Мирлан Баеков "Каниет ыры"
Жанр:Эстрада
00:03:38
56,33 Мб
Жүктөлгөн: 08-12-2011


Обону:Г.Айдосованыкы

Өмүр менен жашымды,
Арнаймын деп мен элге.
Мен да жүрөм мекендин,
Эң керектүү жеринде.
Өтүп жаткан өмүрдү,
Токтотууга ал кайда?
Ага болгон кумарым,
Жашарткандай ал кайра.

Кайырма:

Түйшүктөнүп кайра эле,
Түбү бүтпөс санаамдын.
Ошон үчүн тирүүмүн,
Ошон үчүн адаммын.
Мен өмүрдүн четинен,
Кетилгенин сезгенде.
Мазем кетип жанымды,
Батыра албайм эч жерге...

Күндөр жылат агылып,
Жамгыр төгүп өткөндөй.
Жашай албай сагынып,
Жазды күткөн көктөмдөй.
Эмне мынча тызылдап,
Калуучудай кечигип?
Ал ансайын четинен,
Өмүр барат кетилип.

Кайырма:
  • Currently 4.61/5
(70 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (87)

03.01.2012. 13:28
 Ади
Автору ким ушул ырдын?
03.01.2012. 13:29
 Ади
Айдосова деген ким эле?
04.01.2012. 22:22
 kam
kantse dagy toktogulduk da./toktogulduktardyn talantyna taazim,.
25.01.2014 02:03
bmv.x6
болбогуун кыргыз неси да болсо !!!
07.01.2012. 18:36
 kuba8787
уай эми болот ырдаса
09.01.2012. 01:07
 Bishkek
azamat,alga +10
05.02.2012. 15:11
 azakgcool
azamat!!! jakwi ir boluptur!!!!
06.02.2012. 02:10
 toktorbai
молодец!!!
06.02.2012. 04:55
 Monika
Osup chykkan gul kordum, basyp otkon izimden, topuk kylam an saiyn, munum tarap konuldon, topuk kylam ichimden.... Kandai gana sonun saptar.
07.02.2012. 13:16
 Akyikatchy
Жакшы чыгарма жана ыр адамды тарбиялайт ! Бул айныгыз жана талашкыз кеп.Бул ырды угуп жатып Жараткан Аллага шугурчулук келтирип каниет кылып жашаш керек экендигин дагы бир ирет тушундум.Омур жана жарыкчылык жашоо кертилип жаткандыгы чындык ал эми кандай жашаш ар бир инсанияттын озунон.Эгер мен оз омурумдо зор ийгиликтерге жетишкен болсом ыйык журтум Кыргызстаным учун.Ал эми куноого батып эптеп-септеп жашаган болсом озумдон кором.
10.02.2012. 10:12
 duulat_kgz
молодец Мирлан. АЛГА!!!!!!!!!!
17.02.2012. 17:29
 kunduza
Мирлан дагы кичине музыка жактан билим алышы керек экен бир аз бир аз
21.02.2012. 21:52
 nurgulja
Ырды жакшы аткарганында кеп жок,мен Мирлан менен кантип байланышаарымды билбей журом.Анткени бул ырдын туура создорун берет элем.Бул ырды биз мурун ырдачубуз мен бул ырды абдан жакшы коргондуктон ушул кезге чейин создорун эч унуткан эмесмин.Угуп абдан кубандым,бирок создору туура эмес.Балким Мирлан бироолордон туура эмес текстин алып алган чыгаар.Мен туура текстин берет элем Кантип байланышсам болот жардам сурайм.
30.12.2013 21:40
aybekerlan
nurgulja,
Саламатсызбы. бул ыр мага да аябай жагат. озумчо отуруп ырдай беремин. Сиздин жазгандарынызды окуп кызыгып калдым.Мумкун болсо ТУУРА СОЗдорун алсам болобу? мен ойумда -кетилип дегендин ордуна-кертилип болсо керек. Рахмат
27.02.2012. 00:43
 bosia
Ушул ыр башында чыкканда эле жаккан. Бир жолу маршруткада кетип баратсам ушул ыр башталып калды. А мен жетип калгам. Айла жок отуп кетууго туура келди. Ал эми маршруткада ызы-чуу болуп жаткандардын баары тынчтанып угуп калышты. Арасында турктору орустары дагы бар. кайырмасын созуп жатканда суйунгонумдон мурдум барбайып эле калды. Сыймыктанткан ыр жаратып коюптур, сыйлайм жана сыймыктанам сиз менен!
02.03.2012. 13:50
 Zein
эн жакшы
05.03.2012. 03:39
 Anisaydan
Супер ыр! Мирлан сага ийгилик!
05.03.2012. 10:29
 Мэри
Клиптеги сакалын сылаган карыя башына калпак же тебетей кийсе болмок экен, жаш баланыкындай, спорттук баш кийим кийбей.
05.03.2012. 20:44
 guli90
ыр аябай жакты клиптп соонун экен
13.03.2012. 01:54
 Gold_kg
канча жолу кирсем интернетке соссуз угуп анан чыгам жакшы ыр экен.
13.03.2012. 16:11
 vasilisakg
Добуш берем. Сонун ыр!
14.03.2012. 23:22
 vasilisakg
Клипи да жакты,ыр да сонун экен. Ушундай жан эргиткен обондор коп-коп жарала берсин. Добуш берем.
23.03.2012. 02:02
 dilara
iri da sonun,klibi da sonun,Mirlan ozu da sonun!
23.03.2012. 02:04
 dilara
iri da sonun,klibi da sonun,Mirlan da sonun jana kelinchegi Sozul da sonun!
25.03.2012. 23:53
 beka92
ей елдер ертерак айтып койсонор олосунорбу сонун ыр чыкты деп
27.03.2012. 19:04
 анарбек
тоолордо осконбузда кантсе да патриоттугубузга эч ким тен келбесе керек
27.03.2012. 21:42
 mubina
Чын журоктон чыгарып ырдалган ыр болуптур, угуп алып сергий тушосунго мыкты ыр БАРА КЕЛДИ!!!
07.05.2012. 02:19
 
Azamat sonun yr eken jurok jylyit go
14.05.2012. 12:46
 elnurakai
Мирлан баракелде!!! бирок ырдын авторун билбесен керек туурабы??? Жакында эле ырдын авторунун жубайынын айтканын уктум, текст Кыргыз Эл акынына таандык экен. Балким апага кайрылып коерсун. Ушундай мыкты жазылган тексттин аркасында ыр жогорку денгээлге жетип жатса керек да...............
23.05.2012. 22:46
 kyrgyzshaa
клибинин еч кандай мааниси жок мага жакпады
20.08.2012. 23:10
 zhenishgul
Таалантын оркундой берсин !Ак-Жол !
05.02.2014. 13:55
 Ott
сөзү: Эсенгул Ибраевдики
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: