Ильяз Абдыразаков "Коштошуу"
Жанр:Поп
00:03:58
56,14 Мб
Жүктөлгөн: 07-03-2017


Сөзү:Жаңылай Кекееваныкы
Обону:Ильяз Абдыразаковдуку

Жаныңда турамын сөзүмдү айта албай,
Жалгандарды курамын сени мен аяй.
Жалгыздык аралында калсам мейли мен,
Көзүмдөн аккан жаштын себебин билем.
Жараланган куштай,
Жалгызмын мен учпай,
Жан дүйнөм ыйлап турат кетсең сен узай.

Кайырма:
Өзүңдү кармабайын мен,
Бактыңды байлабайын мен,
Өткөнгө кайрылбастан уча бер...
Жылмаям, жашыбаймын мен,
Жакшынын баары сен элең,
Жайнаган жүзүң кетпейт эсимден.

Акылдан адашкандай издейм жолумду,
Аргасыз сен башкага бердиң колуңду.
Ойлорум туңгуюкка камады мени,
Алыстап бизден кетти арзуу кемеси.
Жараланган куштай,
Жалгызмын мен учпай,
Жан дүйнөм ыйлап турат кетсең сен узай.

Кайырма:
Өзүңдү кармабайын мен,
Бактыңды байлабайын мен,
Өткөнгө кайрылбастан уча бер...
Жылмаям, жашыбаймын мен,
Жакшынын баары сен элең,
Жайнаган жүзүң кетпейт эсимден.
  • Currently 4.77/5
(35 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (32)

07.03.2017. 17:18
 Nur0701
Молодец
07.03.2017. 19:48
 Diaza
Азаматсын, чыныгы талант.Ырга клип топ келишкен.Эн сонун ++++5555
07.03.2017. 20:59
 Benazir08
Аябай жакшы болуптур. Илязга толгон анча жарашпайт экен Борончуга окшоп калат экен бою да кичине турбайбы кокуй
07.03.2017. 22:07
 Erik7777
жакшы баары дагы ушул сыяктуу клиптерди кутобуз клипке +5
07.03.2017. 22:47
 Siafan
Легенда наш!!!удачи Ильяз броо
08.03.2017. 00:59
 Begimay.emir1
Мага жакты
08.03.2017. 02:35
 Sezimim
Как всегда соонун, азаматсын Ильяз. Клиптеги баш каарман суйгунчук жигит экен.
09.03.2017. 05:53
 Zvezda.KGKG
Клипке соз жок супер клипти ыр менен бирге чыгарышыныз керек эле даа аттин... Дагы да клиптерди кутобуз жоголуп кетбей кклип тартып турун сиз ар дайым номер 1сиз кыргызстанда биз учун...
09.03.2017. 10:36
 Perishtem2011
Мага да аябай жакты.Соонун ырыда клибида.Иляз алга.
09.03.2017. 11:39
 umar.88
Ыр да супер,клип да супер!
09.03.2017. 22:31
 akashai
Сонун!жакшы ыр экен!
10.03.2017. 02:55
 nurizaa
Клипке соз жок ! Дагы сонун ыр клиптерди кутобуз!)
11.03.2017. 00:25
 kozuwka
жакты, азаматсын Ильяз
11.03.2017. 10:43
 baltabai
Jakshy maga jakty
12.03.2017. 08:12
 ainura220888
Бактынды байлабайын мен деп укмуш ыр экен. Клиптеги бала Дамир акеге окшош экен)))Кызда аябай татына экен. Кыз башым менен кызга суктандым
12.03.2017. 18:35
 nurgan
Эн соонун ыр эн соонун клип +555555
13.03.2017. 11:28
 Ilgiz97
Мага ыр абдан жакчуу клип ырдан отот супер
13.03.2017. 12:32
 bagira77
Соонун!
14.03.2017. 14:56
 ilyaz85
Азаматсын
15.03.2017. 14:58
 Alibay
Бала укмуш аткарыптыр.Чын эле оз башынан отуп жаткандай.Ильяз ушунундан жазба.Жонокой бол!
15.03.2017. 17:04
 Alixan-Nookat.2015
Сөз жок азамат чыгармачылык ийгилик каалайм!
15.03.2017. 19:13
 Mirlan.nnnnnnnnnn
Жакшы ыр
16.03.2017. 15:32
 azimova90
Эн сонун ыр ийгилик
17.03.2017. 14:37
 Umka636589
Супер баракелде
20.03.2017. 10:48
 a.raeva
Эң сонун.
23.03.2017. 01:53
 mekaaibek
A9vai sonun yr dagy klip dagy jakty il'9z iigilik saga
23.03.2017. 10:05
 Talgat_osh_zamanbap
Эң сонун, клип да абдан мааниүү
09.07.2017. 19:48
 Aziz_aka
Дан дан Дан
02.08.2017. 11:38
 uda4nik
Жакшы ыр. Клипти кызыктуу кылса болмок. Дагы жаңы чыгармаларды күтөбүз! Жоголуп кетпеңиз АЛГАА!!!
15.08.2017. 10:00
 1994jika
Соонун ыр жан дуйнондогу айта албаган создорду тапсан болот екен )
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: