Ильяз Андаш "Коштошуу"
Жанр:Поп
00:04:09
50,55 Мб
Жүктөлгөн: 28-04-2014


Сөзү:Нурлан Эсенгуловдуку
Обону:Нурлан Эсенгуловдуку

Акыркы жолу мен сага барам,
Акыркы жолу сүйөм деп айтам.
Канчалык сени сүйүп турсам да,
Кайрылып кайра, бара албайм сага.

Акыркы жолу гүлүмдү сунам,
Акыркы жолу саамайың сылайм.
Бактылуу бол деп колуң булгалап,
Каларсың жаным менден алыстап.

Кайырма:
Арманым күчөп, алыстап сенден
Каламбы жалгыз ак сүйүүм менен
Арманым күчөп, алыстап сенден
Каламбы жалгыз ак сүйүүм менен

Ыйлаба жаным өзүңдү кыйнап,
Ыйлаба жаным жүрөгүм сыздайт.
Жалгыз сүрөтүң калат сакталып,
Көргөндө аны жүрөмүн ыйлап.

Кайырма:
  • Currently 4.50/5
(12 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (33)

28.04.2014. 18:05
 begusia
Ыры журогумду элеп алды,менин журогумдогу арман(((
28.04.2014. 18:12
 kirpik
ким ырдаган билбейм бул ырдын 1-чи чыкканы сонун болчу андаш ырды тумчуктуруп таштаптыр
28.04.2014 21:10
nazika5
kirpik, жакшы эле ырдаптыр го тумчуктурбай эле жеткире ырдаптыр молодец ильяз алга
28.04.2014 23:34
kirpik
nazika5, сен даниярдын ырдаганын уксан
28.04.2014. 21:06
 kama_future_millioner
Ырдын мааниси жакшы экен
28.04.2014. 22:37
 aibek0001
Голосу мага окшош экен, менда ырдаганымда ушундай голосто болчу, жакшы аткарылыптыр.
29.04.2014. 00:08
 nurchik91
Жакшыго бирок kitpik айтмакчы думчуктуруп ырды кыйнап коюпсун ))
29.04.2014. 00:38
 betatek-2011
Oba menda kirpik aitkandy aitmakmyn chynynda nachar golosuda taza emes eken ozun erkin koiop yrdaw kerek kysylbai titirebei,
29.04.2014. 01:04
 kuba.kg
чынында данияр деген жакшы ырдаган экен .издеп журуп таптым ошол эски ырды
29.04.2014 02:23
Berekem
kuba.kg, кайдан таптыңыз? Мен дагы уккум келип турат. купуяма ссылкасын жибере аласызбы?
30.04.2014 15:38
kuba.kg
Berekem,
http://www.super.kg/media/useraudio/118153/
Модератор admin_superstan түзөттү 30.04.2014 16:00
30.04.2014 02:37
ASALARI
kuba.kg, :))
29.04.2014. 01:13
 honey.altinai95
тумчугуп кетттиммм
29.04.2014. 01:15
 lady-jemchug
Ильяз сен ырды бузуп коюпсун.Бетке айткан создун заары жок.Чындыгында башка бироонун аткарганы менин телефонумда дагы эле журот,жеткиликтуу ырдаган.Бул ырды угуп,мен кыйналып кеттим.Ырдабай эле койсон болмок.
29.04.2014. 08:55
 M89
Бир саатта эле тартылган клип экени корунуп турат. Бирок ырга соз жок.5 деген баамды берем!
29.04.2014. 10:14
 Hameleon
Клипти укмуш эле реклама кылыптыр. Ырга го соз жок. Бирок чын эле ойдодо айткандай бир аз кыйналып ырдаган го ырчы. Анан да кызыгып жаны клип десе кандай экен деп кызыксам, жон эле машина анан сахна менен бутуруп коюптурго. Чындыгында купулума толбоду. Билбейм супер мега клип дегенден алысмын.
29.04.2014 15:15
aibek0001
Hameleon, Ооба кыйналып ырдаган, анан не онойчулук менен каалаган ырды ырдап журсо болбойтко, баары кыйынчылык менен болот.
29.04.2014. 14:02
 merinargiz
даа биринчи ырдаган бала жакшы ырдаган жеткирип.башында суйлоп аткандай болуп эле кийин кыйналып кетиптир.клиби деле бир коруп койорлук...озун да кыйнап ырды да кыйнап.мындан кийинкисине ийгиликтерди каалайбыз
29.04.2014. 15:24
 aika_sv
Туура айтасынар.
30.04.2014. 11:47
 alatookg312
клип вообще тушунуксуз ,ырды да бузуп коюуптур ушул Ильяз ырдабай эле койсо болот,ырларынын такыр мааниси жок.
30.04.2014. 18:47
 rnurzida
Чынында эле Данияр деген жигит аябай жакшы ырдаган. Кыйналбай-нетпей эле. Клип болсо билбейм кандай мааниде тартылган. Машинада баратып ырдаганын коруп, азыр суйгонуно барып коштошуп келет го деп кутуп аткам. Коштошкон сон откон кундорун жана эмне себептен коштошконун чагылдыра кетсе менимче бир аз тузугуроок болмок. Ото эле супсак клиптердин катарын толуктаптыр.
01.05.2014. 12:13
 ayka.1991kg
Супер инфо мен клип кочуро албай атам
01.05.2014 12:33
admin_superstan
ayka.1991kg, эгер телефон менен кирсеңиз, Opera mobile браузери менен көчүрүңүз.
01.05.2014. 21:18
 Aikoo2014
Бул ырды Данияр дегенда эмес,башка эле аты чыкпаган эле ырчы ырдаганын уккам. Аябай соонун эле мага аябай жаккан,издеп таап угуп жургом. Анан телефонум уурдатып жиберип бул ыр эсименда чыгып калыптыр.Жакшы эстетип койду мага. Ильяз ырдаганы такыр жакпады.
01.05.2014. 21:56
 Bekenova
Магада жаккан эмес башында эле, биринчи ырчынын аткарганы жагат эле, бирок ийгилик!!
02.05.2014. 15:34
 aygerimka
Ырдын мааниси жакшы. Бирок клиптин сюжети менен тартса болмок.
03.05.2014. 05:48
 altywka65
Ильяз мн кошо мен да кыйналып кеттим а клипке тушунгон жокмун
04.05.2014. 22:02
 orxidea10
чыгармачылык ийгилик Ильяз талыкпай иштей бер сенден жаны ырларды кутобуз.сонун ырдапсын.
05.05.2014. 12:52
 Mederina11
Иляз ырдаганы жакты.Тиги не баланыкы анча эмес
16.05.2014. 12:54
 tulpanka92
Менда укам бирок ким ырдаганын билбейт екем такыр жакпады иляз ырдаганы ким ырдаганын жазып койгулачы
17.05.2014. 14:59
 Ak_gulum
ырдап ырды бузуптур.Урматтуу Ильяз бул кайгылуу ыр. Унунуз менен ошол кайгы-мунду жеткире алуунуз керек эле .Окунучтуу Модератор admin_superstan түзөттү 19.05.2014 14:28
19.05.2014 14:28
admin_superstan
Ak_gulum, мазактоодон алыс болуңуз.
26.05.2014. 19:48
 AMAH-2
Эң жакшы ырдаган.Клип чындыгында түшүнүксүз.
Ал эми тиги Данияр дегениңер ырды 125% бузуп салган же ырдай алган эмес.Дегеним мен бул ырды мурда ким ырдап жүргөнүн билбейм.Кыскасы көп фанаңдай бербегиле "бузуп салган" деп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: