Ильяз Абдыразаков "Бир өзүңө"
Жанр:Поп
00:03:22
40,23 Мб
Жүктөлгөн: 07-05-2014


Сөзү:Ш.Бөрүкуловдуку
Обону:И.Абдыразаковдуку

Сагындым сени, жаным, ардагым,
"Сагынбаймын" деп өзүмдү алдаймын.
Сагынып канча көргүм келсе да,
Сага билгизбей санаа тартамын.

Кайырма:
"Сүйөмүн" деп айта албадым,
Же артыңдан мен бара албадым.
Жүрөк ыйлап, сыздап жүрсөм да,
Бир өзүңө мен кайта албадым.

Сен дагы мени сагындың бекен?
Же мен жөнүндө унуттуң беле?
Караңгы каптап сенсиз дүйнөмдү,
Арманда сыздайт алсыз жүрөгүм.

Кайырма:
"Сүйөмүн" деп айта албадым,
Же артыңдан мен бара албадым.
Жүрөк ыйлап, сыздап жүрсөм да,
Бир өзүңө мен кайта албадым.
  • Currently 4.52/5
(29 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (154)

27.09.2014. 15:55
 bepiev91
Класс 5 !
29.09.2014. 00:59
 dina
Ыр жакшы, клип Ильяздын деңгээлине жетпей калган. Машинендин казак номери да жакпай калды)))
06.10.2014. 04:18
 Salim1
Ырын жуктоп алгам. кошулуп ырдап журом. Клип анча канаатандырбады. Чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!
06.10.2014. 20:40
 Legend3110
Ыр жакшы . Кыз абдан жакты :-)
09.10.2014. 18:00
 kykenbai
Ыр сонун, клип орто. BMWнун номери КЗко. Ошол жери жакпай калды.
23.10.2014. 00:07
 kindly_girl91
ийгилик
23.10.2014. 02:48
 Bolya8892
Саламатсыздарбы супер инфо. Мен учун баа берген болбойт. Мисали супер, жакшы, начар. Суперди массам болбойт жакшыны начарды басан болот . Кандай тушунсо болот
23.10.2014 09:56
admin_media
Bolya8892,
Саламатсызбы! Бир жумада бир эле жолу добуш бере аласыз.
01.11.2014. 16:42
 kubzero
Иляз супер!!!
20.11.2014. 13:09
 joysin777
клип деле ыр деле сонунеле
01.12.2014. 20:33
 zoro21
Эркек!!алга
02.12.2014. 22:09
 Atas
Ильяздын клиптери башка ырчыладыкына караганда,
норм еле.
05.12.2014. 16:54
 pavarotti
Эххх. Ильяздын обондору абдан кооз, бирок башындагы проигрыш англисче Talk about,walk about деген ырдыкындай болуп калыптыр. А так Ильяз как всегда молодчег!
11.12.2014. 18:18
 aski_kg91
good ильяз клиптеги кыз куклаго
11.12.2014. 21:53
 Mariyana
Супееер!!!
16.12.2014. 12:36
 Saku01
Сонун болуптур,Мага абдан жакты.
28.12.2014. 15:56
 Eliz89
Мынча томпошка болуп толуп калган Иляз красавчик ардайым ийгилик клип сонун
28.12.2014. 16:05
 Eliz89
Москва шаарына качан келет admin билип бере аласыздарбы алдын Ала рахмат
31.12.2014. 17:10
 aldavait
Сонун ырдапсын иним,

жакшы ырларды жарата бер. ийгилик!
09.01.2015. 11:40
 R.A.Altynai
Эх кайрадан журогумдо сагынуу сезими ойгонуп кетти,ырды угуп.Мен да "САГЫНДЫМ" суйуктуумду! Соз жок ырынызга Ильяз,чыгармачылык ийгилик сизге!
11.01.2015. 21:17
 aldavait
Красавчиг иним,жакшы ырдапсын,биринчи местага татыктуу. Ушул ыр менен токтоп калбай дагы чыгара бер
11.01.2015 23:07
jypar.i
aldavait, Ильязга кыргызча эле "азаматсың иним, талантыңа баа бердим" деп жазсаң болбойбу. Ушу кыргыздар кыргыздын көп сөздөрүн таптакыр эле колдонбой калдык. Мисалы: места,сахар,красавчик, сестрёнкам,братишкам, девушкам - деп. Ал эми Ильяздын машинасынын № казактыкы болсо эмне болуптур. Негизгиси талантту, жөнөкөй жигит. Ийгилик сага Ильяз иним
11.01.2015. 23:22
 Bakulya79
Ильяздын жонокойлугуно эч бир ырчы жетпейт.Озу менен озу жумушун жасап журо берет.Бар бол Ильяз.....
12.01.2015. 10:46
 admin_media
Bakulya79,
Саламатсызбы! Кандай учурда чыгат? Кененирээк купуя кат менен жазып койсоңуз, рахмат!
16.01.2015. 22:44
 Zyldyza
Ильяз ырларын маанилуу ,сапаттуу.ИЙГИЛИК.копчулуктун суймончулугу бол)))
Москва шаарынан Жылдыз,Гулмвйрам))))
21.02.2015. 18:27
 Aman7
Ээх суйуу суйуу, ыр сонун.
02.03.2015. 12:58
 kut.9494
Обончу мыкты аткаруучу.Ар дайым кудайым колдосун,уй булоолук бакыт каалайм.Ар бир чыккан чыгармаларыныз жагат.
08.03.2015. 01:18
 Zair_Alimov
Super
01.04.2015. 13:09
 Ayperi94
Ырдын мааниси сонун клип да жакты .
30.12.2015. 01:17
 Baarova
Ильяз байкенин бут ырлары жагат.
29.01.2017. 14:56
 atai9
ильяз байкенин ырлары жакшы музыкалары андан 5+++
09.07.2019. 05:38
 Tursunkulov02
Бул ырдын ичинде канчалаган сезимдер бар экен угуп жатып образга кирип кетесин гоо
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: