Ильяз Андаш, Сайра Момунбаева "Сүйүү бийин бийлейли"
Жанр:Поп
00:04:32
70,98 Мб
Жүктөлгөн: 02-02-2011


Сөзү:Г. Шакированыкы
Обону:А. Дөөткуловдуку

Жанып турсам байкадыңбы?
Жылдызымдай асмандын.
Капилеттен көрүп алып,
Мен да сага шаттандым.
Кусалыгым тарап кетти,
Нурларындай ак таңдын.
Жакшы сөзүң жанга кубат,
Жалыныңа капталдым.

Кайырма:
Көкөлөсөң көңүл кушу эргип,
Көздөр менен сүйлөйлү.
Сезимдерге күү төгүлтүп келчи,
Сүйүү бийин биз бийлейли.

Сени гана сезимиме,
Катып алдым кайтарып.
Көздөрүңдүн ирмеминен,
Турду баары байкалып.
Аруу сезим кандай күчтү,
Алсыз ойду майтарып.
Жарык болсун эртеңки күн,
Жакшы ойлорго кайталык.

Кайырма:
  • Currently 5.00/5
(3 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (14)

02.02.2011. 18:07
 Шаиста Шатманова
Биздин жаш ырчы кыздар сахнага чыгып-чыкпай жатып эле толуп кетишет. Ошолор Сайра эжебизден сабак алышса, ким айтат бир нече баланын энеси деп? Азаматсыз. Ыр да, клип да жакты.
03.02.2011. 09:23
 KOLPOCH
Азамат Ильяз!
03.02.2011. 10:55
 АНАРА
Сайра эже сиз менен сыймыктанам!!! Озунузду аябай жакшы алып журот экенсиз, дагы деле баягыдай жапжашсыз. Азат байке экоонуздорго чон ийгиликтерди каалайм!!!
03.02.2011. 20:18
 rut
Saira eje,siz azamatsyz,Il'yaz Andaw yrchy jigitke ozunuzdun balanyzdai kylyp mamile jasap,jakwy kam korosuz,sizderdinn Chygarmachylygynyzdarga iygilik!!!!
05.02.2011. 18:33
 gujunpo
Saira eje kuurchak boidon turbaiby!! Azamattar, jakshi klip boluptur!
07.02.2011. 02:48
 lira
Super Info emne boldu akyrky kyndory?...Videolor takyr a4ylbay kaldy da...
07.02.2011. 06:16
 gilrfkg
sayra degen atty birinchi jolu ugup jatam:-0
10.02.2011. 08:38
 lira
Koldyn kaysy jeeginen tartkan?
13.02.2011. 22:48
 salidat8087
Кайырмасында Сайра эжэнин уну Иляздын унун басып коюптур,бирок жакшы,аракеттерине баа бериш керек,коч бара-бара тузолот,ийгилик каалайбыз...
17.02.2011. 14:00
 andormeda
Ушу ырды уксам эле мюзиклдар эске тушот да чиркин...
04.03.2011. 10:28
 yahaha
воаах
04.03.2011. 12:02
 Strateg
Клип да, ыр да жогорку деңгээлде болуптур. Азаматтар Ильяз жана Сайра эже!!!
12.03.2011. 15:31
 Kych Kach
Maga jakty!Ayabay soonun klip boluptur.
İygilikter,silerden dagy uwunday klipterdi kutobuz
Uwunday karmagyla(Tak derjat)!!!
21.05.2011. 16:33
 japarova
укмуш болуптур,мага аябай жакты...азаматсынар!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: