Ильяз Абдыразаков "Кызганам"
Жанр:Поп
00:03:19
51,67 Мб
Жүктөлгөн: 19-08-2009


Сөзү:Алтынбек Алымовдуку
Обону:Ильяз Абдыразаковдыкы

Сагыныч сапарында,
Санаанын катыранда.
Адашып тападым,
Ак сүйүү татаалында.
Түндө ай мен да жалгыз,
Түйшөлдүм жүрөм жалгыз.
Бактыма ким болду экен,
Бал ширин сулуу ал кыз.
Ашыгып, шашылам кабарың таппай,
Бактыма ачылган кубанычка батпай.


Кайырма

Ай чырайыңды сүйүп келем,
Назаданасың жаным.
Ай кучагымды гүлүм берем,
Ой-кыялымлда самап жүрөм,
Кызганамын, жаным.
Мен сагынычта жашап жүрөм.



Жомоктой эскирбеген,
Жел окшойт жеткирбеген.
Махабат сезимдери,
Табышмак эч билбеген,
Мен ошол билбегеним,
Бактымды издегеним.
Сапарга чыктым алыс.
Жаз менен бир келемин.
Ашыгып, шашылам,кабарың таппай
Бактыма ачылган кубанычым таппай.
  • Currently 4.50/5
(10 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (19)

19.08.2009. 17:49
 Шаиста Шатманова
Кызды го жакшы эле кийинттин, озунду да жакшы карап, жасантып койсон болмок. Клип буткучо чачынды фендеп бутпой коюшту го, бечара чачтар...
20.08.2009. 06:32
 timoshek
kyzganam degenge klip dal kelbeit go,.. kyz jakty maga
20.08.2009. 18:20
 МээримКа
жакпады...
22.08.2009. 00:26
 uke
Стилине тийишип, озуно карабайт дегендерге мына сага стиль, озумду карайм деп туруп, чачын клип буткучо жасаган го.
22.08.2009. 01:57
 zzahra
r jaksh ele eken go klip bolbogon klip eken.lyastin kiymil araketi jagimsiz.
22.08.2009. 03:43
 delfin
Клип жакшы эле. Бирок ушул клиптин мазмуну башка клиптерде да коп кайталанат го: суйгон кызы улам кийинип чыгып, жигити башын чайкап улам. Бирин -бири туурай беришеби?
24.08.2009. 18:34
 МАЛЫШ
Малдеееес,дерзай дальше.Эч кимдин созуно конул бурба.Ак жол братец
25.08.2009. 12:18
 mik
Ушул бала мага такыр жакпайт. Озунчо эле жигало боло берет.
25.08.2009. 12:29
 МАЛЫШ
Талант деген мына Ильязда Ыр жазат,обон жазат,аранжировка жазат,ырдайт,бийлейт ,жонокой дагы
26.08.2009. 09:18
 ryzhak
Ааа кызды тааныдым! Иманбековдун "Карындашым" деген клибиндеги кыз экен, клипте Мирбек аны алдай берет го, ошол кыз экен, хе-хе!!!
26.08.2009. 09:20
 ryzhak
Тамаса клип го, анчалык эмне ойлонду...
26.08.2009. 09:21
 ryzhak
Ильяз боюнча... баягы эле кыймылдар, каштары ойноок экен! Ыр жакшы, клип дагы орточо денгээлде...
11.05.2010. 01:44
 sakura
malo4ik maliwtin baardik irlari hit. antkeni al super ir4i mirza.
27.08.2010. 15:01
 Nelya
"Mina mes saga dep turup,men chach tarachta momuntip oturam,kordunorbu?Anan kiyim algan jerde momuntip biyleym,irimdin tekstine klip tuura kelbese maga chin jurokton baari bir men ozum jirgasam boldu da"dep tartip koygon go ya?=(
27.08.2010. 15:04
 Nelya
ha ha ha ayagi sonun turbaybi,men ayagina cheyin korboy ele komentariy jazip koygon turbayinbi,wumdugun kur.
06.05.2011. 22:53
 SOLITARY
Ырдын создору менен клиптин мааниси аябай алыс го..тушунгон жокмун деги??
09.07.2011. 20:26
 masr88aza
Клиптеги кыздын аты-жонун ким билет? Айтып койунуздарчы сураныч!
30.12.2011. 01:52
 tekila
клиптеги кыз - Асель Кадырбекова. Бул телеалыпбаруучу болуп жургон кези экен, азыр озу ырчы го. супер инфонун медиапорталынан издеп тапсаныз болот.
30.09.2012. 22:04
 Debi
Бирөөнү сүйгүсү келип жүрсө машинасына сулуу кыз түшө калып, кыялданып ийбедиби. Клипте көрсөтүлүп эле турат го. Чачын жасап жатканын кечке көрсөткөнү эле бузуп коюптур. Болбосо сонун эле экен. Чачын жасалгаласа ого бетер мотурайып, соооонун болуп калат экен! Өсө бер Ильяз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: