Темир Назаров "Чырай жүздүү"
Жанр:Поп
00:04:09
45,5 Мб
Жүктөлгөн: 25-10-2013


Чырай жүздүү, мүмкүн, түшүм эледир,
Мүмкүн, сени Кудай өзү бергендир,
Аалам жүзү сенден бүткөн өңдөнүп,
Сен деп гана жашам келем негедир.
Баталгага баш сайылган күндө да
Сени гана көргүм келет негедир
Койнумдагы сагынычым тарабай,
Сени гана эңсеп келем негедир.

Көзүң жарган аппак таң,
Арзууларын узаткан,
Шүүдүрүмдөн тамчысы
Жүрөгүмдү суусаткан
Соолуп кетсем кимде айып?
Тамырымдан куураткан
Тамчысынан сүйүүнүн
Чайыналы булактан.

Чырай жүздүү, мүмкүн, түшүм эледир,
Сагынычым жазып күнүм келгендир
Чырайыңа чайынмайн эч качан
Өлүм деле албайт деле мени негедир.
Баталгага баш сайылган күндө да
Сени гана көргүм келет негедир
Койнумдагы сагынычым тарабай,
Сени гана эңсеп келем негедир.
  • Currently 2.71/5
(7 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (18)

25.10.2013. 17:55
 jaina
Бул ырды бир кездерде аябай жактырып укчумун. Дагы деле уксаң жагымдуу.
25.10.2013. 17:57
 Bekish-kg
ооо айланайын админдер могу видео,аудиолорунарды(башкы бетти)мурункудай эле кылып койгулачы.ынгайсыз болуп кыр!
25.10.2013. 22:37
 Rinatik94
Ушул ыры жагат
26.10.2013. 00:04
 xerik
kizik,degenda aikaxbagan soz bolobu.erqelar kilip tartteryyga ashekbai,obolu sozyn ongdoso,oiloso bolmok
26.10.2013. 00:08
 xerik
qerai juzduu,degenda dep ternakqaga alsam qekbai kaldy
26.10.2013. 00:51
 sagyz
Темир красавчик! Магада ушул ыры жагат, жаштыгымы эстеп кетем
26.10.2013. 02:12
 rus9203
Sonun yr i sonun yrdagan bul yrdy
26.10.2013. 04:03
 omurbek9393
Эски ырдын эскилиги кетпес дейт беле элибизде?.
26.10.2013. 19:09
 djekki
мои школьные годы
26.10.2013. 21:28
 IRA
ооо дагы бир Абдумалик Шерматовдун красавицасыго.Кызды айтам, бул кыз Мээрим Шерматова атасы мн апасы ажырашса деле Шерматова бойдон болуш керек фамилиясы, биролорго окшоп дина пинасы жок эле.
28.10.2013. 02:58
 bishkek.kg
жаман эмес болот!
28.10.2013. 10:16
 KUMU89
Bir kezderde Temir Nazarov populyarduuluktun tuu chokusuna jetkende. Sultan, Mirbek j.b echkimisi chyga elek ele. Katar, katar yrlardy jaratyp iygilikterge bat jetti. Birok bat ochtu.
29.10.2013. 01:43
 azigrun
yrlary sooonun, maga abdan jagat...jogolup ketkeni okunuchtuu.. Temir seni sujom!
30.10.2013. 10:35
 nota89
достор баарынарга рахмат!! жакында жаны ырын клипин коро аласынар!!
02.11.2013. 23:19
 Ханбийке
Илгерки клиптерди корсон кулкумуштуу , азыркы клиптер деле 5,10 жылдан кийин ушинтип калат го.
04.11.2013. 15:38
 Zali
мага дагы ушул ыры аябай жагат
05.12.2013. 06:38
 CAMAT
Туулган жер жана Чырай жуздуу ушул эки ыры укмуш. Канат Култаев менен иштешип жургон кездери. Андан кийин бири бири менен тиштешип кеттиби, айтор жумушу журушпой калды.
11.07.2014. 19:29
 byityk
Убагында кандай кол жеткис жылдыз эле ))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: