Мирлан Баеков "Кызыл өрүк"
Жанр:Поп
00:03:56
61,55 Мб
Жүктөлгөн: 20-08-2010


Сөзү:Жылдызбек Абдыраимовдуку
Обону:Мирлан Алыкуловдуку

Кызыл өрүк төгүлгөндөй,
Кыздын чачы өрүлгөндөй.
Кыз жашырып ал ак сүйүүсүн,
Кыйгач карап көңүл бөлбөй.

Кайырма:
Кызыл өрүк, кызыл өрүк,
Сүйүп калдым мен сени көрүп.
Кызыл өрүк, кызыл өрүк,
Койчу мага көңүл бөлүп.

Кызыл өрүк данегиндей,
Кара көздүн карегиндей.
Кагып кашың басып кеттиң,
Калтырбадың дарегиңди, эй.

Кайырма:

Кызыл өрүк, азап болдуң,
Кызык сүйүү баштап койдуң.
Кыздын атын сурай албай,
Кызыл өрүк атап койдум.
  • Currently 4.33/5
(6 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (107)

17.11.2010. 12:10
 АЙЗИРЕК
мага аябай жакты Суппер!!!
17.11.2010. 16:39
 KOROZ
Бир гана минус болгондо дагы абдан чон минус бул видеонун качествосу начар домашный видео камера менен таркандай а так соонун чыккан ыры дагы укмуш Мумиядан кийинки эле жашап аткан ыр ушул болуп атат окшойт менимче бугунку кундо :)) ийгилик
17.11.2010. 16:40
 KOROZ
ушунча шымаранын ичинен бир эле суйкумдуусу тиги кыз жакты )))
18.11.2010. 20:25
 danka
Такыр жакпайт, дагы жалдын мыкты ырына коюптур!!! Озу да эч жакпайт, билбейм эмнеге(((
19.11.2010. 02:36
 Lusi
угуп жатып эс алам го соооооонун рахмат
22.11.2010. 11:25
 Omur
Машынада кетип жатып дагы уйдо дагы Кызыл орук, кыскасы кызыл орук жагат
22.11.2010. 17:23
 Argenkg
yr da klip da jakshy
24.11.2010. 14:49
 Zein
Баары жакшы. Башка клиптерге караганда озгочо.
28.11.2010. 18:47
 honestbek
maldec////ssss
01.12.2010. 17:18
 Baichechekey
Унундон секет Мирлан азаматсын.
01.12.2010. 17:51
 Baha Kg
okei abdan manily azamat
05.12.2010. 14:04
 jydastik
Молодец жакшы ырдайсын! Баары супер!
05.12.2010. 16:15
 jyzakg
da prikolno!!!!!
11.12.2010. 15:44
 kgSama
супер!! аябай прикольный экен!
16.12.2010. 21:35
 Asanti
Эн зор!балли.
18.12.2010. 14:26
 Дикуся
Уну жакшы экен,клиби прикольный болуптур.
21.12.2010. 16:49
 Dashi
мен балабайм
23.12.2010. 03:25
 OTi
Менимче ырдын мазмуну башка клип башка жана дагы сапаты начар экен (ачык соз)
28.12.2010. 19:53
 кенжебек
биринчи орунду ала турган ыр
02.01.2011. 14:21
 erkinbekova
Супер жакшы эле!азыр Иркутскийде кыргыздардын тойлорунда Кызыл орук эле болуп калды!!!
03.01.2011. 07:25
 Romantic
4ynyn aitsam apanyn tokmoktop jatkanyn korup boorum ezilip kuldum,ki4ine maida jetiwpestikter bar birok maga jakty,yr sonun,dalai toilor kyzyl oruk bolup jatat))).iygilik saga Mirlan!!!
03.01.2011. 08:52
 lira
90-jyldardin yrlarynday eken.Eski go...
04.01.2011. 12:28
 asaface
Бул чегарачылардын дискотекасындагы главный хити. Ыр абдан энергичный, реактивный...
09.01.2011. 06:39
 sanchik
menimche ancha emes go
10.01.2011. 00:01
 Programmer
Клипин орто эле экен.
22.05.2011. 01:51
 Aipesh
а баракелдилер жоролор
10.07.2011. 20:57
 aikoledi
менин кичинекей кызым бар азыр 1 жаш 8 ай.былтыр 9 айлык кезинде алгачкы жолу ушул ырга бийлеген ошондон бери ушул ырды жакшы коробуз
17.11.2011. 07:09
 FIRDAUS
мен бул клиптин озуно,созуно деле маани бербейм,мага бул клиптеги тартылган кыз жагат.аябай татынакай кыз,мага ким кошулат
08.12.2011. 17:54
 Gulzina1
Клип аявай жакшы жана ыры да суупер.
12.12.2011. 23:30
 isamurai
бетке жаман жеди даа
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: