Темир Назаров "Гүлбаржаным"
Жанр:Поп
00:04:10
47,84 Мб
Жүктөлгөн: 21-07-2014


Жаштыктын жазы болуп, Гүлбаржаным,
Бир сенден күн нур болуп жалындадым,
Нөшөрлүү ыр кайрыгым өзүң болуп,
Махабат күүсүн терип кумарландым, Гүлбаржаным.

Кайырма:
Гүлбаржаным, Гүлбаржаным,
Гүлбаржаным, Гүлбаржаным,
Гүлбаржаным, Гүлбаржаным,
Гүлбаржаным, Гүлбаржаным.

Көздөрүң балбал жанып, чексиз сүйкүм,
Сөз козгоп, ойлор сызды нечен түркүн.
Ак пери калтар чачын улам тарап,
Сезимге күүлөр төктү сенин күлкүң, Гүлбаржаным.

Кайырма:

Жаш сулуу, жаркын жүздүү, Гүлбаржаным,
Эстесем, элес келет эмгек жалын,
Жайнатып жаш өмүрдү жаштык чакта
Жашоомдо өзүң болдуң өмүр таңым, Гүлбаржаным!

Кайырма:
  • Currently 4.64/5
(11 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (24)

21.07.2014. 15:45
 Tangsuu
Кыргызча "3 метра над уровнем неба" болуптур. Жакшы ыр и клип.
19.08.2014 10:01
goodman02
Tangsuu, дааа
21.07.2014. 20:36
 matatas
сонун чыгарма болуптур, угуп эле коруп эле отургун келет чиркин. Темир азаматсын! ыр, костюм, сырткы корунуш баары топ келишиптир. Ыр деп ырчы деп ушул жигитти айтса болот. Ийгилик. ак жол! бар бол! Биз сени жакшы коробуз.
21.07.2014. 21:12
 admin_media
popstar-kg,
Жалаң баш тамга менен жазууга тыюу салынат! Эскертүү!
21.07.2014. 22:58
 Alisher
En soonun klip adattagiday Temir Nazarov da super irdagan iygilik....
21.07.2014. 23:21
 Angel92
Сонункен!Уну сонун да.
22.07.2014. 03:10
 Gul.08
Ким ырдайт эле бул ырды мурун?
22.07.2014. 03:18
 Gul.08
Уну да ыры да сонун молодец ийгилик))
22.07.2014. 08:06
 depu
1 ырда 2 ырда эски ырларды. Анан арасына озуно таандык ырларды кошо жургуло. Эски ырларды эле ырдай бербеЙ. Каякты караба ушул нерсе,кичине озунор дагы изденип койгула.
22.07.2014. 10:47
 Gupa
Гүлбаржаным, оой, Гүлбаржаным... Ушундан башка бир да тексти эсимде калбады.
22.07.2014. 13:24
 aikol87
Сонун ырдаган,клипке +5. Аябай жакты кайра кайра коруп отурам. Чыгармачылык ийгилик.
22.07.2014. 18:48
 ferrari1
nu da jakwy jakwy +5
23.07.2014. 10:32
 aika1405
Темир азамат,унун укмуш.
23.07.2014. 10:50
 mi-li-na
жакшы, азамат!!!
24.07.2014 19:16
janul
кыз акыры озум эле барып турайын баары бир алып барчу жери природа да деген гоо ыыыя, клипке такыр тушунбодум
26.07.2014. 22:51
 i_am_simple
direcdet by Ernist Sydykov ty super brat
04.08.2014. 02:25
 akjol1989
Макс брат озунуз касканы кийипсизго Гулбар жанымга кийгизбей коюпсузда мотоциклде кетип атып мен олбойун сен олобер Гулбаржанго)))))).
05.08.2014. 02:52
 street
Жакшы ырдаптыр,азамат.Темирдин коздору башкачаго мурдагыдай эмес,ооруп журбойбу
08.08.2014. 02:54
 baby
Соонун!Красавчикта ушул бала.БОй десен бой-Каш-десен каш, жылмаюсучу,йииий.Кыргызстандын Филип Киркорову эле.Бул баланы тагдыр-турмуш эле ийип койдуда.болбосо аткан октой атылмак асманга
17.08.2014. 20:50
 Anqelina2
Иииииииий сонун ырчы да. Абдан сыйлайм ушул ырчыны. Талант десен талант баары бар.Суйом да суйом. Азыркы жаш ырчылардын эн таланттуусу. Голос супер! Ыр да, клип да супер!
18.08.2014. 00:00
 rusalka.kgz
Темирдин кыймылдагандары озуно сонун жарашат
22.09.2014. 02:33
 amirhan
Молодец Темир!!!! Алга! Ото жакшы болгон.
27.12.2014. 23:55
 ayjamal83
nachar klip.tushunuksuz
17.02.2015 15:04
Kamila88
ayjamal83,Жакпаса корбо!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: