdyn sozun kim jazsa dagy Barakelde, Yilap aldyp jada kalsa, Kyrgyz jarandarybyzdyn 4et jerdegi nakta jawoosu korsotuluptur((
25.09.2013 15:34
tokmok1
Aidaiko, добр жазыптыр
26.09.2013 01:37
Baichechekei2011
Aidaiko, sozu Dobrduku
25.09.2013. 11:45
 baish_kps
Аззаматсынар Аят 3 киносунан саундрек экен. Россияда жашоо ушулда менда өзүм көрүп келгем.
25.09.2013. 12:06
 jooshbala
эээ москвадагы кырг дын квартирасыго
27.09.2013 01:13
barky312
Эң сонун клип болуптур, ыры дагы абдан жаккан. Ийгилик ырчыларга
25.09.2013. 12:44
 Aitowka2013
ээх жашоо ушул да москвада чыныгы москванын жашосун чагылдырыптыр го чиркин,бирок жакшы жашап жакшы иште иштегендер да бар бул жакта ))))ар кимде ар кандай жашоо да)кимдир жакшы жумушта иштейт кимдир кор болуп иштеп маянасын ала албай кыйналат эх мигрантарга эле кыйын(((((((
25.09.2013. 14:45
 Chynyshka
yrdyn maanisi sonun eken. jana ukuluktuu
25.09.2013. 17:32
 gooool
Москва Моского...азыркы биздин жашоо чагылдырылыптыр,ушундай эле жашоо жашыргандане,тажадым москванын ушул жашоосунан,качан чыгабыз ушул жашоодон,кийносуз эле кинодогудай жашабыз,мигранттардын жашоосу аябай оор билгенге!!!
25.09.2013. 17:58
 Baktyluumun
Jakwy yr eken jakty!..
25.09.2013. 19:26
 popugay
Мыкты чыгарма экен! Киносун коргум келип калды...
чон экранга чыгаары менен барбасам...
25.09.2013. 20:53
 aguni
Чын эле Жашоо гана бир келет, ар бир күнүң белек,
Жашоого сен эмес, жашоо сага керек.
Тиле өмүр, ден соолук, аны Кудай берет,
Келечегиң болсо, эртеңки күн келет.
25.09.2013. 21:06
 rnurzida
Москванын жашоосу го, чиркин!Озубуздо жумуш орду жетиштуу,маянасы жакшы болсо келбейт элек го ушул жакка.Москванын жашоосун чагылдырыптыр. Аябай маанилуу экен ырдын создору.
25.09.2013. 21:41
 ziada
Чыныгы жашоо,мага да аябай жакты баракелде Добр чыныгы потриот жигитсин,чыгармачылыгын оркундой берсин.Ийгилик сага!!
25.09.2013. 22:32
 kama_future_millioner
Abdan soonyn azamatsyn migranttardyn jashoosun chagyldyrgan kino eken
25.09.2013. 22:51
 upol92
Коруп жатып жаман болуп кеттим. Азаматтыын акыркы уйуно кайтып келген жерин. Жеткиликтуу сонун болуптур. Чыныгы жошоо. Денсоолукта болойлу Кыргыз калкым. Тарткандарга ийгилик !!!
25.09.2013. 22:54
 Elmara
Супер!!!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: