Эмил Балтагулов "16-жыл"
Жанр:Фольклор
00:04:04
61,76 Мб
Жүктөлгөн: 28-07-2009


Сөзү:Эмил Балтагуловдуку
Обону:Эмил Балтагуловдуку

Ойдо жок жерден оргуштап чыкты,
Ойлобой элим муң-зарды укту.
Он алтынчы жылдагы үркүн,
Оодарып элди кайгыга жыкты.
Арга жок элим Кытайга качты,
Асыраш үчүн алтындай башты.
Жамгырдай жааган көзүнүн жашын,
Аргасыз элим кум-чөлгө чачты.

Кеткени кетти, Кытайга жетти,
Кете албай калган кээ бирөө кантти?
Кейиштүү күндөн түңүлүп акыр,
Коштошуп бирөө о дүйнө кетти.
Жолдо нечен жан сууга агып өлдү,
Жоголгондорго ким көңүл бөлдү?
Жегенге нан жок же талканы жок,
Жокчулуктан канча жан өлдү.

Санааны кечип канча таң атты,
Сапарда жүрүп канча күн батты.
Кыргызым, мынча кыйналып кеттиң,
Суу таппай кээде таңдайың катты.
Азапты кечип нечен таң атты,
Арманга толо нечен күн батты.
Баласын алып калктан ажырап,
Кансырап эне талаада жатты.

Жанында бала чыркырап ыйлайт,
Сулк жаткан эне эч нерсе туйбайт.
Жөрмөлөп келип он айлык бала,
Эмсем деп эне боорун тырмалайт.
Ошентип эне о дүйнө кетти,
Он айлык бала не күнгө жетти.
Оонактап ыйлап, боорун тырмалап,
Энесин ээрчип артынан кетти.

Сексенге чыккан абышка өлдү,
Секелек кыздар муң-зарды көрдү.
Сегизге жашы толо элек бала,
Сегизге толбой кордукту көрдү.
Бешикте жаткан наристе өлдү,
Бешиктен чыкпай кордукту көрдү.
Ыңаалап ыйлап жүрөктү эзип,
Бешикте бала ажалды көрдү.

Кытайга жетпей канча жан өлдү,
Кыямат, азап канча жан көрдү.
Кыргызым, бүгүн ойлонолучу,
Кыйла жыл мурда өткөргөн күндү.
Душмандан канча запкыны тарттык,
Дайынсыз кетип, камалып жаттык.
Ойлонуп эми теңдикке келип,
Оодарып баарын чындыкты таптык.
Ойлонуп эми теңдикке келип,
Оодарып баарын чындыкты таптык.
  • Currently 4.60/5
(5 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (46)

02.08.2009. 02:08
 adilbek
Бул учун азыркы орустарды кунолоого болбойт. Ал убак такыр башка болгон. Николай нанын жегендерди жок кылган В.И. Ленин болгон.
Олгондон калганы кайра совет окмоту курулгандан кийин келишти.Ыр сонун болуптур. Мунга батып орустарды токмоктоп жибербегиле
02.08.2009. 14:53
 karyshkyr
seravno orustar, azyr dele.
02.08.2009. 15:16
 Бекнур Кыргыз
азыр угуп анан айтам
02.08.2009. 15:21
 Бекнур Кыргыз
супер +55555555555555555555555555555555555
03.08.2009. 22:06
 alayflower
irlarinizdin baari super !!!!!!!!!!chigarmi4ilik jolunuzga iygilik!!!!!!!
04.08.2009. 08:22
 alga
oshol korduktardy jana kyrgyndy orustardan korgon orustardyn tak bashyna oshondoi korduk tushsun!!! Omiin!
15.08.2009. 01:06
 amantur
Нукура кыргыз патриоту жана Пайгамбарыбыз Мухаммед (САВ) уммоту... Азаматсыз Эмиль аке. Сиздин ырларыныз мага абдан жагат, ырларыныздын ичинен Мухаммед(САВ), Биз Мусулман Баласы, Ичпечи Апа, Издейм Сени Мухаммед эми болсо 16 жылдагы уркун озгочо жагат. Чоон рахмат. Чыгармачылыгынызда жана жеке турмушунузда ийгилик каалайм, Алла Таала ыраазы болсун...
15.08.2009. 08:24
 Дюймовочка
Ыр жакшы а клип болсо коркунучтуу экен
17.08.2009. 14:43
 andormeda
Эмил азамат!!! Ишенгеним кудай, тилегеним ыйман деген замандаштарыбыздын бирисин ушул калыбынан жазбай аман бол!!! Ыр дагы клип дагы терен маныздуу. +1000!!!
17.08.2009. 20:54
 Musulman Balasy
Barakelde Emil bayke/ Biz Musulman balasy degen yrynyzga da klip tartsanyz ayabay jakwy bolmok/
22.08.2009. 13:29
 azeko
Азамат Эмил!!!
24.08.2009. 19:24
 akiykat
Мен аягына чейин коро албадым. журоксыздайт
26.08.2009. 16:33
 Chinga
Азамат Эмил,талантын оркундой берсин жана сага окшогон ыймандуу ырчылар кобойо берсин.
Мен да оз атамдын айтуусу боюнча Чон Атамдын Атасы балдарын алып Кытайга качыптыр.Ал окуяны Кудай буйруса китеп кылып чыгарам Атамды ыраазы кылып.
16.09.2009. 16:01
 Бекболот Абдимомунович
Мынна сага ыр, азыркы ырдап чыккан анча мынча ырчылар силерге айтарым уйронуп алгыла кантип эмне жонундо ырдаш керек экенин, чыгып алып эле ойго тушко келген нерсени ырдабай, мен бул ырды угуп олтуруп кайгыга батып кеттим, ушундай ырлар кобуроок болсо жакшы болот молодец Эмил аке.
29.05.2012 14:53
mayer
Бекболот Абдимомунович, туура айтасын
18.09.2009. 16:15
 Бекболот Абдимомунович
Азаматсыз Эмил аке, алга! ушундай ырлардын далайын чыгарыныз, эл жана кудай колдосун сизди.
18.09.2009. 23:33
 Japalak
Бул ырдын сюжетин, биринчи болуп жащ режисер Айбек Омуров озунун экзамендик иши катары кыска кино кылып тарткан. Анан кийин Эмио Омуров мырзадан уруксат алып, клип кылып чыгарып койгон турбайбы! Экоо тен азамат ушул теманы которуп чыккандарына.
24.09.2009. 13:21
 Бекболот Абдимомунович
Соз жок ырга да клипке да!!!!
22.12.2009. 09:34
 almazi
emne desem sonun ...azamatsyz..
01.03.2010. 19:44
 Mekenimkg
Азаматсын, аннык кыргызымдын баласы экенсин.....
12.12.2010. 23:20
 Нургуль
эмил балтагулов сенин бут ырларын жагат негизи жакшы ырларды жаратасын суперсин
15.02.2011. 00:55
 lider-kg
Мына сага. Ыр деп ушуну айт. Ырчы ырдаган ыр, угуп жаткан адамдын журогуно жетиш керек. Азаматсын.
07.03.2011. 02:44
 Anara303
Salamatsyzby Emil bayke,
Bugunku "Meblid an-Nabi" programmasyndagy Paygambarybyzga (s.a.v) arnalgan jany yrlarynyzdy kaydan juktosok bolot, ayabay ukkuluktuu jana mazmuundu eken,chygarmachylynyzga iygilikterdi kaalaym!!!
Urmatym menen,
Anara
07.10.2011. 10:38
 boke
en jakshy emil ake talantynyzga taazim etem
20.04.2012. 11:03
 Majit
AZAMATSYN EMIL soz jok saga iygilik
29.05.2012. 14:52
 mayer
эн жакшы ыр
27.07.2012. 12:09
 omo93
онорунуз оркундой берсин эмил байкеси
20.08.2012. 23:21
 aijanym
azamat Emil!!!!baktyluu bol!!!!!!))))))
02.04.2014. 10:06
 Maks.007
ыр соонун адамдын боорун эзе турган ырларын азаматсын
31.08.2015. 16:54
 dastan_nookat
Клип десе болот
21.07.2016. 00:48
 Эмил Балтагулов
Рахмат, жылуу создор тура. Кубандым.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: