00:00:56
6,12 Мб
Жүктөлгөн: 12-01-2018
Автор:Кызжибек Раимова
Оператор:Руслан Алыбаев
Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кара-Төбө айылынын 32 жаштагы тургуну Баатыр Баназаровдун абалы күндөн күнгө оорлошуп жатат. Учурда анын бир көзү жок, мурду да толук эмес.
Ал ден соолугу чың төрөлүп, 6 жашка чыкканда бети менен жыгылган. Ата-энеси балдар үчүн боло берген көрүнүш деп анда маани берген эмес. Убакыттын өтүшү менен бети ириңдеп, сөөгүнө жеткен. Дарыгерлер 1 көзүн, мурдунун бир бөлүгүн алып салышкан. Учурда ал дарылануу үчүн жардамга муктаж.