Ильяз Андаш "Кыздарга ишенбе"
Жанр:Поп
00:03:46
46,86 Мб
Жүктөлгөн: 17-04-2013


Сөзү:Үсөн Дайырбековдуку
Обону:Съездбек Искеналиевдики

Айланам караңгы түнөрөт,
Кайгыда күн батат, күн өтөт.
Туруксуз кыздардын жүрөгү,
Сүйүүсү тез эле өзгөрөт.
Кыздарга эч качан ишенбе,
Алдатып, оо, курбум, тиштенбе.
Сулуулар туруксуз, жеңил ой,
Алардан чын сүйүү издебе,
Алардан чын сүйүү издебе.

Кайырма:
Эх, сүйүү, кайгыбы, арманбы?
Же сүйүү кыялбы, жалганбы?
Гитара муңканып сыздаткан,
Биз үчүн кайгы эле калганбы?
Биз үчүн кайгы эле калганбы?

Кызыл гүл колумдан соолуду,
Кыйналдым, жүрөгүм ооруду.
Кымбатым кайрылбай кетти да,
Калдайган кайгылар тооруду,
Калдайган кайгылар тооруду.

Кайырма:
Эх, сүйүү, кайгыбы, арманбы?
Махабат жалганбы, жалганбы?
Гитара муңканып сыздаткан,
Биз үчүн кайгы эле калганбы?
Биз үчүн кайгы эле калганбы?
Махабат жалганбы, жалганбы?
Махабат арманбы, арманбы?
  • Currently 4.27/5
(22 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (53)

20.04.2013. 11:34
 elka7
ким жанын бергени жатыптыр?
20.04.2013. 12:23
 drakon85
мека, жан дуйносу м.н ырдаптыр, клип жакры
20.04.2013. 13:19
 muniwa
ооба ишенбегиле, такыр ишенбе.
20.04.2013. 16:48
 Doka
Сулуу кыздарды коройун деген коз жок. Туп туура ырдаптыр.
20.04.2013. 23:35
 Siuz
Клипке эч бир тушунгон жокмун. Беш кол тен эмес кыздардан дагы,балдардан дагы туруксуздукту кутсо болот.
21.04.2013. 21:42
 mega777
мага жакпады клип тушунуксуз же киносун корбогонумобу
22.04.2013. 02:26
 Lunka_raim
Тим эле кыздарга ишенбегиле -деп- . Негизи балдарга ишенбеш керек. Анан заманына жараша адамга адам ишенбейт эми уй булоодо жубайлар анан баласы ата энесине ишенбеген убакыт келет окшойт...
24.05.2014 21:02
papanstan
Lunka_raim,
туура айтасыз
22.04.2013. 17:54
 aziato4ka
jakpasa ukpagyla. kyzdar myncha taarynchaksynar bul jon ele yrgo ))
23.04.2013. 12:40
 chyna_kg
мен бир жерден окудум эле бул ырдын Ильяздын жашоосуна тиешеси жок, Ильяз мындай ойлобойт деп. Киного гана саунтрек болгон ыр го дейм. Бирок чынын айтсам аялзаты катары мага да жаккан жок )))
23.04.2013. 15:46
 talantbektegin
жакшы
24.04.2013. 11:54
 sali
Jakty maga dagy :)
27.04.2013. 17:10
 Voin.teni
Эркек катары мага деле жаккан жок. Кыздарга ишенбе, алардан чын суйуу издебе дейт да анан эркектер эркектерден чын суйуу издейби? Гомосексуализмди пропагандалап жатат го менимче...
28.04.2013 22:29
Awpoz4u
Voin.teni, Кудай сактасын!!!!!! Каранын ою кара болот дейт го. Ырдын маанисин тушунуп жазуу керек же тушунбосонуз он жакта "текст" турат. Окуп корунуз?!
28.04.2013. 22:45
 jakshy_bala
Мага жакты...))
30.04.2013. 15:58
 NUKURA KYRGYZ KYZY
дааа... Кыздар болбосо кайдан семья болмок эле. Ишенбе дейт , озун ишенбей эле журо бер элдин баарын угуттобой ! маанисине карабай , кандай тийет кыздарга деп ойлонбой эле ырдайт десе ырдай бериптир ...
12.05.2013. 20:54
 KaSuBa
ыры сонун экен!а сакиш как всегда адамды жыгат да,камчы дагы))
15.05.2013. 19:26
 KARAKOLDUK
урматтуу кыздар жакында эле бул тасманы коруп келдим, бул ыр жон гана киного жазылган ыр экен! ))
11.06.2013. 20:20
 AltinayAltinay
Бул кино магада жакты жакшы тартышыптыр
30.07.2013. 12:07
 turumbeov_k
оооооо озунун башынан отокнго канча жолу алданып канча жолу тиштенди экен
15.09.2013. 08:27
 ales
Кыздар балдарга караганда туруктуу.Кыз сүйсө калат, эркек сүйсө алат. Кыздар сүйүп калуудан корккула, андан көрө жигиттерди сүйдүргүлө...практика бар.
29.09.2013. 13:29
 Tomega
Кыздарга ишенбесенер ишенбегиле.)))) Кызыктуу кино окшойт.Жакшы ырдаптыр.
30.09.2013. 00:40
 ketsinizm
кандайсыздар? мен көптөн бери мобул ырды издеп таппай жүрөм:

тереземе жарык түшпөй ойгоном
жарадармын сага жетпей ойлоном
...булуттардын арасынан
баратамын тосуп алчы мени жолдон
кайырма:
эх жаным келчи келчи
мен жетейин кадырыңа
эх жаным келчи эми
махабаттын айылына

бул ырды ким ырдаганын да билбейт экем. Жардамчы боло аласыздарбы сураныч?
16.10.2013. 10:13
 dina
"Карт бойдок" тасмасынын саунтреги. Ал кинону корсонор ырдын маанисин тушуносунор. Мага клип да, ыр да жакты. А, Ильяз Андаш мурдале жакчу))).
16.10.2013. 19:38
 bunny89
клип начар,жакбады,сулуу кыздарда деле журок бар,ал журок бир гана адамды суйот.
17.10.2013. 03:23
 Meliana
Эмне деген ыр текстин окуп ырдаганбы озу?
26.11.2013. 00:55
 kiborg
беш кол тен эмес бирок билек бир
03.03.2014. 06:54
 alai.gulcha94
хе хе хе хе балдарга да ишенбегиле
03.03.2014. 06:55
 alai.gulcha94
бир кыз алдап кеткенго э Ильязды ырдаганына караганда
24.05.2014. 21:20
 Aikoo2014
Кыздарга ишенбесен,анда эркектерди суй. Башка эмне демекчибиз,озу ушул созду тиледида.
12.10.2014. 20:58
 Batken
Kyzdyn kolundagy pyryldagy jakty.Maga kichinemde Apam biwkekten satyp bargan bolchu.Nostalgia
06.01.2015. 17:16
 hakker_a
Vaauu sonun eken maga jakty birok 5 kol ten emesta
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: