Омар "Тамчы кыз"
Жанр:Поп
00:03:23
51,65 Мб
Жүктөлгөн: 22-12-2014


Сөзү:К.Качкынбаева, Омар
Обону:Омардыкы

Өзгөрүлүп аалам күндөн-күн,
Баалуулугу түшүп дүйнөнүн.
Азгырык да сенин айланаң,
А, сен кызысың таза дүйнөнүн.
Ар ким айтса сүйгөнүн,
А, сенин китеп сүйгөнүң.
Мээримге толгон жүрөгүң,
Сен деп жүрөмүн.

Кайырма:
Кандай кыз сага теңелет,
Уялганың керемет
Периштедей сезилет
Тазалыгың жактырам,
Адебиңе суктанамын,
Ашыгам, тартылам.

Апакеңдин аппак сүтүндөй,
Аруулугуң калса эч ким түшүнбөй.
Сен аларга көңүл бурбагын,
Бийиктигиң, баркың түшүрбөй
Ар ким айтса сүйгөнүн,
А, сенин билим сүйгөнүң.
Ыйманга толгон жүрөгүң,
Сен деп жүрөмүн.
  • Currently 4.33/5
(39 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (42)

22.12.2014. 23:48
 anila
Сонун клип болуптур..ыры да абдан жакшы болуптур...
23.12.2014. 00:03
 Lenovo.A325
мааниси жок! ырдын аталышы ырына дал келген эмес,клиби болсо коп чыгым кетиргиси келбегенби жонокой эле,кыскасы айтарым аракетинди кучот Омар.
30.04.2016 16:17
nurzhaz
Lenovo.A325,
23.12.2014. 02:09
 ggvatua
клип сонун
23.12.2014. 07:44
 kunduz0702
Azamatsyn Omar menin kyialymdagy jigit. baktyluu bol
23.12.2014. 07:53
 luch.sveta
сонун чыгыптыр
23.12.2014. 08:29
 Ayimay
как же обожаю его...(
23.12.2014. 09:03
 bela77
Клип атылып кетиптир, Омардын денгээли эмес....
23.12.2014. 10:28
 tebessum
Ayagynda Sonsuz Nur du okup atkany ozgocho boluptur. Baaluulugu jogoru kitepterdin biri...keep up...
23.12.2014. 12:47
 ayana95
Ыр аябай жакты бирок, клибин башкача болот деп элестеткем.
23.12.2014. 14:12
 melek1
vaybeeee molodec!!!!!
23.12.2014. 14:39
 lionna
Таластын Маданият деген жеринен жарандар барбы бул жерде? Болсо мага жооп берип коюнуздарчы сураныч.
23.12.2014. 21:30
 Zari2013
создору аябай жакшы экен.
24.12.2014. 16:46
 bliznesy
Баракелде Омар.
25.12.2014. 02:26
 burusli91
Омар дуйнону дунгурото турган ырчы болосун,егер кучту бай продюцер болсо сага билинип эле турат
25.12.2014. 16:37
 aika_happy
Эн сонун тартылыптыр,идеясы жакшы экен.
26.12.2014. 03:09
 youngyoung
Клип орто эле, бирок ырдын обону ото эле супсак... Кыргызстан деген ырынан отоору жок экен.
26.12.2014. 09:25
 jasi
Омар издеген периштесин жолуктурган окшоойт )
Клип мыкты денгээлде тартылыптыр
28.12.2014. 14:34
 sneg88
кандай ырахат аласын эгерде жакшы ырга озуно дал келген сонун клип тартылса. Буюрса Омар да озу ырдагандай тамчы кызга жолугуп бактылуу болсун, себеби ал татыктуу жигит:)))))
29.12.2014. 10:45
 Aksy-13
клиптин сапаты начар балким Эрнист Сыдыков тартса оригиналдуу чыгат беле, тунук болбой калган бозоруп, бул кемчиликти ОМАР туура тушунуп жакшы дагына багыт алат деп ойлойм.
30.12.2014. 16:20
 shutUP
ахах ыр клип жакпаса кыздардын баары жакты дептир го, менимче баары фанаткалары окшойт, а клип да ыр да фуфло, бир укканга болот
21.01.2015. 03:31
 Rozalia
Клиптеги Айсулуу чынында татынакай кыз."Оштуктун 11досу"киносунда да жакшы аткарыптыр.Клипке жакшы баа берем,а ырдын текстин жакшы иштеп чыгышса болмок.Кыз кишиге арналган жакшы создор бар экен,бирок,уйкаштыктар жакшы болбой калыптыр.Кундуз эже жакшы эле жазчу эле го ырларды
24.01.2015. 23:22
 dastan_nookat
Ыймандуу кыздарга арнаптыр жакшы!
25.01.2015. 02:19
 topchugul
men bul yry 4ykkandan kiyin ozunun kyialyndagy kyzdy tapkan go dep oilodum. owondoi beken??
09.02.2015. 19:31
 brunette
Соннунле клип болуптур
15.03.2015. 09:21
 Afina
Эн сонун! Абдан жакшы ыр дагы клип дагы! Азаматсыз Омар байке. Рахмат жагымдуу ырыныз учун.
08.04.2015. 01:28
 balaary
Кыз мн Омурбек экоо аябай параго)))
16.04.2015. 16:59
 Patriotbek
хахго
29.04.2015. 13:26
 meerim94
арбир текс озунчо мааниге ээ экен! рахмат Омар байке ушундай ырларды жарата бергиле! чыгармачылык ийгилик мынданда сонун ырларды кутобуз!!!!! азаматсыз!Кандай кыз сага теңелет,
Уялганың керемет
Периштедей сезилет
Тазалыгың жактырам,
Адебиңе суктанамын,
Ашыгам, тартылам.деген создору аябай жакты
27.05.2015. 17:48
 dastan_nookat
Жылдын клипбин болушун каалайт элем!!
17.04.2016. 01:53
 adidas
sonun yr klipkeda soz jop super chygarmachylyk iygilik
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: