Мирлан Баеков "Туулган жер"
Жанр:Поп
00:03:13
46,72 Мб
Жүктөлгөн: 31-01-2014


Сөзү:Талас Кашкариевдики
Обону:Эдил Маматовдуку

Алтын бешигим, түшүмө кирдиң,
Ансайын сага арналат сүйүүм.
Ырымды сунам, сапарым улайм,
Сагынып сени, элестеп улам.
Анда мен бала чуркап ойногон,
Андагы кыял сезим козгогон.
Айлуу түн, кечтер, балалык кездер,
Кусадар кылдың эсимден кетпей.

Таңдын шооласы, эненин үнү,
Таңкы шүүдүрүм, жоогазын гүлү.
Айылдын деми, сагындым сени,
Баратам сага, тосуп ал мени.

Киндик кан тамган туулган жерим,
Кадырыңа, эй, жетер бекенмин?
Ала-Тоо - жерим, кыргызым - элим,
Арча бешигим, Ата Мекеним...
Кадырыңа мен жетер бекенмин?
Баратам сага тосуп ал мени.
  • Currently 4.33/5
(15 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (24)

31.01.2014. 19:32
 mekusha
Клип сонун! Ысыколдон экен го тааныш жерлер! Менин айылымды аябай сагындым. Эээх чиркин.
31.01.2014. 19:41
 dikeii
кинодон алып клип кылып койгон экен. бирок сонун болуп калыптыр.
31.01.2014. 20:09
 Floweryface
Бул деген Мигрант киносунун саундтреги да
31.01.2014. 21:04
 guliz996
эх айылымды сагындым!эн жакшы чыгыптыр!
01.02.2014. 01:15
 azamat4ik
телефондон клипти кантип корсом болот айтып койгулачы
01.02.2014 18:42
admin_media
azamat4ik,
Саламатсызбы!
Opera mobile браузери менен көчүрүп көрүңүз.
01.02.2014. 03:44
 indira.1991
Соонун ыр экен. Аылды сагынып турганда ыйлаттыго чиркин
01.02.2014. 10:45
 kyrgyz.93
Уну жакшы эмес
01.02.2014. 16:13
 alisa.ilias
Жакшы чыгыптыр талантына таазим
01.02.2014. 16:14
 alisa.ilias
Супер инфо сидерден сураныч Мирландын жамгыр деген ырын жуктоп коюунуздарды суранам алдын ала рахмат
01.02.2014. 18:38
 zarifa_love
биротоло Токтогулду эле тартсан болмок экен.Мирлан сен сахнадан узап да кеттин ,жоролор деген жерден сени издеп таппай калдык ,ырын да анча болбой калыптыр ,бир аз изденип ,болбосо Гулжигитке барып бир аз кенеш алсан соонун болот эле ,аракетине 4 деген баа берели
10.04.2014 03:58
suiutbekov1989
zarifa_love, сен толик сынчыданда ото туштунго сонун эле болуп турбайбы азамат мирлан алга
01.02.2014. 22:46
 abdi91
кочуруп алалбай койдум атин ай
03.02.2014 10:48
admin_media
abdi91,
Саламатсызбы!
Opera mobile браузери менен көчүрүп көрүңүз.
Модератор admin_media түзөттү 03.02.2014 21:00
02.02.2014. 18:29
 tairbek.
клип жакты
04.02.2014. 07:24
 rnurzida
Сулуулугун кара кыргыз жеринин. Айылдын деми, сагындым сени дейт го. Эх, мен да сагындым айылымды. Сагындым Кыргызстанды
04.02.2014. 07:45
 ttatt
Ыр Бектики экен э? Авторун деле жазып койсонор болмок экен......
09.02.2014. 16:58
 ttatt
Супер инфо мр3 вариантын да жуктоп койгулачы, сураныч!Рахмат!
10.02.2014 10:23
admin_media
ttatt,
Саламатсызбы! Шилтеме: http://www.super.kg/media/audio/110535/
09.03.2014. 09:09
 malik
super man!

17.03.2014. 01:31
 kumchik
салам админ!Мирлан Баековдун "кызганба" аттуу жаны ырын жуктоп коюнуздарчы,сураныч
17.03.2014 18:17
admin_media
kumchik,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
08.05.2014. 12:13
 akyla88
эххх Кыргызстаным, сагындым... кыргыз элим, тынччылык каалайм, Кыргызстан жонундогу ырларды уккандан эч тажабайм...
24.08.2014. 03:25
 kuzia
Кандаймсонун ыр ээ айылымы сагындым .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: