Аскат Мусабеков "Аруузатым"
Жанр:Эстрада
00:04:26
67,26 Мб
Жүктөлгөн: 19-05-2011


Сөзү:Э.Иманалиевдики
Обону:Э.Иманалиевдики

Аруузатым, ай чырагым, аппагым,
Сени көрүп мен тазара баштадым.
Карегиңде жүргөн экен катылып,
Качанкы бир мен жоготкон асманым.

Кайырма:

Карайлаган көңүлүмө нур толуп,
Кайра баштан төгүлөйүн ыр болуп.
Кайран жаштык өткөнчө,
Кайрылбастан кеткенче.
Карындашым, кагылайын, мага бир жолук.

Бир уу жылан сойлоп өтүп сүйүүмөн,
Бир заматта ойрон болгон дүнүйөм.
Өзүң менен айыкчудай сезилип,
Өзүм билбейм неге мынча сүйүнөм.

Кайырма:

Тагдыр, мени каалагандай калчадың,
Акың калса алып бүтчү, чарчадым.
Жаштык узап кетелекте бир жолу,
Жашоо берчи жашылындай арчанын.

Кайырма:

Карайлаган көңүлүмө нур толуп,
Кайра баштан төгүлөйүн ыр болуп.
Арман болуп дүнүйөм,
Айрылганча сүйүүдөн.
Аруузатым, айланайын, мага бир жолук.
  • Currently 4.74/5
(70 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (88)

18.10.2011. 20:54
 Dayana24
Бул ыр чыккандан бери тажабастан угам.Эн сонун ыр
04.11.2011. 10:59
 zuzu86
супер ыр! Жылдын мыкты ХИТ ырына татыйт чынында эле!!!
07.11.2011. 10:53
 Kolyan
Кечээ свадьбага келип ырдап берди, уйлонуп жаткан баланын досторунун атынан деп (достору бизпиз да, досумдун классташы экенин билбептирмин), абдан сонун ырдайт экен, элдер кетирбей суранып жатышып 4-5 ыр ырдатышты.
09.11.2011. 21:30
 beka1
браво сонун болуптур
10.11.2011. 13:03
 Nurimd
Молодец ырында, клипинда тим эле укмуш ийгилик сага онорун оркундосун
07.12.2011. 17:28
 nukesh
соонун ыр, клип соз жок укмуш баары жогу бир бирине дал келген
13.12.2011. 11:52
 besos
Азыркы убактагы эн сонун ыр. Азаматсын Аскат, баардык ырлары жакшы
20.12.2011. 10:04
 arzyy
абдан сонун ыр клип да да аябай жакшы тартылган.бул ыр жан дуйно ыры угуп алып аябай ырчы жигитибизге ыраазы болдум.АЗАМАТСЫН АСКАТ!!!
25.12.2011. 01:41
 zinaniz
Менин дагы папам жакшы корчу алтыным!
18.01.2012. 21:59
 DaniMiX
бул ырды укканда ырдай албасан да ырдагын келип кетет!!! ништяк ыр да! Ийгилик каалайм!
26.01.2012. 12:54
 davinchi
Аскат ишине ийгилик!!!
31.01.2012. 21:36
 МээримКа
Сонууууун ыр!!!!!
07.03.2012. 14:21
 aziza73
Аскат Мусабеков Баракелде
02.04.2012. 18:16
 marato
Азаматсыз Аскат байке
07.04.2012. 16:32
 urmatto
Супер клип,супер ыр,супер ырчы молодец....
10.04.2012. 20:05
 koshmatov
Эн мыкты ыр Аскат байке чыгармачылыгынызга ийгилик мынданда жакшы ырларынызды кутуп калабыз
18.04.2012. 15:17
 take41
Карындашым кагылайын, кагылайын мага бир жолук.
Ушинтип сыздап издеп жүргөндөр толтура, ошолордун жүрөгүнө тийдиң го Аскат браво!
26.04.2012. 23:05
 kyrgyzshaa
сонун ыр екен бизге жакты
27.04.2012. 13:03
 Rusbubu
Клип супппер+100
29.05.2012. 17:53
 kabylov.u
менин тагдырымды суроттогонсун.бали!осо бер!
11.11.2012. 22:54
 video_kg_2012
+1000000
29.11.2012. 11:49
 Mergen
Элмирбектин бут чыгармаларын сайтка чыгаргыла
29.11.2012 12:49
admin_AGAT
Mergen, саламатсызбы!
Аракет кылабыз.
15.02.2013. 20:38
 esenin
мыкты ыр !!!
23.08.2013. 03:25
 tokmok1
вот бул ырына кеп жок 3 жарым жаштагы кызым ырдайт бул ырды
10.11.2013. 11:01
 Fotograf
Аскат ырына чоон РАХМАТ! Ырдын мазмуну аябай жакшы экен, бул ыр менин досум Медерге арналып жазылып калгандай, досума айтарым Аскат ырдагандай "-Бир уу жылан солйоп отуп суйумон, бир заматта ойром болгон дунуйом дегендей "АРУУЗАТЫНА" тез аранын ичинде кайтып келишине тилектешмин. Аскаттын ишине игилик-омурун узун болсун. Ушундай супер чыгармаларды ырдап журо бер...
11.11.2013. 00:30
 SOLITARY
Менин кызым абдан жакшы корот..аты да Аруузат деп койгон элек
26.11.2013. 18:36
 nurali20
Бул ыр ырдалып баштагандан бери угуп келем.Аскат азамат +5!
26.11.2013. 18:41
 nurali20
ырга узун омур,Асхатка ийгилик!!!!!!!!!!!!
02.12.2013. 18:03
 nurik838383
угармандар текстине жакшылап конул бурсанар чынында жакшы жазылган, обонуна шайкеш келген
14.06.2014. 07:30
 Murok
браво азаматсын аскат
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: