Темир Назаров "Өнүксүн өлкөм"
Жанр:Поп
00:03:40
55,59 Мб
Жүктөлгөн: 19-10-2015


Баратып жолдо, батабыз ойго:
“Өлкөбүз кантип өнүгөт?”
Чаң баспай төрдө, чапсак деп өргө,
Санаабыз санга бөлүнөт.
Эгемен болуп, сыймыкка толуп,
Жашаган жокпуз бекерге.
Жалының кошкун, салымың кошкун,
Зарылып турган мекенге.

Кайырма:
Өнүгө бер, өркүндөй бер мекеним!
Мен дебей, эл деп, төгөлү бермет,
Бейпилдикте өнүгүп мекен,
Берекебиз байлансын бекем!

Ар канча улут, алтындай уюп,
Айжаркын болсун келечек.
Таптайлы күчтү, баштайлы ишти,
Аракет кылсаң - берекет.
Биримдүү болсок, билимдүү болсок,
Жетебиз аруу тилекке.
Өзгөчө көркөм, өнүксүн өлкөм,
Кыргызстан жашап жүрөктө!

Кайырма:
  • Currently 4.36/5
(11 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (23)

19.10.2015. 14:37
 Nurik_UFC
патриоттук ыр болуптур
19.10.2015. 16:11
 boyka.kg
Жакпады болбойт
19.10.2015. 20:26
 ulash.kg
Азамат Темир ырдын майын чыгара ырдаптырсын,сага ушундай патриот ырларды ырдоо жарашат,дагы коп жакшы ырларды кутобуз,ийгилик
19.10.2015. 21:01
 Abdyrashit.Satylganov
Жакшы клип.. Кана эми ошентип шаарларыбызга кабат үйлөр салынып..Кыргызстан өнүгүп кетсе..
20.10.2015. 08:11
 meerim11
Эн сонун клип азаматсын Темир
20.10.2015. 10:23
 aika0906
БУЛ Шайлоода ОНУГУУ партиясына ырдаган гимни го
20.10.2015. 11:18
 admin_media
aika0906,
Эскертүү! Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек!
Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
20.10.2015. 20:12
 Gulnaz.GS
Молодец
20.10.2015. 21:20
 OYSI
Колдо бар алтындын баркы жок, деп бекеринен айталбаганын жашоо озу эле далилдеп турат, азыр бул тасманы коруп эмнегедир журогум тоолкуп, туулган жерим, мекенимди сагынганымды сездим!Азаматсын! Мага аябай жакты!
21.10.2015. 02:40
 amirhan
мага аябай жакты, анткени патриоттук ыр болуп тур. Биз кыргыз эли сыймыктанган коп нерселерибиз бар. жулутубуз,жерибиз, мамлекетибиз, суубуз. Баа жеткиз!!! СУЙОМ, КУЙОМ сен учун бир кашык сууга чогуп олом деп ырдагандан 100 эсе жакшы деп ойлом.
21.10.2015. 02:41
 amirhan
Темир Назаровдун ырлары баары жакшы. уккулуктуу. азаматсын Темир!!!
21.10.2015. 08:17
 Роза Шакирова
Соонун болуптур. Азамат!!! Кыргыз элибиз,жерибиз онуго берсин.
21.10.2015. 13:31
 altynbek_84kg
Негизи Темир таланттуу негедир мурдагы Темир жок жакшы эле аракет кылгансыйт бирок
21.10.2015. 14:40
 karona
жакты
21.10.2015. 16:26
 Ayanat
Kyrgyzga dem bere turgan yr bolubtur, azamat!
22.10.2015. 02:25
 Gulya.akbaralieva
Сонун го Курманжан датканын баласынын рольун ойногон бала жагат.!!! Азамат Темир. Туулган жер да жакшы чыккан
22.10.2015. 04:46
 ysmanali
Красавчик
22.10.2015. 19:46
 baby
Баракелде!!! Аягына чыкканча козумо жаш алгандыгымды жашырбайм. Чынында Кыргызстаныбыз онуксун... Ушундай тематикадагы ыр-клиптерге басым жасап,иштеп жатканын эн жакшы Темир. Алдынкы клиптерден болуптур.Тронуло.Творческих успехов тебе.Бар бол.Мы тебя любим. Ты лучший!!!
22.10.2015. 19:50
 baby
Ырдын да клиптин да мааниси терен, маныздуу болуптур....Ойлондурат.Excellent
23.10.2015. 10:47
 GROM
Темир байке сонун клип экен.
Жакшы тартылыптыр, СинемАрт озу сапатына жакшы конул бурушат. Азаматтар, ырдын мааниси да жакты... Коп-коп иштеп жакшы ырларды жарата бериниз брат)
26.10.2015. 00:08
 aikol87
Сонунго азаматсын.Актёр балдар жакты.
30.10.2015. 18:17
 Gulu85
Обожаю темиру назарову
10.12.2015. 13:42
 daiyrbekov_91
Мыкты клип
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: